“Азаттыктын” кабарчысы Рон Синовиц АКШ армиясынын үчүнчү жөө аскер дивизиясынын бригадасын коштоп жүрөт. Ал 30-мартта билдиргендей, коалиция күчтөрү Кербала деген шаарга жакындап калышты:
- Бүгүн АКШнын үчүнчү жөө аскер дивизиясы түндүк Иракты көздөй жылды. Ирак республикалык армиясынын Кербала шаарынын чет жакаларындагы позициялары эки күн бою абадан соккуга алынды. Ирактын күчтөрү өткөн аптада Багдаддан Кербаланы көздөй жылган.
Аталган шаар Багдаддан 75 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кербала шийит мусулмандардын зыярат кылуучу жайлары менен даңазалуу. Бир кездери бул жерде шийиттер үстөмдүк кылчу, бирок 1991-жылы Саддамдын режимине каршы чыккан көтөрүлүш айоосуз басылгандан кийин, алар үйлөрүн таштап кеткенге аргасыз болушкан.
Кербаланы ээлөө АКШ армиясынын артиллериясына баш калааны курчап турган Ирак армиясынан 10 чакырым эле алыстыкта жайгашууга мүмкүндүк бермекчи.
Кошмо Штаттарынын согуш учактары менен “Апачи” тик учмалары каршы тараптын Кербала тилкесиндеги танктарын бутага алууда. Аталган тилке шаар менен көлдүн ортосундагы чөлдүү аймакта жайгашкан.
Калаага жакындоо операциясы маалында АКШ аскерлери 50 Ирак жоокерин туткундаганы айтылууда. Чабуулга танкка каршы А-10 үлгүсүндөгү учактар менен Ф-15 кыргын учактары камтылды. Кабарчыбыз Синовицтин маалыматында Ирак армиясына таандык советтик Т-55 танктары өлкөнүн түндүк-чыгышын көздөй чегингени айтылат.
“Азаттыктын” дагы бир кабарчысы Чарлз Рэкнегл Басра портуна жакын жерден жиберген кабарында шаардын айланасындагы кырдаал жөнүндө баяндайт. Умм Каср, Сафван өңдүү согуш аймагынан качып, үй-жайларын таштап кеткен калк эми коалициянын көзөмөлүндөгү шаарларга кайтууда. Алар үйлөрүнө кайтып барыш үчүн Британ аскерлеринин аз-Зубаирдеги бекетинен өтүшү керек. “Сааттап кезек күткөн автоунаалардын көпчүлүгү жалданма такси”, - дейт кабарчыбыз.
Элди сөзгө тартуу дээрлик мүмкүн эмес, журналисттер менен баарлашуудан көпчүлүк баш тартууда. Бир четинен, алар Багдад өкмөтүнүн журналист деген атка жамынган агенттеринен коркушса, экинчи жагынан коалициянын чалгындоо кызматтарынын өкүлдөрү менен да беттешкиси келбейт.
Бирок кабарчыбыз бирин-экин айдоочуну сөзгө тартып, алар менен маектешүүгө мүмкүндүк алды. Көпчүлүгү Басраны өз эрки менен таштап кетип жатышканын, Ирак аскерлери аларга тоскоол кылбаганын айтып беришти. Багдад режиминин көзөмөлүндөгү аймактарды таштап, чет өлкөлүк аскерлердин астындагы жерге кайткандан кооптонбойсуңарбы деген соболго айрымдары: “Биз, ирактыктар, мындай тез өзгөрүүлөргө көнгөнбүз. Бул биздин биринчи согушубуз эмес”, - деген жооп узатышты дейт кабарчыбыз Рэкнегл.
Маектешкендердин бирөө бир апта мурун Умм Касрдан качып, Басрадан баш паанек издеп келгенин баяндап: “Басрадан көп деле киши кеткен жок. Биз Умм Каср шаарынан болобуз. Шаарга чабуул башталганда качканбыз. Азыр болсо үйүбүзгө кайтып кетүү кооптуу эмес деп уктук. Ошондуктан өз жерибизге кетип баратабыз”, - деди.
Аталган калаа азыр толугу менен коалициянын көзөмөлүндө. Британдык аскерлер шаарды үймө-үй кыдырып, бийликтеги Баас партиясынын мүчөлөрүн издеп жатышат.