Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

ИРАК: ӨТКӨӨЛ ӨКМӨТТҮ КИМ БАШКАРАТ?


Уруш жакын арада аяктайт деген жоромолдор менен кошо согуштан кийинки Ирак жөнүндө да арбын сөз айтылууда. Адистердин айтымында, өлкөнү калыбына келтирүү жана жаңы башкаруу органдарын түзүү иштери уруштун өзүнөн да кыйын болуп, бир топко созулуп кетиши ыктымал. Саддамдан кийинки Иракты ким башкарат деген собол АКШнын өзүндө да карама-каршы пикирлерди туудуруп жатат.

АКШнын коргоо министринин орун басары Пол Волфовиц жекшемби күнү сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, Вашингтон Иракта өкүлчүлүктүү өкмөттү мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө түзүү максатын көздөй турганын белгиледи. Бирок, деди Волфовиц, бул жараян созулуп кетиши да ажеп эмес, анткени күрттөр, мисалы, 1991-жылы өз автономиясын куруу үчүн дээрлик алты ай жумшашкан. Ал эми бүтүндөй Ирактын башкаруу системасын түзүүгө андан да көп убакыт зарыл, деп кошумчалады АКШнын коргоо министринин орун басары:

- Биз өкмөттү шашып-бушуп түзө калалы деген максатты көздөбөйбүз. Биздин максат - режим кулагандан кийин мүмкүн болушунча ылдамыраак Ирак элинин атынан чындап чыкчу башкаруу органдарын орнотуу болуп эсептелет. Өлкө ичиндеги жана анын сыртында жүргөн ирактыктар менен пикир алмашып, өткөөл өкмөт кандай болушу керектигин талкууладык. Аталган администрация биздин баштапкы башкаруучулук менен чыныгы элдик өкмөттүн ортосундагы көпүрө болуп калмакчы. Бул процесске жетиш үчүн убакыт талап кылынат. Өткөөл өкмөт орнотулган соң, окуялар жеринде кандай өнүгөт, көрө жатарбыз.

Ошол өткөөл өкмөттүн башына ким келет деген суроо ачык бойдон кала берүүдө. АКШлык сенатор, тышкы байланыштар боюнча комитеттин орун басары Жозеф Байден болочок өкмөттө 12 жыл бою Саддамдын режимине туруштук берип келген өлкөнүн ички оппозициясы эмес, азыр эмиграцияда жүргөн ирактыктар үстөмдүк кылат ко деп кооптонууда.

ЭБС каналына берген интервьюсунда сенатор колундагы маалыматтарга таянып, Буш администрациясынын айрым өкүлдөрү шийит ишкер Ахмад Чалаби башында турган Ирактын Улуттук Конгресси аттуу оппозициячыл топтун таламын жактоодо, - деп билдирди:

- Чын төгүнүн билбейм, бирок Чалаби жана анын Улуттук конгресси бийликтеги дээрлик 60 пайыз орунга ээ болот деп уктум. Алар калган 40 пайызды да алышы мүмкүн. Ушул чын болсо, анда балээнин баары башталат дей бергиле.

Сенатор ошондой эле Иракты калыбына келтирүү жараянына Бириккен Улуттар Уюму менен НАТО активдүү катышуусу керек деп эсептейт. Анткени, 20 миллион калкы бар өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү, тынчтыкты камсыз кылуу, гуманитардык жардам өңдүү иштердин чыгымдарын жалаң гана АКШ менен Британия көтөрбөшү керек. Бул жоопкерчилик башка улуттарга да тегиз жүктөлүшү шарт, - дейт сенатор Байден.

Белгилүү болгондой, Ак Үй БУУ гуманитардык маселелер менен гана чектелип, жаңы өкмөт түзүү жараянына кийгилишпесе деген каалоосун билдирген. Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл Саддамдын режимин кулатууну англо-америкалык коалиция өз мойнуна алган соң, андан кийинки иштерди да алар өздөрү жүргүзүшөт деп улам кайталап келатат. Бирок Британия бул жараянда БУУнун ролун кеңейтүүнү жактай турганын айтууда.

Анын аралыгында, АКШнын аскерий өкүлдөрүнүн айтымында, Ирактын оппозициячыл күчтөрү (алардын ичинде жогоруда сөз болгон Улуттук Конгресстин өкүлдөрү да бар) коалициянын армиясы менен тыгыз кызматташууда. Багдад режимине каршы турган арабдар “Саддамдын федайиндери” деп аталган партизандык ыкма менен согушкан кошуундардын калдыктарына каршы күрөштө, ошондой эле гуманитардык жардамды таркатуу иштеринде олуттуу көмөк көрсөтүп жатышат. АКШ командачысынын орун басары генерал Питер Пэйс жергиликтүү тилде сүйлөгөн аскерлердин жардамы чалгындоо иштеринде өзгөчө баалуу экенин белгиледи.

Саддамдын режимине каршы иштиктүү күрөшкөн мындай ирактыктар болочокку бийликке сөзсүз тартылышы керек деген пикирлер арбын айтылууда.

XS
SM
MD
LG