Ошентип, жаңы отчетунда Кошмо Штаттары Иракты "эң олутту укук бузуучу" деп бөлүп көрсөттү. Отчет менен тааныштырып жатып, Мамкатчы Колин Пауэлл мындай деди:
- Саддам Хусейндин режими -- өз жарандарынын укуктарын өлчөөсүз бузган, эл аралык тынчтыкка жана стабилдүүлүккө зор коркунуч келтирген өлкөнүн классикалык үлгүсү.
Мамкатчы ошондой эле буларды кошумчалады:
- (Ирактан) айырмаланып, адам укуктарын кастарлаган өлкөлөр эл аралык коопсуздукка жана бейкуттукка огожо болушат.
Отчетто Ирактын жарандары оппозициячыл топтор менен байланышы үчүн гана өлүм жазасына тартылаары, "чыккынчы" деп айыпталган адамдардын дайынсыз жоголушу, өлтүрүлүшү жана кыйноого алынышы үчүн Саддам Хусейндин өкмөтү жоопкер экени, шийит жамаатынын лидерлери куугунтукка туш келип, метр болгон учурлар кездешээри айтылат.
Отчетто көрсөтүлгөндөй, терроризмге каршы АКШ баштаган согуштун аркасы менен 2001-жылы талибан режими кулаган Ооганстанда адам укуктары кескин жакшырды. Ошол эле убакта, бул өлкөнүн коопсуздук күчтөрү өз билгениндей киши өлтүргөн, абактагылар кыйноого алынган учурлар бар. Жергиликтүү кол башчылар улуттук азчылыктардын өкүлдөрүн кысымга алууга жол берип келатышат.
Талибдер кулагандан кийин, аялдар паранжыдан баш тартууга, мамлекеттик кызматтарда, мугалим болуп же эл аралык уюмдарда иштөөгө мүмкүндүк алышты. Бир эле мезгилде аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүү жана дискриминациялоо зор проблема бойдон кала берүүдө.
Кошмо Штаттары Борбор Азиядагы кырдаалга кандай баа берет? Отчеттун авторлорунун бири, Мамкатчынын демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Лорн Крейнер терроризмге каршы согушта колдоо көрсөткөн борбор азиялык жумурияттарга АКШ жардамын 2-4 эсе көбөйткөнүн белгиледи. Бирок АКШнын жаңы союздаштарында жарытаарлык жылыш жок, - дейт ал:
- Ондогон жылдардан берки калыптанган советтик стилдеги саясий маданият бир түндө өзгөрүп кетпейт. Биздин отчетто адам укуктары Борбор Азиянын беш өлкөсүндө тең начар сакталып жаткандыгы айтылат.
Документте Түркмөнстан "адам укуктары өзгөчө начар" болгон өлкө деп мүнөздөлөт. Кырдаал былтыр ноябрда президент Ниязовго кол салуудан кийин ого бетер начарлады. Казакстанда маалымат каражаттарында мамлекеттик жетекчилик чөйрөсүндөгү коррупция тууралуу материалдар жарык көргөндөн кийин, сөз эркиндигин басмырлоо күчөгөн. Ошондой эле оппозициянын айрым лидерлерин куугунтуктоо орун алууда.
Отчетто Өзбекстанда саясий оппозициянын укуктарын бузуу токтой электиги айрыкча сынга алынат жана түрмөлөрдө кеминде 6 жарым миң саясий айыпкер отурганы белгиленет. Ошол эле убакта көз карандысыздыктын жылдарында биринчи жолу оор укук бузуулар үчүн тогуз коопсуздук кызматкери соттолду жана адам укуктарын коргогон бир уюм каттоодон өттү.
Кыргызстанда мезгил-мезгили менен оппозициячыл гезиттер чыкпай калат, "адамдын аброюна шек келтирген" деп журналисттерди доого жыгуу токтобой келет. Бирок, Мамдепартамент Кыргызстанда маалымат каражаттарын колдоо борбору ачылганын жана адам баласын соодалоого каршы чара көрүлүп жатканын оң жылыш деп мүнөздөгөн.
Тажикстанда адам укуктарынын абалында олуттуу жылыш байкалган жок.
Мамдепартаменттин жылдык отчету 196 өлкөнү камтыйт, бирок АКШнын өзүндөгү адам укуктарынын абалына баа берилбейт. Айрым өкмөттөр муну алардын ички ишине кийлигишкен эки жүздүүлүк деп эсептешет. Эл аралык Мунапыс уюму да Вашингтондун түпнегиз укуктарды коргоп, бирок АКШнын терроризмге каршы согушунун кесепеттерин эсепке албаганын сындады.