Америкалык аскерий өкүлдөр белгилегендей, коалициялык күчтөр Багдаддын борбордук бөлүгүн толук ээлеген акыркы эки күндүн аралыгында ачык байкалган нерсе – Саддам Хусейндин өкмөтүнүн өлкөнү көзөмөлдөй албай калганы. Айткандай эле соңку эки күндүн ичинде Ирактын жогорку бийлик өкүлдөрүнүн эч кимиси согуш аракеттери боюнча мурдагыдай болуп түшүндүрмө берген жок. Ирактын БУУдагы элчиси Мохаммед ад-Дури гана Нью-Йорктон кабарчыларга төмөнкүлөрдү айтты:
- Бул – согуш, согушта жеңгендер да, жеңилгендер да болот. Демек бул - кырдаал. Оюн бүттү. Мен эми тынчтык орнооруна үмүттөнөм.
Ал эми АКШ жетекчилиги азырынча согуш аяктады деп айтуу эртелик кылаарын, алдыда да оор уруштар бар экенин эскертүүдө. Коргоо министри Дональд Рамсфелд Пентагондогу басма сөз жыйынында буларды белгиледи:
- Али көп уруштар болот. Көптөгөн адамдар курман болушу мүмкүн. Күмөн санабаңыздар, көчөлөрдөгү майрамдоолорго карабай азыр баары бүтө элек.
Багдаддын негизги бөлүгү коалициялык аскерлердин колуна өткөнү менен шаардын айрым кварталдарында маал-маалы менен атышуулар жүрүп жатат. Бейшемби күнкү уруштарда америкалык тарап бир жоокерин жоготуп, жыйырмадай жоокер жаракат алган. Бул күнү америкалыктар Багдаддагы чоң мечиттердин биринин жанынан жоон топ ирак аскерлеринин, балким, республикалык гвардиячылардын огуна кабылды. АКШнын аскерий учактары болсо Багдаддын батыш тарабынын ирак аскерлери көзөмөлдөп турган бөлүктөрүн бомбалады.
Багдаддан кийин коалициялык күчтөр эми Саддам Хусейндин кичи мекени - Тикрит шаарын алууну көздөп жатат. Башкалаадан 150 чакырымча түндүктө жайгашкан Тикритке да абадан сокку урулууда. Өлүү-тирүүсү белгисиз Саддам Хусейндин өзү, эгер аман жүрсө, Тикритте жашырынып жатышы жана бул шаар режимдин акыркы таянычы болушу мүмкүн. Америкалык аскерий өкүлдөр Ирактын Республикалык гвардиясынын калган–каткан бөлүктөрү дал ушул Тикритте жайгашкан, эми шаар үчүн айгышкан уруштар жүрөт деп эсептейт.
Бейшембиде коалициянын аскерлери жана алардын тарабында согушуп жаткан күрттөр түндүктөгү Киркук шаарын ээледи. Ирак аскерлери шаарды таштап кеткенден кийин коалициялык күчтөр каршылыкка туш болушкан эмес. Түндүктөн өлкөнүн үчүнчү ири шаары – Мосул азырынча ирак аскерлеринин колунда калууда. Шаршемби күнү күрт аскерлери Мосулдун жолундагы маанилүү тоону алышкан эле. Күрт Демократиялык партиясынын лидерлеринин бири Хошияр Зебаринин айтымында, бул жерде да ирак аскерлери өз турумдарын курал-жарактары менен кошо таштап кеткен:
- Мен муну Түндүктөгү аскер өнөктүгүнүн эң маанилүү жетишкендиги деп мүнөздөөр элем. Бул ирак армиясы толугу менен чачыраганын көргөзүүдө. Болбосо алар өз турумдарын мынчалык жеңил калтырбаса керек.
Ирактагы согуш аракеттерине канааттануулар менен бирге, мыйзамсыздык , тартипсиздик жөнүндө кооптонуулар айтылып жатат. Себеби режим Багдадды көзөмөлдөбөй калды, бирок алардын ордун эч ким баса элек. Башаламандыктардан улам Багдадда, Басрада талап–тоноолор, карактоолор орун алды. Кабарларга караганда, Багдаддын суусуз, электр жарыгысыз, дары-дармектерсиз калган ооруканалары жарадарларга жык толгон. Эл аралык Кызыл Чырым уюму Багдаддагы кырдаалды "хаос" деп мүнөздөдү. Кечээ уюмдун бир кызматкери ок жеп, мерт болгон эле.