Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

АЙТМАТОВ ЭРКИН ГЕЗИТКЕ ЭМНЕ ҮЧҮН КАРШЫ?


Бишкектин Ленин райондук соту «Общественный рейтинг» гезитине каршы доо арыздарды кароого киришти. Арызды республиканын тышкы иштер министри Аскар Айтматов, ага кошулуп үч дипломат жазышкан. Сот чатагынын чоо-жайы.

Аскар Айтматовго кошулуп үч дипломаттын доо арыз жазып Ленин райондук сотко кайрылуусуна Интернет аркылуу кат таркаткан атын атабаган дипломаттардын катынын гезитке жарыяланышы себеп болгон. Арыз ээлери ал катты «Общественный рейтинг» гезити Интернетке тараткан деген пикирде. Ушул жылдын 21-февралында жарыяланган ал катта: «Айтматов кадр саясатын туура эмес жүргүзөт, министрликте диктатура орнотту, кээ бир жетекчи дипломаттар кызматка дайындоодо пара алат, министрликте уюштуруу иштери начарлыктан Кыргызстандын эларалык аренадагы аброю кетүүдө», - деген айыптоолор айтылган. Тышкы иштер министрлигинин жетекчи дипломаттары тоголок катта жазылган айыптоолорду четке каккан билдирүүнү 27-февралда таратышты. Алар Тышкы иштер министрлигинде иштиктүү жагдай түзүлүп, кызматкерлер ортосунда кызматтык мамиле өкүм сүрөөрүн билдиришкен.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев министрликте айрым кемчиликтер орун алгандыгы туура дейт, бирок тоголок кат жазган дипломаттарды колдобостугун билдирди.

Жумушсуз жүргөн дипломаттар менен иштеп жаткан дипломаттардын ортосундагы ачык кармаш эми сот залында улантылмакчы, бирок жоопкер катары «Общественный рейтинг» гезити чыгат.

Тышкы иштер министри Аскар Айтматов өкмөттүк жогорку чиновник эмес, жеке инсан катары Ленин райондук сотуна кайрылганын министрликтин басма сөз катчысы Лира Сабырова билдирди.

«Общественный рейтиг» гезиттинин адвокаты Шамарал Майчиевдин айтымында:

«Төрт доо арыз боюнча сот жараяны башталган. Алгачкы угуулар да өткөрүлдү. Доо арыз ар-намысты коргоп берүү өтүнүчү менен жазылган. Анда моралдык зыян тарткандыгы үчүн Аскар Айтматов 10 млн сом, Талант Кушчубеков 1млн сом жана калган эки дипломат Э. Салиев жана Э. Тентишев да бир млн сомдон өз пайдасына гезиттен өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн».

Тоголок кат жазган дипломаттар кимдер экендиги азырга чейин белгисиз.

«Общественный рейтинг» гезити 2-февралдагы референдум учурунда жана ага чейин бийлик саясатына карата бир катар сын макалаларды жарыялаган. Алардын ичинен референдумду колдобой турганын айтып чыккан уюм, мекемелер тизмесининин өтө узундугу, колдоочулар тизмесинин кыскалыгы бийликтин куйкасын куруштурган болуу керек.

Гезит жетекчилери «Эл үнү» деген партияны түзүп, ал партия президенттин жардыгына ылайык түзүлгөн эксперттик топ жазып чыккан Конституциянын жаңы редакциясына каршылыгын билдирген. Ишкер чөйрөлөрдүн айрым өкүлдөрү менен тыгыз байланышы бар гезит ошентип миллиондогон сомдук доо арызга кабылып отурат.

Соттор бул ирет да «Моя столица» жана «Кыргыз ордо» гезиттерин жүз миңдеген сомдук айыпка жыккандай, көз карандысыз «Общественный рейтинг» гезитин да муунтуп салабы, аны мезгил көрсөтөт. Азырынча гезит башчылар Тышкы иштер министрлигинин жетекчилери менен ынтымакка келип, тынчтык келишимине жетишүү аракетин жасашууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG