Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:14

ИРАК МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛОО ҮЧҮН КОЛИН ПАУЭЛЛ ТҮРКИЯГА ЖӨНӨДҮ


Нарын АЙЫП, Прага Ирак согушу башталганына 13 күн толду жана ал канчага созулаары белгисиз. Америкалык жетекчиликтин айтымында, аскерий аракеттер пландагыдай жүрүп жатат жана жакын арада Багдад шаары курчоого алынат. Ирак жетекчилигинин айтканына караганда, коалициялык күчтөр оор жоготууларга дуушар болууда жана алар карапайым калкты өлтүрүп жатат.

"Ройтерс" маалымат агенттигинин эсебинде, 12 күндүн ичинде Ирактагы согушта жетимиштен ашык америкалык жана британиялык аскер курман болду, бирок алардын отуз бири - согушта эмес, ар башка кокустуктардан өлдү. Мисал үчүн, америкалык ракеталар жаңылыштык менен британиялык тик учмаларга тийген же жоокерлер кокусунан өз аскерлерине каршы ок аткан. Андан тышкары, 17 америкалык аскер азырынча дайынсыз жок жана 106 адам жараат алган.

Ирак жетекчилигинин айтымында болсо, кээ бир курман болгон америкалык аскерлердин денелери согуш майданында көмүлбөй калып жатат жана бул - коалициялык аскерлер өтө оор абалда экенинин белгиси. Бирок Ирак тарап өзүнүн канча аскери курман болгонун так айтпайт жана негизинен карапайым калк арасындагы жоготуулар тууралуу гана билдирет. Багдаддын айтымында, 20-мартта согуш башталгандан бери алты жүзгө жакын адам курман болуп, төрт жарым миңден ашык киши жараат алды.

31-март күнү болсо, Нажаф шаарынын алдындагы көзөмөл түйүнүндө америкалык күзөтчүлөр жети карапайым адамды атып өлтүрдү, алар негизинен аялдар жана балдар болчу. Мурда да мындай кокустуктар болгон, бирок бул жолу Пентагон күнөөнү дароо мойнуна алды. АКШнын Аскерий күчтөрүнүн биргелешкен ордосунун башчысынын орун басары генерал Питер Пэйстин айтымында, америкалык аскерлер эч ката кетирген эмес: "Машине күтүүсүздөн көзөмөл түйүнүнө жакындай баштаган. Ага "Токто!" деген буйрук берилгенде, токтогон эмес. Аскерлер машине тарапка ок атканда дагы ал токтогон жок. Андан соң аскерлер машиненин моторуна да ок аткан, анда да машине токтогон эмес жана аскерлер анын өзүнө ок атууга мажбур болгон."

29-март күнү бир ирактык жаран машине менен америкалык көзөмөл түйүнүнө келип, өзүн-өзү жардырып, төрт аскерди өлтүргөн жана ошол учурдан кийин күзөтчүлөр башка машинелерди өзүнө жолотпой калган. 1-апрелде дагы АКШ аскерлери Шатра шаарынын алдында бир куралчан ирактыкты атып өлтүрдү. Америкалык жетекчиликтин айтымында, азыр салгылашуулар Багдад шаарынан 80 чакырым алыстыкта жүрүп жатат жана ирактык аскерлер арасында ири жоготуулар бар, ошондуктан жакын арада борбор калаа курчоого алынат.

1-апрелде АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Түркияга учуп чыкты. Анын басма сөз боюнча жардамчысы Ричард Баучердин айтымында, Түрк жетекчилери менен талкуулап чече турган маселе көп: "Анкарага баруунун себеби - Түркия биздин маанилүү шеригибиз жана биз аны менен бир топ нерселерди жасоого тийишпиз, кошуна Ирактагы абалды талкуулаш керек, мисал үчүн Ирактын келечегин, эң негизгиси болсо, эки тараптуу кызматташуу багытындагы маселелерди чечиш керек. Түркиянын ички экономикалык абалы дагы биз үчүн өтө маанилүү жана талкуулана турган абдан көп башка маселе да бар. Бул өлкө биздин негизги шеригибиз, ал өтө орчундуу аймакта жайгашкан жана азыркы мезгил дагы өтө орчундуу".

АКШ азыр Ирактын түндүгүнө парашют менен аскер түшүрүп, экинчи фронт ачууга даярданууда. Эгер Түркия өз аймагын америкалыктар үчүн ачып берсе, АКШ аскерлери Иракка түндүктөн да кире алмак, бирок Анкара ага азырынча барган жок жана америкалыктар үчүн өз аба мейкиндигин гана ачып берди.

XS
SM
MD
LG