Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

БАГДАД ЧУКУЛ АРАДА БАГЫНАБЫ?


Улан Эшматов, Прага шаары Коалициялык күчтөр Ирактын башкалаасы Багдадды алуу үчүн анын айланасындагы турумдарын бекемдөөдө.Жекшембиде алар Багдаддын тегерегиндеги жолдордун көпчүлүгүн ээледи.Уруштар башка шаарларда да жүрүп жатат. Ал эми Ирак тарабы болсо коалициялык күчтөрдүн согуштагы ийгилиги жөнүндөгү маалыматтарын төгүндөөдө.

АКШ аскерлеринин Багдаддагы соңку аракеттерин анын алдындагы окуялардын уландысы катары кароого болот. Ишембиде коалициянын танктары капыстан чабуул коюп, Ирак башкалаасынын борбордук көчөлөрү боюнча рейд жасаган эле. Жума күнү Багдаддын эл аралык абамайданы да америкалык аскерлердин колуна өткөн. Бирок, Ирактын маалымат министри Мохаммед ас-Сахаф ишемби күнү кечинде эле кабарчыларга абамайданы кайра тартылып алынды, Багдад ирактыктардын бекем көзөмөлүндө деп ырастаган болчу:

.- Алар жалган маалымат берип, америкалык аскерлер Багдаддын кварталдарында же кире беришинде жүрөт деген видеофильмдерди Саддам атындагы эл аралык абамайданындагы жеңилишин актоо үчүн гана көргөзүүдө. .

Ал эми АКШ армиясынын өкүлдөрүнүн айтымында, Багдаддагы абамайданында алардын 7 миңдей жоокери бар. Багдадды курчап жаткан аскерлердин саны болсо жакынкы аралыктарда дагы 30% га көбөйтүлмөкчү. АКШ армиясынын өкүлдөрү коалициялык учактар жердеги күчтөргө жардам бериш үчүн Багдаддын аба мейкиндигин күнү- түнү көзөмөлдөй башташты, деп ишемби күнү жарыялашкан.

Жекшемби күнү болсо америкалык аскерлер Багдаддын айланасындагы жолдордун көпчүлүгүн ээлегени кабарланды. Америкалык өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, соңку күндөрү Багдаддын айланасындагы уруштарда Ирактын 2 миңдей жоокери мерт болгон. Бул маалымат азырынча башка булактар тарабынан ырастала элек. Пентагон ошондой эле согуш башталгандан бери АКШ 80 жоокерин жоготконун билдирди.

Жогоруда айтылгандар - Багдаддын айланасындагы окуялар. Ал эми түштүктө, - Ирактын экинчи ири шаары Басрада, - британ аскерлери шаардын борборун карай жиреп чабуул коюуда. Түндүк тарапта болсо америкалык аскерлер жергиликтүү күрттөрдүн куралдуу топтору менен биргелешип,тИрактын мунай борборлору катары эсептелген Мосул жана Киркук шаарларын көзөмөлдөөгө аракеттенип жатат.

Бул чөлкөмдөн түшкөн маалыматтарга караганда, күрт жоочулары Мосулдун жолундагы Домиз, Айн-Сифни шаарчаларын ээлешкен. Жекшембиде бул аймактан АКШнын аскерий учактары автокербенди жаңылыш бомбалап алганда, күрттөрдүн 18 жоокери мерт болуп, 45тейи жаракат алды. Учурда америкалык командачылык кырсыктын чоо-жайын иликтөөдө. АКШ аскерлери Ирактын алар көзөмөлдөп жаткан аймактарынан массалык кыргын салуучу куралдарды таба элек. Бирок "Ройтерс" агенттигинин кабарына караганда, Ирактын борбордук бөлүгүндөгү мектептердин биринен химиялык курал катылган жай табылган.

АКШ президенти Жорж Буш апта аягындагы салттык үналгы кайрылуусунда Ирак массалык кыргын салуучу куралдары менен коркунучтуу болгонун белгилеп, эми дүйнө мындай коркунучтан кутулат деп белгиледи:

.- Эркин улуттар дагы бир 11-сентябрды, балким бул ирээт химиялык, биологиялык,өзөктүк куралдарды колдонуп жасоого жөндөмдүү душмандарын бош таштап, тим гана олтура бербейт. Биз кишилерди кыргычтардын колунан бул куралдарды жок кылабыз. Өз коопсуздугубузду коргоо менен бирге, Ирактын элин дүйнөдөгү эң зулум режимден кутултабыз.

Президент Буш ошондой эле ирактыктарга гуманитардык жардамдар жөнөтүлө баштаганын билдирди. Мунун аралыгында АКШ Ирактын согуштан кийинки администрациясын түзүү иштерин түштүктөгү Умм-Каср порт шаарынан баштаган жатат. Пентагондун генерал Жей Гарнер жетектеген Калыбына келтирүү жана гуманитардык жардамдар боюнча башкармалыгы Умм-Касрда өз ишине алдыдагы шейшембиден тартып киришээри күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG