Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

Коалициялык күчтөр Багдаддын четиндеги "Рашид" аэропортун ээлешти


Эл аралык Кызыл чырым коому шаарда кризистик кырдаал түзүлгөнүн билдирди. Пентагондун Катардагы штабында өткөн маалымат жыйынында генерал Винсент Брукс "Рашид" аэропорту – чоң аскерий маанидеги жай экенине көңүл буруп, коалициялык күчтөр Багдаддын түндүк, түштүк тараптарынан чабуулга өткөнүн маалымдады. "«Рашид» аэропортуна келсек, Ирак режими эми ал аркылуу согуштук техника, курал-жарак алдыра албай, башка жакка качып кете албай да калды. Дийала жана Тигр дарыяларынын ортосунда орун алган аэропорттун аскерий мааниси зор", - деди генерал Брукс. Ирактын маалымат министри Мохаммад ал-Сахаф ирак армиясы коалициялык күчтөрдү тооруп туруп талкалайт, деп кайталоодо. Ал учурда Эл аралык кызыл чырым коому Багдаддагы ооруканаларга жараат алган адамдар батпай кеткенин, шаар тургундары таза суу, дары-дармектин жетишсиздигинен катуу жабыркап жатканын билдирди. Ирактын түндүгүндө Хилла жана Киркук калааларынын тегереги бомбаланып, уруштар уланып жатканы кабарланууда. Британиялык аскерлердин өкүлү Крис Вернон Ирактын түштүгүндөгү Басра шаары толугу менен алардын колуна өткөнүн, бирок ал жерде тартип орнотууга дагы бир нече күн талап кылынаарын белгиледи. Анын айтымында, Басранын утурумдук жетекчилигине жергиликтүү уруу башчысы дайындалды.

XS
SM
MD
LG