Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

АКШлык КҮЧТӨР БАГДАДГА ЖАКЫНДООДО


АКШлык аскерий жетекчиликтин маалымдашынча, америкалык аскерлер Багдадга түштүк тараптан 50 чакырымдай жакындап келди. Маалымат булактары билдиргенге караганда, Ирактын тандалма Республикачылар гвардиясы ордо шаарды коалициялык күчтөрдөн коргоого кам көрүүдө.

Коалициянын Ирак согушуна катыштыгы бар командирлеринин айтымында, согуштун “чечүүчү сааты” чукулдап калды. Шаршемби күнү АКШлык аскерлер Саддамдын Республикачыл гвардиясы менен ордо шаар Багдаддын түштүк-батыш жана түштүк-чыгышында салгылашып, маанилүү эки көпүрөөнү ээлешти. АКШлыктардын ырасташынча, америкалык аскерлер Кут шаарынын жанында республикачылардын Багдад бөлүгүн талкалашты.

АКШлык генерал Стэнли Маккристал өткөн түнү согуштук кырдаал тууралуу мындай деп билдирди:

- Биз азыр Багдаддын түштүк четин коргогон Ирактын Республикачыл гвардиясынын бөлүктөрү жана түштүк тарапта Ирак режимин колдогон регулярдуу күчтөр менен салгылашуудабыз. Биз Багдадга 50 чакырымдай жакындап бардык, бирок алдыда өтө катаал салгылашуулар болот.

Ал эми бейшемби күнкү маалымат боюнча, коалициянын күчтөрү Багдадга түштүк тараптан 30 чакырым жакын кирип барган.
Ирактын маалымат министри Мохаммед Сайид ас- Сахаф коалициялык аскерлер алдыга жылууда деген кабарды “куру сөзгө” чыгарды:

- Америкалык ырасмий адамдар күн сайын калп айтууда. Алар дайыма жана көбүн эсе коомчулукка жалган айтышат. Алардын Багдаддын жанындагы алга жылуусу тууралуу же ушул сыяктуу кеби бүтүндөй калп.

Согуш талаасындагы жагдай жөнүндө АКШлык генерал Винсент Брукс шаршемби күнү Катарда мындай деп билдирди:

- Алды жакта (Ирак) режими массалык кыргын салчу куралдарды колдонуусу ыктымал татаал линия болушу мүмкүн. Аларда андай мүмкүнчүлүгү бар экенин билебиз. Мындай куралдарды режим мурда өз элине каршы колдонгон. Ирактын айрым күчтөрүндө андай курал бар экенине ишенебиз. Бул “Кызыл зона” өтө маанилүү жана ал режимдин лидерлери үчүн тагдыр чечээр чек болушу ыктымал.

АКШлык күчтөр Багдадды көздөй чоң кыйынчылыктар менени жылууда. Биринчиден, ирактык партизандар аскерий кербендерге тынбай кол салып, согуш майданындагы күчтөрдү ок-дары, аскерий шайман жана азык-түлүк менен камсыздоону кыйындатууда.

Экинчиден, генерал Брукстун айтышынча, ирактык аскерлер көпүрөөлөрдү жардырып кетишүүдө жана ооруканаларга, мектептер менен мечиттерге жашынып коргонушууда.

Бул жөнүндө премьер-министр Т.Блэрдин Британиянын парламентинде айткан сөзүн уксак:

- Ирак режими ыйык жайларга, диний зыярат жасоочу жайларга зыян келтирип, андан соң коалициялык күчтөргө жалаа жабууга ниеттенет.

АКШлык аскерлер башындагы коалициялык күчтөр Багдадды көздөй чоң кыйынчылыктар менен жылып бараткан шартта, президент Буштун администрациясы согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүүгө кам көрүүдө.

Шаршемби күнү Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл менен согушта кызматташуу маселесин талкуулап, Анкаранын Түндүк Иракка кошумча аскер жөнөтпөөгө макулдук бергенине ыраазылыгын билдирди. Анын айтымында:

- Түркия Иракты реконструкциялоого гана жардам бербестен, Иракка демократиянын үлгүсүн көрсөтүп да, согуштан кийинки Ирак үчүн маанилүү роль ойнойт.

XS
SM
MD
LG