Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:44

КАР КӨЧКҮЛӨР КҮЧӨДҮ


Жыл сайын жаз келип, күн жылыган убакта республикалык маанидеги жолдордо кар көчкүлөрү жүрүп, автоунаалардын кыймылы буулуп, адам өмүрүнө коркунуч келген учурлар катталат. Ал эми күтүүсүз жүргөн селден бүтүндөй айылдарды суу каптаган жылдар да болгон. Быйыл да кар калың түшүп, жолдор жабылууда. Алсак, 16-26-март күндөрү бир эле Алабука-Чаткал жолунда кырктан ашуун көчкү жүрүп, Акташ, Коргонсай, Башкытерек сыяктуу бир катар айылдардын эли жолго чыгалбай калышты. Табияттын мындай сыноолоруна кыргызстандык адистердин быйылкы даярдыгы кандай?

28-31-март күндөрү Бишкек-Ош жолундагы 132-чакырымдан 265-чакырымга чейинки аралыктагы тоо боорундагы коркунучтуу делген көлөмү 2,5 миллион кубометрлик кар көчкүлөр атып түшүрүлдү. Бул иш Экология жана өзгөчө кырдаалдар, коргоо, транспорт жана коммуникация, ички иштер министрликтеринин адистеринен турган атайын топ тарабынан аткарылды. Ал күндөрү Бишкек-Ош жолу жабылып, баш-аягы 24 жардыруу болду.


Өлкөнүн экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу штабынын инженердик-техникалык бөлүмүнүн башчысы, подполковник Рыскелди Асанкожоев:

- Кар көчкүлөрү негизинен Бишкек-Ош жолунда жүрөт,- дейт ал.- Анын алдын-алуу максатында мына-мына жүрүп кетиши ыктымал делген карларды тазаладык. Бирок Төөашуунун жанындагы 133-чакырымындагы кар көчкүлөрүнүн түбү али тоң болуп, жерге бекем жабышып тургандыктан, аларды тазалай алган жокпуз. Аны жардыруу иштери апрель айынын экинчи жарымына калтырылды. Негизинен көчкүлөрдү тазалоо көп чыгымды талап кылат. Бир эле жардыруу 5000 миң сом турат, а биз 24 ирет жардырдык.

Аталган жолдун 248-чакырымындагы Токтогул шаарчасына жакын Көчкүбулак деген жердеги кар күрткүлөрү да тазаланбаган бойдон калды. Аны түшүрүү үчүн авиация пайдаланылмакчы. Ошентсе да подполковник Рыскелди Асанкожоевдин айтымында, анын азырынча коркунучу жок. Бишкек-Ош жолундагы калпыс делген кар көчкүлөрү негизинен тазаланды.

Жакында Соңкөлгө баруучу жолду көчкү жаап салып, ал жакта жүзгө жакын балыкчылар бир нече күнгө «камалып» калганы белгилүү. Рыскелди Асанкожоевдин айтымында, Соңкөлгө алып баруучу жол республикалык алкактагы жолго кирбегенине жана Соңкөлдө азыр балык кармоого убактылуу тыйуу салынганына карабай, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары чоң чыгым тартканына карабай аракеттенип балыкчыларды сактап калышты, дейт Рыскелди Асанкожоев:

- Тик учактын бир саатка асманга көтөрүлгөнү эле 1000 АКШ доллары. Биз болсо эки күн бою, орто эсеп менен 8 сааттан учуп жаттык. Ошондо 16 000 АКШ доллары чыгымдалды. Бул эми планда жок чыгым, талаага чачылган акча сыңары.

Ушул күндөрү Алабука-Чаткал жолун кар көчкү бууп салды. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин жана Жалалабат облусунун жергиликтүү бийлигинин күчү менен азыр жол тазаланууда. Бирок Окжара айылына автоунаанын каттамы калыбына келелек.

«Төөнү сел алса, эчкини асмандан көр» деген кептин тек жеринен келип чыкпаганына кыргызстандыктар мындан беш жыл мурда Сузакты суу алганда ынанган. Быйыл адистердин пикиринде, Кыргызстанга кар калың түштү. Ошондон улам күн катуу ысыса сел жүрүп, айылдарды, эгин талааларын суу алып кетүү коркунучу дале сакталууда. Өзгөчө бул жагынан Ош, Жалалабат облустарында абал оор.

Жакында Ош облусунун бийлиги жыйын өткөрүп, Карадарыя, Зергер, Жазы, Аравансай, Доңузтоо дарыяларынын коркунучтуу делген жээктери аныкталып, аларды бекемдөө иштери башталды.

- Жаздын келиши, кардын ээриши менен райондорго күйүүчү майлар жеткирилүүдө. Негизги көңүл Каракулжа районунун Чымбай деген жериндеги Карадарыянын оң жээгин бекемдөөгө бурулууда. Ал жерге дамба курулууда. Ошондой эле Куршаб суусунун жээгин да бекемдеп жатабыз. Мындан тышкары Алай, Ноокат райондоруна да күйүүчү майлар бөлүнүп, техникалар дайындалды, аталган райондордо дарыя жээктерин бекемдөө иштери кийинки аптада башталат, – деди Ош облустук Жарандык коргонуу штабынын калкты коргоо бөлүмүнүн башчысы Бахадыр Мамадалиев.

Ал эми Рыскелди Асанкожоевдин айтымында, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан быйыл суу жээктерин кырдап, селден алдын алуу иштерин жүргүзүү максатында өлкөнүн бардык облус, райондоруна 400 миң литр күйүүчү май бөлүнмөкчү.

XS
SM
MD
LG