Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

МИНИСТРЛИК ЭСКЕРТЕТ: АТА-ЭНЕЛЕРДЕН АКЧА АЛБАГЫЛА!


Чолпон Орозобекова, Бишкек 2001- жылы өкмөттүн токтому чыгып, ата–энелер балдары окуган мектепке өз каалоосу менен материалдык колдоо көрсөтүүгө укук алышкан. Ушул токтом айрым мектеп директорлоруна ата-энелерден каалашынча акча чогултууга жол ачты. Ар кандай куршылтоолор менен шөкөтөттөлгөн мындай мыйзамсыз акча топтоо Бишкек шаарынын мектептеринде акыркы жылдары айрыкча байкалып, ата-энелердин нааразычылыгы күч алып келет.

Билим берүү министри Ишенгүл Болжурова бул кызматка отургандан көп өтпөй 18-февралда мектептерде акча чогултууга тыюу салган буйрук чыгарган. Ошол буйруктун негизинде шаар мектептеринде министрликтин атайын комиссиясы биртоп мектептерди текшерип чыкты. Кошумча билим берүү, колдоо фонду, акы төлөнчү класстар өңдүү шылтоолор аркылуу мыйзамсыз акча жыйнаган фактылар Бишкектеги 20га жакын мектепте ырасталды. Текшерүү учурунда Бишкектеги 13-, 29-, 4-, 8-, 28-, 38-, 68- жана башка бир катар мектептерде иштеп жаткан мектеп фондулары ата-энелерден акча чогултушкан. Бул көрүнүш ата- энелерди нааразы кылууда.

№29-гимназияда эки баласы окуган Анипа Сатарованын айтымында, «ай сайын мектеп жетекчилиги мектеп коруна жана ремонтко деген шылтоолор менен акча сурайт. Ансыз да кенедей айлыкты нанга араң жеткирип күн көрүп атканда, мектептин акча чогултканы бизди абдан кыйын акыбалга коюп атат».

№ 29-гимназиянын окуу бѳлүмүнүн башчысы Дамира Алымбаева андай дооматтарга мындайча түшүндүрмө берди:

- «Мартаба» деп аталган мектепти колдоо кору 1999-жылы Министрликтин өзүнүн уруксаты менен түзүлгөн. 2001- жылы болсо «ата-энелер жардам берсе болот», деген өкмөттүн токтому чыккан. Ата- энелер менен чогулуш кылып, алардын макулдугун алганбыз. Башында 30 сомдон баштап, кийинчерек 100 сомго дейре алып келдик. Министр Болжурованын буйругунан кийин баарын токтоттук.

№ 29-гимназиянын директору Бахтияр Кадыров ата-энелерден чогулган акча мектептин ремонтуна, окуу куралдарын жана парта сатып алганга кетчү дейт. Мектеп жетекчилиги имараттын курулганына 60 жылдан ашып, бул убакыт ичинде бир да жолу ремонт болбогонун айтышты.

- Мектептин шыбы түшкөнү араң турат. Фондго чогулган каражаттын эсебинен имаратыбыздын урап бараткан жерлерин оңдоп алчу элек. Мамлекеттен болсо жардам жок. Шыпты оңдогонго мэриядан 20 миң сом бөлүнөт экен деп күткөнүбүзгө канча болду, - дейт Дамира Алымбаева.

Билим берүү министринин орун басары Анатолий Иванников министрликтин буйругу тез арада аткарылышы үчүн ал өзү бардык мектептерди катуу көзөмөлгө алып атканын билдирди. Жакшы бир майнап болорунан анын үмүтү чоң.

Чынында шаарда катардагы кыргыз мектептерде бул адат анчейин жайылган эмес. Ашыкча акча алууга кызыгуу өздөрүн гимназия же лицей деп атап, заман талабына ылайык жаңыча окутабыз деген орто мектептерде кеңири таркаган. Мисалы, №26-мектепте француз тил мектебинин ыкмасы колдонулгандыктан, анда айына 800 сом акы алынат.

«Асанбай» кичирайонундагы № 71-мектептин директору Дүйшөк Мырзабеков бир жылда бир гана жолу мыйзам чегинде 160 сомдон алышарын, андан ашыкты ата- энелер баары бир беришпесин белгиледи:

- Ошол 160 сомду жакыр үй-бүлөнүн балдары, жетимдер беришпейт. Ата- энелер деле сабатту да, андан ашыкты сурасаң эле кармата коймок беле.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Билим берүү жана илим комитетинин мүчөсү, депутат Адахан Мадумаров азыркы учурда бул көрүнүш эң оор көйгөйлөрдүн бири болуп атканын, министрлик муну жоюу үчүн фактыларды кармап, ар бирине катаал мамиле жасоо керектигин айтат:

- Эч кандай иликтөө жүргүзүп, рейд жасоонун деле кажети жок. Акча жыйнаганын окуучулар өздөрү эле айтып берет. Менимче, бул буйрукту турмушка ашыруу анчалык деле кыйынга турбайт, болгону министлик катуу иштеши керек.
XS
SM
MD
LG