Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:10

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН ЧЕЧИМДЕРИ САЯСАТЧЫЛАРДЫ КАНААТТАНДЫРДЫБЫ?


Коопсуздук Кеңешинин 31-марттагы чечимине ылайык өлкөдө эми Коррупцияга каршы саясат агенттиги жана Мамлекетти ак ниет башкаруу боюнча улуттук кеңеш түзүлүп, атайын стратегия даярдала турган болду. Ал эми коррупцияга каршы күрөштү жөнгө салуу милдети толугу менен Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө жүктөлдү. Коопсуздук Кеңешинин мындай тыянагына саясатчылар кандай көз карашта?

Коопсуздук Кеңешиндеги келтирилген мисалдарга караганда, коррупция азыр мамлекеттик башкаруудан тартып, экономикага чейин өлкөнүн бардык тармактарын ээлеп алды. Маселен, премьер-министр Николай Танаев бул тууралуу мындай деди:

- Коррупция коомчулуктун алдында мамлекеттик бийликтин аброюн, эл аралык аренада өлкөнүн баркын кетирип атат. Демократиялык түзүлүштү артка тартып, мамлекеттик программалардын натыйжалуулугун төмөндөтүп, өлкөнүн коопсуздугун жана улуттук кызыкчылыкты кооптуу жагдайга түртүүдө.

Бирок Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Калык Иманкуловдун Коопсуздук Кеңешинде айтылган пикирине караганда, тартип коргоо органдарынын жазалоочу механизмдери аркылуу коррупциядан кутулуу бүгүнкү рынок заманында мүмкүн эмес. Ошондуктан системалуу чараларды көрүш керек. Алардын катарында мамлекеттик кызматчылардын коррупцияга аралашышын чектеген аракеттерди иштеп чыгуу зарыл:

- Мамлекеттик кызматчылардын кызматка дайындалышын, которулушун, кетишин, айрыкча анын себептерин аныктоо маселесин карап көрсө болоор эле. Себеби кайсы бир мамлекеттик кызматкер алгылыксыз себеп менен кызматтан бошонуп, башка тармакта ошондой эле же андан жогору тепкичтеги кызматка орношкон жагдайларды жокко чыгара албайм, - дейт К. Иманкулов.

Коопсуздук Кеңешинин ушундай көз караштардын жана сунуштардын негизинде кабыл алынган бүтүмүнө азыр саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин пикирлери бирдей эмес. Маселен, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаровдун ою боюнча, коррупцияга каршы күрөштү жогорку бийлик өзүнөн башташ керек. Бирок ага президенттин эрки жеткен жок.

- Коррупция бийлик бутактарында отурса программа, план түзүп алып алар кимди жазалашат? Президент гана эрктүүлүктү көрсөтүшү керек болчу. Коррупция кимде экенин, кадр маселеси кантип чечилип атканын, аткезчилик жүк кантип кирип жатканын ал абдан жакшы билет, - дейт Бекназаров.

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун администрация башчысы Токон Шайлиева Коопсуздук Кеңешинин чечимин жактырып эле жөн болбостон, аны ишке ашырууга коомчулукту чакыруу зарылдыгын белгиледи:

- Президенттин идеясы абдан чоң маселе болуп атат. Муну баарыбыз колдошубуз керек. Коррупция кирбеген жер жок.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Махмуд Күчүков президент Аскар Акаев баштаган бул демилге туура экенине бекем ишенет:

- Президент коррупцияга каршы көрүп аткан чараларды колдогондон башка айтаарым жок.

«Жарандык биримдик» коомдук бирикмесинин төрагасы Жыпар Жекшеев турмушка терең сиңип, бийликке, Өкмөт Үйүнүн жетинчи кабатына чейин жетип, орноп калган коррупцияны агенттик, кеңеш же дагы башка уюм деңгээлиндеги кезектеги аракеттер менен жок кылуу мүмкүн эмес деген ойдо:

- Биз мамлекеттин башында турган бийликтин өзүн тазаламайынча бийликтин алдында турган структураларды, бюджеттик мекемелерди, ишканаларды, министрликтерди, тармактарды, ошондой эле бардык укук коргоо органдарын, сот бийлигин жана башка бийлик органдарынын бутактарын эч качан тазалай албайбыз. Себеби, булардын баары пирамида болуп түзүлүп калган.

Ал эми «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев азыркы бийлик буга чейин кеткен аброюн калыбына келтирүү максатында гана ушундай пропагандалык кадам жасап жатканын белгилеп, коррупцияга малынган бийлик башчылары өздөрү менен өздөрү эч качан күрөшө албай тургандыгына мындайча токтолду:

- Бул жерге Кытай, Орусия же Америка келип коррупция жасаган жок да. Коррупция биздин чиновниктердин арасында болуп атат. Азыр ушул эле курам өзү менен өзү күрөшкөндөй жагдай түзүлүп атат. Мен мындайды колдобойм.

Ой бөлүшкөндөрдүн дээрлик бардыгы Кыргызстанда коррупция балдар бакчаларынан тартып бардык чөйрөнү ээлеп тургандыгын белгилешти. Коопсуздук Кеңешинин чечимдерине кайчы көз караштар бул жагынан бири-бирине дал келди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG