Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

САРЫБУЛАК ТРАГЕДИЯСЫНЫН СЕБЕПТЕРИН ИЛИКТӨӨ УЛАНТЫЛУУДА


Кыяс Молдокасымов, Бишкек 27-мартта Кочкордун Сарыбулак айылына жакын жерде кытайлык 21 жарандын белгисиз адамдар тарабынан тонолуп, өлтүрүлүп, отурган автобусу менен кошо өрттөлүшү өлкөнүн тартип коргоо органдарын бир топ түйшүккө салып койду. Учурда иликтөө иштери уланууда. Айрым маалыматтарга караганда, бул кайгылуу окуянын учугу чубала баштаганы менен, мындай мыкаачылыкка баргандар кармала элек. Адамдын үшүн алган бул окуя эки өлкө ортосундагы мамилеге олуттуу таасир эте албаганы менен, бир топ кооптондуруп койгондой болду.

Теңиртоо аймагы аркылуу байыртадан Чыгыш менен Батышты байланыштырган Улуу Жибек Жолу өткөн. Жергиликтүү эл кыйма-чийме каттаган соодагерлерге ар убак аяр мамиле жасашып, алардын коопсуздугу үчүн кам көрүп, меймандос мамилеси менен өзүнө тартып турган. Айрым учурларда соода жолдогу чыр-чатактуу окуялар талаш-тартышты жаратып, ортодогу мамилеге өз таасирин тийгизип да турган. Соода жолдоруна огожо болсун деп Кокон хандары мерчемдүү жерлерге сепилдери менен чептерин курушкан. Атаке бийдин Орусияга жиберген алгачкы элчилери «орус соодагерлери тонолду» деген шылтоо менен өз мекенине жетпей Оренбургда айлап-жылдап кармалган. Булардын баары - өткөн тарых. Ал эми азыркы учурда да кошуналар тарабынан соода-сатык иштерине маал-маалы менен жасалган айрым тоскоолдуктар ортодогу мамилени чыңалтып, элдин нааразычылыгын жаратып жатканы коомчулукка маалым. Казакстанга, Өзбекстанга, Орусияга кытай товарларын ташып, соода-сатык менен алектенген кыргыз жарандарына жасалган тоскоолдуктар, алардын таланып-тонолгону тууралуу маалыматтар күн сайын угулуп турат.

Бирок 27-марттагы окуяны булар менен салыштырып болбойт. Эгемендүүлүк жылдарында мындай алаамат окуяга өлкө дуушар боло элек болчу. Айрыкча акыркы эки жылдан бери чек ара маселесиндеги талаш-тартыш өлкөнүн саясый абалына таасир этип жаткан учурда мындай каргашалуу окуянын болушу кыргыз бийлигин, жалпы эле кыргыз элин түйшөлтүп койду. Кошуна Кытай менен мамилеге өзгөчө аяр мамиле жасап, ал тууралуу ар убак мамлекет башчысы Аскар Акаев:

- Кытай Эл Республикасы ХХI кылымда өзүнүн саясый салымы жана экономикалык кубаты боюнча дүйнөдө чечүүчү орун ээлей турганын эл аралык эксперттер да эскертип жатышат. Кытай менен Кыргызстанды орток тоолор менен суулар байланыштырып турат. Эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин тарыхы кылымдардын тереңине кетет. Калетсиз сөз. Бул сөздүн артында биз эч качан унутпайт турган тарых таалими да орун алган, - деп айтып келет.

Бул жолу да окуя болгондун эртеси кыргыз президенти Кытайдын төрагасы Ху Цзиньтаого көңүл айтып, күнөөкөрлөрдү тез аранын ичинде таптырууга көз салаарын билдирди. Ага чейин эле кошуна Кытайдын жетекчилиги атайын нота жиберип, күнөөкөрлөрдүн батыраак табылышын талап кыла баштаган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, соңку 10 жылда Кыргызстанда кытайлык жарандарга байланыштуу 10 жолу ар кандай кылмыш иши катталса, анын 8и ачылып, экөө алигиче ачылбай келет. Ачылган кылмыш иштердин экөөсү, тактап айтканда 1996-жылы Атбашыда 2 кытайлыктан 58 миң доллардын тартылып алынышына жана бир жылдан кийин Кууакы ашуусунда ушундай эле окуянын кайталанышына күнөөкөрлөр кыргызстандыктар экени билинген. Калган 6 жолку кылмыштуу окуя үчүн кытайлык жарандар кармалган. Андыктан бул кандуу окуя үчүн Кыргызстан тарапты күнөөлөп, демитүү азырынча эртелик кылаарын айрым эксперттер эскертип жатышат. Анткени ишти иликтеп жаткан тиешелүү органдардын жетекчилери күнөөлүү адамдарды табууга болгон күч аракетин жумшап жатканын айтышууда. Окуянын изине түшүп, шектүү адамдар сурала баштаганын ички иштер министринин биринчи орун басары Расулберди Раимбердиев да соңку маалымат жыйынында ырастаган.

Ошол эле учурда Кытай жергесинде кыргызстандык жарандардын таланып-тонолушу, укуктарынын тепселиши, барымтада кармалып келгени тууралуу көп эле маалыматтар кездешет. Бирок кыргыз бийлиги ал тууралуу атайын маселе көтөрүп, же Кытай жетекчилигине атайын нота жибергени эч кимдин эсинде жок.

Жыйынтыктап айтканда, жети күн мурда болгон бул кандуу окуя кошуна эки өлкөнүн өз ара мамилесине залакасын тийгизбесе экен, күнөөкөрлөр эртерээк табылса экен деп коомчулук чыдамсыздана күтүп жаткан кези. Акыркы жылдары Кытай менен соода-сатык алакасы алдыңкы орунга чыгып, ал жактан агылып келген товарлар 100 миңдеген жумушсуз кыргыз жарандарын асырап келет.

XS
SM
MD
LG