Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

КОНДОЛИЗА РАЙС МОСКВАДА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ЖҮРГҮЗДҮ


Төрөкул Дооров, Москва Бүгүн АКШ Президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Кондолиза Райс Москвада бир күндүк иш-сапары менен болду. Иш-сапар учурунда ал Орусиянын күч структураларынын жетекчилери менен жолугушуп, ирак проблемасын, АКШ жана Орусия ортосундагы карым-катнашты жана эл аралык мааниде орчундуу деп эсептелген маселелерди талкууга алды.

Иш сапары учурунда АКШ Президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Кондолиза Райс Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов, Коргоо министри Сергей Иванов, ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Рушайло менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Маектешүү учурунда башкы көңүл ирак проблемасын талкуулоого бурулду. Жолугушуулар жабык эшиктер артында өткөндүктөн, алар тууралуу ушул саатка карата расмий маалыматтар уктурула элек.

«Канткен менен АКШ президентинин жардамчысынын ушул тапта Москвада болушунун өзү эки чоң мамлекеттин мамилелеринин ирак проблемасынын айынан канчалык өзгөрүүгө дуушар болгондугун көрсөттү» дейт АКШ жана Канада Институтунун өкүлү Виктор Каременюк:

- Албетте, ушул мезгилде Орусия менен АКШ ортосунда чоң проблемалар бар. Андыктан, алардын улам өөрчүп кетпеши үчүн америкалыктар тез аранын ичинде Кондолиза Райсты жөнөтүшүп, Орусияны ачык маекке чакырышууда. Ошол эле учурда АКШ президентинин атынан келип олтурган Кондолиза Райс өзүнүн орусиялык кесиптештерине «эмне үчүн АКШнын Ирак боюнча позициясын жек көрбөш керектигин жакшылап» түшүндүрүп берет.

Дегинкиси, акыркы эки жыл ичинде Орусия менен АКШ ортосундагы ар тараптуу кызматташтык жана достук мамилелери «суук согуштан» бери биринчи жолу оң нукка бурулуп, эл-аралык саясат майданында жүз көргөн мындай өзгөрүүнү башка мамлекеттер Путиндин тышкы саясатта жетишкен чоң ийгилиги катарында таанышты. Путин менен Буштун жылуулай баштаган карым-катнаштары Ирак проблемасын чечүү жолун тандоо учурунда кайрадан сууй түшкөн.

Саддамдын режимин аскерий жол менен кулатуу чечимин кабыл алган Америка Кошмо Штаттарынын аракеттерин Кремль кескин сынга алды. Бирок мезгил өтүп, Ирактагы согуштан качып кутулуунун айласы жок экендигин түшүнгөндө буга чейин америкалык позицияны четке кагып келишкен Орусия, Германия жана Франция «тезирээк Хусейндин согушта кулашын» тилей баштагандыктарын жашырбай жарыя кылышты.

Эмне үчүн Орусия өзүнүн баштапкы көз карашынан тайып баратат? Буга карата мамлекет башчысы Владимир Путин мындайча жооп айтат:

- Саясий мааниде талдай турган болсок, АКШ менен Орусия – дүйнөдөгү эң ири өзөктүк куралдуу мамлекеттерден экендиги маалым. Андыктан, биздин мойнубузда бүтүндөй эл аралык коомчулуктун коопсуздугун сактоо милдети турат. Мына ушул жактарды эске алуу менен биз Америка Кошмо Штаттары менен кандай гана татаал маселелер болбосун бирге талкуулоого даярбыз. Ошондой эле, АКШ менен биз кызматташып келгенбиз, мындан ары да кызматташа бермекчибиз.

Ошентип, Кошмо Штаттардын Президентинин коопсуздук иштери боюнча жардамчысы Райстын Москвадагы иши соңуна чыкты. Кондализа Райс өзү Орусиянын тышкы иштер министри менен болгон жолугушуусун «өтө жакшы өттү» деп эсептейт. Такталбаган айрым маалымат булактары «сүйлөшүүлөрдө сөзсүз түрдө Багдад калаасындагы орусиялык дипломатиялык топ туш болгон окуя да козголгонун» айтышууда.

Багдад шаарында 6-апрель күнү Орусиянын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери аткылоодо калышып, алардын ичинен 5 адам түрдүү жараат алышкан эле. Дипломатиялык топту кимдер аткандыгы азырынча так аныктала элек.

XS
SM
MD
LG