Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:47

ИРАК: ФРАНЦУЗ БАСМА СӨЗҮ ИРАК СОГУШУН КАНДАЙ ЧАГЫЛДЫРУУДА?


Француз маалымдоо каражаттары расмий Париждин коалициялык күчтөрдүн Ирактагы согуштук аракеттерине карата саясатына бир добуштан колдоо көрсөткөн. Азыр деле дээрлик бир беткей маанай өкүм сүрүүдө. Бирок “Азаттыктын” Париждеги кабарчысы Жоел Блоккер жазгандай, акыркы күндөрү француз басма сөзү согуш жөнүндө тең салмактуу, объективдүү маалымат бере баштаганы байкалат.

Француз маалымдоо каражаттарынын көпчүлүгү Перс булуңундагы согушту буга чейин негативдүү, бир тараптуу чагылдырып келген. Өзгөчө электрондук маалыматтар айрым кездери ачык эле кыйкымчыл, кекээрлеген авазга ооп кеткени байкалган. Айтып кетүүчү жагдай, Францияда үч мамлекеттик, эки жеке жана эки кабелдик кабар каналы бар. Радио болсо бул жерде эң популярдуу маалымат каражаты болуп эсептелет. Өлкөнүн белгилүү басма сөз сынчысы Даниель Шнайдерман 28-мартта “Le Monde” гезитинде жарыяланган макаласында мындай деп жазды:

”Француз сыналгысын карап отурсаң Американын бул согуштагы аракеттеринин бири да оңунан чыккан жок. Анын куралдуу күчтөрү талапка ылайык эмес, танктардын күйүүчү майлары өз убагында келбейт, чөл бороону жана аскерлер арасындагы алгачкы курмандыктар армиянын моралдык духуна доо кетирди. СНН менен француз каналдарын салыштырсаң сөз эки башка согуш жөнүндө журуп жатабы деген ойго келесиң”.

Мамлекеттик Франс-5 (France-5) каналынын программалары буга чейин өтө бир тараптуу болуп келген. Анын берүүлөрүнө АКШны нео-империалист деп айыптаган аналитиктер үзбөй катышып турган. Соңку тегерек үстөлдөгү талкуусун алсак ал мурункуларга караганда тең салмактуу болуу далаалаты менен айырмаланды дейт “Азаттыктын” кабарчысы Блоккер. Тегерек үстөлдүн катышуучусу ирактык режиссер Саад Салмон ал берүүдө Саддам менен Ирак деген түшүнүктөр аралашып кеткенин айтты:

- Саддам Хуссейн Ирактын түбүнө жетти. Ирак жок болуп кеткен. Ага далил катары бүгүн Саддамга каршы жүрүп жаткан согушту Иракка каршы уруш катары баалоо аракетин келтирсек болот. Ирак менен Саддамды чаташтырып жатабыз.

Француз радиосунун эң чоң үч каналы да жаңжал башталгандан бери АКШга, согушка каршы өзүнүн антагонисттик маанайы менен айырмаланып турду. Өзгөчө батыш Африка менен Жакынкы Чыгышта аудиториясы көп болгон Франциянын эл аралык радиосу - “Radio France Internationale” - АКШны мазактаган, шылдыңдаган авазга ооп кеткен учурлар көп болгон. Бирок анын соңку берүүлөрү көрсөткөндөй, канал жетекчилиги тең салмактуулукту көздөй кадам таштаган көрүнөт. Мисалы “Пари-мач” журналынын редактору Алэн Женистар жекшемби күнү радиого берген маегинде мындай дейт:

- Бушка карата жек көрүүчүлүк биздин өлкөдө ушунчалык кеңири жайылган дейсиз, Саддамга болгон жекирүү анын көлөкөсүндө эле калып калды. Демек алар өз элин кырган, күрд аялдар менен балдарга каршы газ колдонгон диктатор Саддамды Бушка караганда артык көрүшөт.

Гезит-журналдарда деле Ирак согушун чагылдыруу жаатында ушул тенденция, атап айтканда, ар тараптуулукка, тең салмактуулукка умтулуу байкала баштады. “Le Point” басылмасынын редактору Клод Эмбер согуштун алгачкы курмандыгы Батыштын биримдиги болуп калды, буга Буш администрациясы гана эмес, Париж да күнөөлүү деп жазып чыкты.

Ошол эле кезде көптөгөн башка майда гезиттер анти-америкалык платформада кала берүүдө. Буга карабай, деп айтат кабарчыбыз Блоккер, Франциянын таасирдүү басылмалары объективдүү болууга аракет жасашы башкалар көрүп турган нерселерди көпчүлүк учурда көз жаздымда калтырган өлкө үчүн олуттуу илгерилөөгө тете.
XS
SM
MD
LG