Ирак кризиси туу чокусуна жетип турган кезде Питер Арнетт Багдадка жөнөп кетти деген кабарды уккан журналисттер“Демек согуштун башталаары анык болуп калган экен”, - деп тамашалашкан эле. Чындап эле теги жаңы зеландиялык Арнетт өмүрүнүн жарымын уруш же жаңжал аймактарында өткөрдү десек жаңылышпайбыз. 1975-жылы Сайгон коммунисттерге кулаганга чейин ал Вьетнам согушун чагылдырып жүрдү. Ошол репортаждары үчүн АКШнын адабият жаатындагы эң жогорку сыйлыгы болуп эсептелген Пулитцер сыйлыгына татыктуу да болду.
Ирандагы барымта кризиси, Гвианадагы кызыл кыргын, Сальвадордогу саясий жана аскерий кризис, Эфиопиядагы ачкачылык жана ушул сыяктуу башка окуялар жөнүндө америкалыктар Питер Арнеттин “Ассошейтед Пресске” жазган макалаларынан, андан кийин 1981-жылдан тарта - CNNдеги репортаждарынан маалымдар болуп турду.
СССРдеги кайра куруу башталганда журналист каналдын Москва бюросунун жетекчиси катары Союздагы тарыхый өзгөрүүлөр жөнүндө биринчилерден болуп кабарлаган.
1991-жылы Перс булуңундагы согуш башталганда Арнетт СNNдин номер биринчи кабарчысы болуп калды. Анын түз эфирдеги жандуу, объективдүү репортаждары баарына эле жага берген жок. Ал кездеги президенттин администрациясы журналистти үгүткө ооп кетти деп айыптаган. Багдадда биологиялык курал заводу деген шылтоо менен балдардын тамак-ашын чыгаруучу фабрика бомбаланды деген Арнеттин кабары АКШнын аскер жетекчилигинин кескин нааразылыгын туудурган.
1999-жылы СNN Арнеттин Белграддагы согушка жиберүү жөнүндөгү суранычын четке каккан соң, ал CNNдеги 18 жылдык ишине чекит койду. Журналисттин “Өлүм өрөөнү” деген даректүү тасмадагы ролу да чоң чуу чыгарган. Арнетт анда АКШ куралдуу күчтөрүнүн 1970-жылда Лаосто өткөргөн жашыруун операциясы жөнүндө баяндаган. Вьетнамдан Лаоско качкан америкалык дезертир жоокерлерди жок кылуу үчүн зарин аттуу уулу газ тымызын пайдаланылганы ачыкка чыккан соң, тасма көз карандысыз текшерүүдөн өткөн. Адистер журналист таянган маалыматтар толук, ар тараптуу материалдарга негизделгенин айтышканы менен, тасманы экранга чыгарбоо ыңгайлуурак деп чечим кылынган, - делет “Ассошейтед Пресстин” Арнеттке арналган серебинде.
Арнетт NBCнин сателиттик каналы тарабынан “Нэшнл Жеографик эксплорер” деген берүүнү даярдоо үчүн Багдадга жөнөтүлгөн. Аталган каналдын кабарчысы коопсуздук маселелерге байланыштуу Иракты таштап кеткенде, NBC жетекчилиги Арнеттке согуштун жүрүшү жөнүндө репортаждарды даярдап берүүнү өтүнгөн.
Жекшемби күнү журналист жергиликтүү сыналгыга интервью берип, АКШнын согуш планы үзгүлтүккө учурады деди:
- Кошмо Штаттарынын өзүндө согуштун жүрүшү боюнча президент Бушка карата сын пикирлер көбөйүүдө. Согушка каршы болгондордун саны да улам өсүүдө. Карапайым калк арасындагы курмандыктар жана Ирак күчтөрүнүн туруштугу жөнүндөгү биздин кабарларыбыз айланып барып Америкага жетет жана согуш менен азыркы саясатка каршы чыккандардын жүйөөлөрүн бекемдөөгө жардамдашат.
NBC жетекчилиги алгач журналисттин сөзүн “аналитикалык көз-караш” деп коргоого алды, бирок тасманы дагы бир жолу көрүп чыгып, жетекчилик Арнетти ишинен бошотуу жөнүндө чечимге келди. “Ал өзүнүн жекече ой-пикирин маекте шардана кылып, жаңылыштык кетирди,” - деп айтылат NBС каналынын кабар бөлүмүнүн башчысы Нил Шапиро жарыялаган билдирүүдө.
Бирок журналист көпкө жумушсуз калган жок. Британиянын “Дэйли Миррор” басылмасы аны ошол эле күнү өз кабарчысы кылып жалдап алды. Арнеттин айтымында, ал жекшемби күнкү маегинде согуш жөнүндө баарыбызга белгилүү болгон нерселерди гана айткан.
Айтмакчы, дүйшөмбү күнү Пентагондун кысымы алдында Фокс Ньюс каналы да Ирактагы кабарчысы Геральдо Ривера менен кош айтышууга мажбур болду. Риверага өз репортажында АКШ армиясынын позициялары тартылган картаны көрсөтүү менен аскерий операциянын коопсуздугуна шек келтирген деген кине тагылууда.
Деги, батышта Ирак согушун чагылдыруу жаатында цензура киргизүү аракеттери байкалабы? АКШда жана дүйнөдө согушка карата пикирлер кандайча ар түрдүү болсо, ошондой эле бул суроо боюнча да бир беткей жооп угууга мүмкүн эмес.