Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:18

АКШ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН МАМИЛЕЛЕРИН ИРАК САЛКЫНДАТПАЙТ


Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О'Киф Тышкы иштер министрлигинде биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда алар Ирактагы азыркы жагдай туурасында журналисттер менен ой бөлүштү.

Маалымат жыйынында тышкы иштер министри Аскар Айтматов Ирактагы азыркы жагдайга байланыштуу билдирүү жасады. Ирактагы согуштун аяктап баратканына байланышкан бул билдирүүдө Бириккен Улуттар Уюмуна жана анын Коопсуздук Кеңешине карата дүйнө коомчулугунун ишенимин кайтаруу зарылдыгы белгиленди.

- Биз Ирак жаңжалында БУУнун мүмкүнчүлүктөрү түгөнө электигине ишенебиз, - деп айтылат тышкы иштер министри Аскар Айтматов окуган билдирүүдө. - Жаңы жагдайда Иракты согуштан кийин реконструкциялоо, тынч жашоого кайтаруу, инфраструктураны жана экономиканы калыбына келтирүү, гуманитардык кризиске жол бербөө биринчи зарылдык болот. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюму өзүнүн кайталангыс тажрыйбасы, ар тараптуу мүмкүнчүлүктөрү менен Иракты согуштан кийин калыбына келтирүүдө башкы ролду ойнойт жана ойношу керек деп эсептейт.

Билдирүүдө, ошондой эле, Ирактагы жагдайдан улам терроризмдин, экстремизмдин пайда болушуна жол бербөө да азыркы өзгөчө зарылдык экендиги белгиленген. Анткени Иракка олуттуу көңүл бурулуп жатканынан пайдаланган «ал-каидачылардын» жана талибдердин калдыктары бийлик үчүн күрөшүү максатында өз күчтөрүн кайрадан топтой башташы ыктымал деген кооптонуу бар. Бул Борбордук Азиядагы коопсуздукка коркунуч алып келет. Мындай шартта антитеррордук коалициянын ыдырашына жол бербеш керек.
Ушундай жагдайды эске салган тышкы иштер министри, Кыргызстан антитеррордук коалициянын алкагында өз милдеттерин мындан ары да бекем тутаарын, расмий Бишкек АКШ баш болгон коалиция мүчөлөрүнө ишенимдүү өнөктөш экенин баса белгиледи.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иракка каршы урулган аскерий соккуга байланыштуу 20-марттагы өз билдирүүсүндө, жаңжалдын согуш жолу менен чечилип атканына кабатыр экенин, өзү саясий жолду жактаарын ачыктаган. Маалымат жыйынында журналисттерди: «Мындай кайчы позиция АКШ менен Кыргызстандын мындан аркы кызматташтыгына доо кетирбейби?» - деген суроо кызыктырды. Тараптар бул суроону өз жооптору менен жокко чыгарышты. Маселен, министр А. Айтматов Ирак маселеси боюнча кайчы пикирлер өз ара мамиленин салкындашына себеп болбостугун айтып, алардын жагдайын мындайча чечмеледи:

- Биз … согушту максатка жетүүнүн жолу катары тандаганы үчүн Кошмо Штаттар менен пикирибиз келишпеси ыктымал. Ошол эле учурда биз, дүйнө коомчулугунун мүчөлөрү да, массалык кыргын салуучу куралдары менен дүйнөгө регионалдык жана глобалдык деңгээлде коркунуч туудурган Иракты куралсыздандыруу багытында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин аткаруу зарылчылыгы боюнча АКШ менен макулбуз.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О'Кифтин билдиргенине караганда, эки өлкөнүн ортосунда коопсуздук, экономика жана башка багыттар боюнча өз ара тыгыз кызматташтык уланууда:

- Кыргызстан менен биздин мамилелерибиз көп тармактуу болуп өнүгүп жатат, ал бир топ бекем негизделген.

Маалымат жыйынында айтылгандарга караганда, АКШ быйылкы жыл үчүн Кыргызстанга 37,8 миллион доллар өлчөмүндө каржылык жардам берген. Келерки жыл үчүн ал 40 миллион доллар бөлүүнү көздөп жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG