Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:53

БАГДАДДАГЫ БАСТАШУУЛАР КУРЧУУДА


Дүйшөмбүдө Багдаддын борбордук бөлүгүнө кирген АКШнын аскердик техникасы менен жоокерлери президенттик сарайлардын экөөсүн ээлеп, өкмөттүк имараттардын айрымдарын кыска убакытка курчоого алды. Америкалык командачылыктын түшүндүрмөсүнө караганда, азыркы окуялар - аскердик техниканын кезектеги рейди жана Саддам Хусейндин режими өлкөнүн ири шаарларын көзөмөлдөй албай калганынын далили. Анткен менен Багдад үчүн басташуулардын негизгилери али алдыда.

Саддам Хусейндин Багдаддагы президенттик сарайларына аскердик техника менен америкалык жоокерлер Ирактын башкалаасына киргенге чейин жасалган аба жапырыктары учурунда да зыян келтирилген болчу. Ал турсун Улуттар Уюмунун инспекторлору кезинде массалык кыргын салуучу куралдар катылган болушу мүмкүн деп шек санаган имараттардын бир бөлүгү бомба тийип талкаланган эле. Багдадда жүргөн батыштык кээ бир баяндамачылар мүнөздөгөндөй, Саддам Хусейндин америкалык аскерлердин колуна өткөн сарайлары эми тарыхка кирүүдө. Дүйшөмбү күнгө карата АКШнын аскерлери Саддам Хусейндин Багдаддын борборундагы сарайларынын экөөсүн ээлеп турушат. Америкалык танктар өкмөттүк имараттардын ичинен Ирактын маалымат министрлигинин кеңсесин кыска убакытка курчоого алган.

Майдан талаасынан түшкөн кабарларга караганда, америкалык аскерлер согуштун он тогузунчу күнү Багдадда жүргүзгөн аскерий операциясына алтымыш бештей танк, 40 тай брондуу машиналар тартылды. Албетте, Багдаддын борборун көздөй чабуул оор атышуулар менен коштолду. Америкалык тарап Тигр дарыясындагы көпүрөлөрдүн бирин элөө үчүн урушта эки жоокери курман болгонун билдирди. Ал эми дүйшөмбүдө кечке жуук америкалык аскерлердин Багдаддын түштүк тарабында жайгашкан байланыш борборуна тийген ракетадан эки жоокер , эки журналист каза таап , дагы 15тей киши жаракат алган. АКШ командачылыгынын түшүндүрмөсүнө караганда, азыркы окуялар Багдадда позицияларды кармап туруу дегенди туюндурбайт. Аскерлер өз турумдарын зарыл деп эсептеген учурда таштап кетиши да мүмкүн. Багдад үчүн болуучу салгылаштын негизгилери али алдыда. Маселен Катардан АКШ командачылыгынын өкүлү Фрэнк Торп буларды буларды белгиледи:

- Мен ачык айткым келет. Бул - кайрадан эле брондуу техниканын Багдад аркылуу жасаган рейди. Катаал кармаштар али алдыда. Булар - коалициянын режимди кулатуу багытындагы кадамдарынын бири.

Ал эми Ирак тарабы мурдагыдай эле коалициялык күчтөрдүн согуштагы жетишкендиктери жөнүндөгү маалыматтарды төгүндөөдө. Ирактын маалымат министри Мохамед ас-Сахаф дүйшөмбүдө америкалык аскерлер Багдаддын борбордук бөлүгүнө кирди деген маалыматтарды комментарийлеп, мындай деди:

- Алар Багдадга бир нече брондуу машиналарын жана танктарын аскерлери менен кошо киргизди. Биз аларды курчап, көпчүлүгүн өлтүрдүк. Менимче, биз жакын арада алардын баарын жок кылабыз. Америкалык күчтөр өзүлөрүн да көзөмөлдөй албай жатат. Аларга ишенбегиле. Баскынчылардын таш -талканы чыгарылат.

Уруштар Ирактын башка бөлүктөрүндө да уланууда. Британ командачылыгынын ырастаганына караганда, Ирактын экинчи ири шаары -Басранын басымдуу бөлүгү алардын колуна өттү. «Азаттыктын» кабарчысы Чарлз Рехнагел дүйшөмбү күнү Басрадан төмөнкүлөрдү маалымдады:

- Мен Басранын чет жакасында, балким, андан төрт чакырымча алыстыкта турам. Британ күчтөрү Басранын басымдуу бөлүгүн ээледи деген маалыматтардын соңунан биз бүгүн биринчи ирэт шаарга жөө аскерлер кирип жатканын көрүүдөбүз.Буга чейин болсо британ аскерлери танктар менен гана кирип, шаардын борборунда да көзөмөл бекеттерин орноткондой болгон, бирок алар өз танктарынан чыккан эмес.

Британ тараптын айтымында, жекшемби күнкү уруштарда алар Басрадан үч жоокерин жоготкон.

Ал эми түндүктөгү Мосул жана Киркук шаарлары азырынча ирактыктардын көзөмөлүндө турат. Бул жердеги согуш аракеттерине жергиликтүү күрттөрдүн куралдуу топтору да тартылып, АКШ тарабында салгылашууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG