Жүз миңдеген сомдук айыпка үстөккө-босток жыгылып жаткан «Моя столица» гезити жогорку сот инстанцияларына акыр-аягына чейин кайрылбай, эмне үчүн Акыйкатчыга кайрылганын гезиттин башкы редактору Александр Ким өлкөдө сот бийлигине ишеним жоктугу менен түшүндүрдү.
Акыйкатчыга болсо гезиттин кабарчылары Рина Приживойт жана Лариса Ли кайрылган. Приживойт «Вечерний Бишкек» гезитинин имаратын жана акцияларын мыйзамсыз түрдө «Петровски корпорейшин» сатып алганы тууралуу жазган макаласы үчүн өткөн жылы соттолгон. Ал иш боюнча Бишкектин Ленин райондук соту арыз берген А.Ерсариеванын пайдасына 100 миң сом төлөөнү гезитке милдеттендирген. Бул чечимдерге нааразы болгон Рина Приживойттун арызынын негизинде Акыйкатчы ишти иликтеп көрүп, өзүнүн укуктук бүтүмүн чыгарды жана анда соттун чечими өлкөнүн Жарандык-Процессуалдык кодексинин 71-беренесин бузгандыгын белгилеген. Ал эми Лариса Линин арызы Акыйкатчынын кароосунда турат. Ал «Мерлисайд» фирмасы менен чатакка байланыштуу соттолуп, ал иш боюнча гезитке Ленин райондук жана Бишкек шаардык соту тарабынан 500 миң сом айып салынган.
Акыйкатчы институтунун сот, тартип коргоо иштери боюнча департаментинин башчысы Өмүрбек Суваналиев каралган маселе тууралуу мындай маалымат берди:
- «Моя столица» гезитинин шеф-редактору Рина Приживойт Акыйкатчынын аппаратына өз арызы менен кайрылган. Анда ал өздөрүнүн соттук ишине укуктук баа берип коюуну суранган. Биз ага байланыштуу материалдарды карап чыгып, ал жерде азыркы мыйзамдарга дал келбеген көптөгөн каталарды таптык. Анын негизинде укуктук баа бергенбиз. Анда «Петровски корпорейшндин» Кыргызстанда мыйзамдуу катталбаганын аныктаганбыз, - деди Өмүрбек Суваналиев. Ал эми гезит Акыйкатчынын редакцияны колдогон чечими менен Жогорку Сотко кайрыла алаарын белгиледи.
Акыйкатчынын чечими соттордун чечимин өзгөртө албасын белгилеген Кыргызстан юристтер ассоциациясынын башчысы Шамарал Майчиев бул туурасында мындай дейт:
- Бул маселе боюнча гезит Жогорку Сотко кайрылса, ал жерде Акыйкатчынын бүтүмү эске алынып, мүмкүн гезиттин пайдасына чечим чыгарылат. А эгерде Жогорку Сот төмөнкү сот инстанцияларынын чечимин өзгөртүүсүз калтырса, гезит Акыйкатчынын колдоосу менен Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрыла алат.
Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышындагы Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы, белгилүү юрист Мукар Чолпонбаев Акыйкатчынын сот чечимине карама-каршы бүтүмү дагы бир чечилбеген чие түйүнгө айлаанарын белгилеп, анын себебин мындайча түшүндүрдү:
- Кыргызстанда мындай коррупция болуп турган кезде бул маселе эч качан чечилбейт. Анткени азыр чындыкты айткан бир да гезит, бир да адам Кыргызстанда нормалдуу жашай албайт. Акыйкатчынын чечими эч кандай мыйзамдык күчкө ээ эмес. Бирок ал коомдук пикир түзгөнгө толук мүмкүндүк берет.
Акыйкатчынын чечими соттун өкүмүн өзгөртө албасы айныксыз экенин белгилеген «Моя столица» гезитинин башкы редактору Александр Ким, бул чечимдин таасири башка жактан тиерин айтты:
- Туура, Акыйкатчынын чечими соттун чечимин өзгөртө албайт. Бирок ал соттун чечимине укуктук баа берип, анын туура эместигин айтты. Демек мындай чечим кабыл алган соттор дисциплинардык жаза тартууга тийиш, ал эми Жогорку Кеңеште сотторду бекитүүдө бул иштер сөзсүз эске алынат. Ошондуктан судьялар Акыйкатчы институтунун чечимдерин көңүлгө албай кое албайт.
Ал эми бул маселени сотто кароого катышкан Бишкек шаардык сотунун судьясы Күлүмжан Абдырахманова Акыйкатчынын бүтүмүнө жооп даяр эместигин билдирди:
- Бизде чечимди соттук коллегия кабыл алат. Мен өзүм чечим кабыл ала албайм. Ошондуктан мен азыр сизге эч нерсе айта албайм.