Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

ЖАКЫНДА БАГДАД ҮЧҮН САЛГЫЛАШУУ БАШТАЛЫШЫ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага Америкалык жана британиялык аскерлер чабуулун бекемдеп, Багдад шаарына жакындап калды. Кээ бир саясатчылардын айтымында, азыр коалициялык күчтөр Ирактын борбор калаасы үчүн салгылашууга даярданууда, ошондуктан жакын арада согуш майданында чечүүчү окуялар башталат.

2-апрелдеги салгылашуулар Багдад шаарынан жүз чакты чакырым алыстыктагы Кербела менен Кут шаарларынын алдында болду жана Пентагондун айтымында, Ирактын Республикалык гвардиясынын "Медина" жана "Багдад" аттуу эки дивизиясынын күчү кеминде эки эсеге азайды, анткени алардын көптөгөн танк жана башка техникасы кыйрады.

Багдаддын батышындагы Дивания шаарынын алдында дагы оор салгылашуу болду, америкалык тараптын айтымында, кеминде 75 ирактык аскер өлтүрүлүп, дагы 40 адам туткунга алынды. Британиялык аскерлер болсо өлкөнүн түштүгүндөгү Басра шаарын курчоону улантууда жана Умм Каср портун толугу менен өз көзөмөлүнө алды. Австралиянын коргоо министри Роберт Хиллдин айтымында, согуш азыр чечүүчү чегине жетти, анткени эми Багдад үчүн салгылашуу башталат.

1-апрелде болсо Багдад сыналгысы аркылуу президент Саддам Хусейн Ирак элине кайрылды, бирок анын сөзүн башка бирөө окуп берди: "Алар менен согушкула. Биз жеңишке жетебиз. Биз азырынча өз аскерибиздин үчтөн биринин гана күчүн пайдаландык, кылмышкерлер болсо Иракка каршы агрессияда бардык мүмкүн болгон куралын колдонууда. Алар баары бир максатына жетпейт, кудай бизди колдойт жана согушта биз жеңебиз".

Кайрылууну Саддам өзү окубаганын кээ бир эксперттер - согуштун биринчи эле күндөрүндө ал же курман болуп, же оор жарат алганы менен түшүндүрүүдө, бирок америкалык Ак үйдүн басма сөз катчысы Ари Флейшердин айтымында, Саддам тирүү же өлгөн экендиги тууралуу Вашингтондо так маалымат жок жана ал ага өтө деле кызыкпайт.

Ирак жетекчилиги тарабынан акыркы күндөрдө америкалыктар тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү сунуш кылды деген да маалымат тарады, бирок АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд аны дароо четке какты: "Саддам Хусейндин режими тарабынан эч ким менен эч кандай сүйлөшүү болгон жок. Бул согуштун жыйынтыгында Саддам режими эч кандай шартта бийликте калбайт. Анын мезгили бүттү. Бул режим менен биз бир гана нерсени - алардын эч кандай шартсыз багынып беришин талкуулашыбыз мүмкүн".

Апрелдин биринен экисине караган түнү болсо америкалык атайын аскерий топ Насирия шаарындагы ооруканага чабуул жасап, анда жаткан америкалык аскер кызды бошотту. 19 жашар катардагы жоокер Жессика Линч 23-марттагы салгылашууда жарат алып, ирактыктардын туткунуна түшкөн. Эки аптанын ичинде 17 коалициялык аскер туткунга алынган жана азыр дайынсыз жок деп эсептелинет. Бардыгы болуп согушта жетимиштен ашык америкалык жана британиялык аскер курман болду, бирок акыркы салгылашуулардын жыйынтыгы чыгарыла элек.

АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл 1-2-апрелде Түркияда болуп, анын жетекчилери менен Ирак маселесин талкуулады. Пауэллдин айтымында, Ирактын түндүк аймактарына Анкара башка аскер жибербеши керек, анткени эгер күрддөр менен жаңжал чыгып кетсе, согуштун ичинде согуш башталышы мүмкүн.

Ирак тараптын айтымында, 1-апрелдеги бомбалоодон Багдад алдындагы Хилла шаарында эле кеминде 33 карапайым адам набыт болду. Сауд Арабиянын тышкы иштер министри, ханзада Сауд Ирак жетекчилигине кайрылып, элди кыйнабаш үчүн, Саддам Хусейн багынып берсе жакшы болот эле дегенде, Ирактын вице-президенти Таха Яссин Рамадан ага ачык эле акаарат айтты.

XS
SM
MD
LG