"Лос Анжелес Таймс" гезити жарыялаган интервьюсунда Пауэлл азыр Иракта согушуп жаткан коалиция – Ирактын жаңы өкмөтүн түзүү жана өткөөл жетекчилерин тандоодо башкы жоопкерчиликти өзүнө алат деп белгилеп, ал озуйпаны Бириккен улуттар уюмуна берүү жөнүндөгү сунуштарды четке каккан. Ирактын утурумдук бийлик башчылыгына Вашингтон дайындаган америкалык генерал Жэй Гарнер жакын арада Ирактын оппозиция лидерлери менен жолугуп, өткөөл өкмөттүн курамын талкууламакчы.
Колин Пауэлл согуштан кийинки Ирактагы кайра куруу иштерине АКШ жетекчилик кылат деп билдирди