Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Мурдагы башкы прокурор Чүй облустук сотунун төрагалыгына дайындалды


БИШКЕК. Президент А. Акаевдин жардыгы менен Чубак Абышкаев Чүй облустук сотунун төрагалыгына дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны март айындагы сессиясында Чубак Абышкаевди Чүй облустук сотунун төрагалыгына дайындоого макулдук берген эле. Мурдагы башкы прокурор Чубак Абышкаев Аксы окуясын тергөөнү создуктурганына байланыштуу президенттин буйругу менен былтыр кызматынан бошотулган.

XS
SM
MD
LG