Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Нидерландынын Хельсинки комитетинин өкүлү Кыргызстанда бир катар жолугушууларды өткөрдү


БИШКЕК. Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов Нидерландынын Хельсинки комитетинин лидерлеринин бири Ари Блудду кабыл алды. Анда К.Осмонов өлкөдөгү демократиялык реформалардын жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Нидерланд тарап Кыргызстандагы абак, сот системасындагы жана тартип коргоо органдарындагы маселелерди чечүүгө салым кошууга даярдыгын билдирген. Ари Блуд Бишкекте Кыргызстандагы адам укугун коргоо комитетинин, «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын жана Кыргызстандын Хельсинки тобунун өкүлдөрү менен да жолугушкан.

XS
SM
MD
LG