АКШ аскерий жетекчилиги 8-апрелде тараткан маалымат боюнча, 7-апрелде америкалык аскерлер Багдад шаарынын үйлөрүнүн биринде президент Саддам Хусейн Ирак өкмөтүнүн жогорку кызматкерлери менен жыйын өткөрүп жатат деген маалымат алган жана ал аймак дароо бомбаланган. Кээ бир кабарларга караганда, ал бомбалоодон президент курман болгон болушу да ыктымал, бирок аны тактаган маалымат азырынча жок. 20-март күнү согуш башталганда биринчи бомбалар Саддам жашынгандыгы божомолдонгон кеңселерге тийген жана анда дагы президент биринчи эле чабуулдан курман болгон деген кабарлар тараган, бирок Ирак сыналгысы кийин президентти бир нече жолу көрсөттү.
Анткен менен 9-апрелде Багдад шаарынын көчөлөрү бош болду жана талкаланган имараттарды эч ким кайтарбагандыктан, жергиликтүү калк аларды карактай баштады. Батыш сыналгы түйүндөрү көрсөткөнгө караганда, жаш жигиттер жана балдар отургуч менен муздаткычтарды, шкаф менен компьютерлерди, тамак менен кийим-кечени уурдап, аларды машине менен да, жөө да ташып кетип жатат. Көчөдө коомдук тартипти сактаган эч ким жок. Багдаддагы Бириккен Улуттар Уюму менен Эл аралык Олимпия комитетинин өкүлчүлүктөрү да каракталды. Көчөгө чыккан кээ бир адамдар Саддам Хусейндин сүрөттөрүн тытып, тебелеп жатат.
АКШ президенти Жорж Буш менен Улуу Британия премьер-министри Тони Блэр дүйшөмбү-шейшемби күндөрү Түндүк Ирландияда жолугуп, согуштан кийинки Иракты кантип калыбына келтирүү маселесин талкуулады. Акыркы мезгилде Блэр бул маселеде негизги мааниге Бириккен Улуттар ээ болууга тийиш деп келген, бирок президент Буш Бириккен Улуттар Иракка гуманитардык жардам көрсөтүү менен гана чектелүүгө тийиш деп билдирди.
Британия менен Франциянын тышкы иштер министрлери Жэк Строу менен Доминик де Вильпен да 9-апрелде Париж шаарында жолугуп, Ирак маселесин талкуулады. Британиялык министр Строунун айтымында, согуш аяктап калды жана эми Ирактын жаңы жетекчилигин түзүү керек: "Биз конфликттин аякташын каалайбыз. Биз Саддам Хусейндин өкмөтүнүн кызматтан кетишин каалайбыз жана, турмуш көрсөтүп жаткандай, биздин максатыбыз - Иракты кайра куруу жана алгач өлкөдө өкүлчүлүктүү өкмөт түзүп, аны кийин демократиялык өкмөткө айландыруу".
Өлкөнүн түштүгүндөгү Басра шаарын британиялык аскерлер өзүнүн толук көзөмөлүнө алып, анын убактылуу жетекчилигине жергиликтүү бир шейхти дайындады. Өлкөнүн түндүгүндө болсо, америкалык колдоо менен Саддамга каршы жергиликтүү күрттөр көтөрүлдү жана өкмөттүк аскердин каршылыгы болбогондуктан, алар улам бир шаарды өз көзөмөлүнө алууда.
Анткен менен маселелер дагы эле арбын. 2-апрелден бери Багдадда "Чек арасыз доктурлар" аттуу эл аралык уюмдун эки кызматкери дайынсыз жок. 8-апрелде болсо Багдаддга кирген америкалык аскерлер танк менен "Палестина" аттуу мейманкананы аткандыктан, анын ичинде жашаган эки чет өлкөлүк журналист курман болуп, дагы үчөө жарат алды. Париж шаарында жайгашкан "Чек арасыз репортерлор" жана Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Журналисттерди коргоо комитети" АКШ жетекчилигине кайрылып, окуяны кылдат изилдеп чыгууну талап кылды, анткени кээ бир кабарларга караганда, америкалык аскерлер отелди анда журналисттер жашаганын билип туруп аткан. Пентагондун басма сөз катчысы Виктория Кларктын айтымында, кимдир бирөө мейманкадан америкалык аскерлерге каршы биринчи ок аткан.