Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

БАГДАДДАГЫ УРУШТАР


Ирак фронтунун алдыңкы чектеринен алынган кабарларга караганда, Багдаддын борбордук бөлүгү - өкмөттүк имараттар жайгашкан район айыгышкан уруштардын зонасына айланды. Америкалык танктар шаардын чак ортосунда позициясын бекемдеп, жөө аскерлер үчүн плацдарм даярдап жатат. Эртең мененки бомба жапырыктар маалында чет элдик журналисттер да жабыркады,катарлык “ал-Жазира” телеканалынын кабарчылар пункту талкаланды.

Союздаштардын танктары Багдаддын чак ортосуна батыш жактан киришти, шаардын борбордук бөлүгүндөгү көпүрө алардын контролдугуна өттү. Позициясын бекемдеп, коалициялык күчтөр дарыянын чыгыш өйүзүндөгү өкмөттүк обьекттерди тике кароолго алып,танктардан жана артиллериядан аткылап жатышат. Ирак армиясы бир нече ирет контрчабуул жасап, жамгырдай жааган ок алдында калды. Бет маңдайдан коалициялык танктар от бүркүп каршы алышты, төбөдөн жапыз учкан согуш авиациясы көнөктөтө ок жабылтты. Жарым жүздөй жоокерин жоготуп, ирак күчтөрү чегингенге аргасыз болушту. Анын соңунан Ройтерстин кабарчысы америкалык танктар көпүрөдөн өтүп, чыгыш жээкке чыгышканын, андан ары өкмөттүк имараттар жайгашкан комплексти көздөй илгерилеп баратканын маалымдады. Бирок Ирактын маалымат министри Мохаммад Саид ас-Сахаф коалициянын күчтөрү курчоодо калып, алапайын таппай жатышат, алар колго түшүп бериши керек, болбосо алардын танктары талкаланып,жок кылынат, деп билдирди. Ирак министри андан мурда президент Саддам Хусейндин башкы сарайы коалициянын колуна өткөндүгүн да төгүнгө чыгарган эле.

Америкалык командачылык болсо,тескерисинче, Саддам Хусейндин күнү бүттү,анын режими бир-эки күн ичинде кулайт деген ишеничте турат. Коалициянын күчтөрү өзүнүн башкы озуйпасын орундатмайынча - Саддамды бийликтен кулатып, Иракты ирак элинин өзүнө кайтарып бермейинче согушту токтотпойт, деп айтты Пентагондун башчысы Дональд Рамсфелд. Шейшемби күнү эрте менен Багдаддагы жайлардын биринде Саддам кеңешме өткөрүп жатканы жөнүндө айтылып, болжолдуу обьектке чоң бомба ташталган эле. Айрым кабарларда аталган бомба жапырык маалында Саддам жана анын уулдары набыт болсо керек деген түкшөмөлдөр айтылууда. Бирок иштин чын-төгүнү анык боло элек.

Эртең мененки аба жапырыктар маалында Багдаддын чак ортосундагы “Палестина” мейманкасына да бир нече снаряд келип тийди, алардын бири Ройтерс маалымат агенттигинин пункту жайгашкан бөлмөнү талкалады, андан беш киши жарадар болду. Экинчи бир маалыматта жарадар болгон кабарчылардын бири кийин көз жумганы, ал теги жагынан украиналык орус экени айтылат. Ошол эле күнү америкалык авиация катарлык “ал-Жазира” телеканалынын кабарчылар пунктун бомбалап таштады. Натыйжада бир журналист набыт кетти, экинчиси жарадар болду. Мындан тышкары Ирактын мамлекеттик телевидениеси иштен чыкты, өкмөттүк радионун программасы да бир нече мүнөт ободон угулбай калды.

XS
SM
MD
LG