Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

НАРЫН ШААРЫНДА АГАХАН БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИНИН ФИЛИАЛЫ АЧЫЛАТ


Дамир Калыков, Нарын Агахан-IV нүн каржылоосу менен курулчу Борбордук Азия университет филиалынын Нарын шаарындагы имаратын тикелөө иши 2000-жылдын 30-августунда макулдашылган. Ага Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан президенттери жана Агахан IV кол коюшкан. Агахан фондунун өкүлү, университеттин кеңсе башчысы Гүлнара Букараева бул туурасында кабарчыбыз менен ой бөлүшөт.

Исмаилиттердин бүткүл дүйнөлүк лидери Ханзада Агахан-IVнүн каржылоосу менен курула турган Борбордук Азия университетинин филиалын Нарын шаарында куруу жөнүндөгү 4 тараптуу мамлекет аралык сүйлөшүүлөр 2000-жылдын 30-августунда жүргүзүлүп, тиешелүү документке Тажикстандын, Кыргызстандын, Казакстандын президенттери жана мураскор Ханзада Агахан IV тарабынан кол коюлган. Бул келишимди ратификациялоо жөнүндө кыргыз парламенти ошол эле жылдын 29-декабрында мыйзам чыгарган. Өткөн жылдын октябрь айында Ханзада Агахан-IV Нарынга атайын иш сапары менен келип, университет курула турган жер менен таанышып, өз ниетин бекемдеп кеткен.

Учурда Агахан фондунун өкүлдөрү Нарынга келишип, практикалык иш-чараларды аткаруунун үстүндө иштеп жатышат.

Университеттин кеңсе башчысы Гүлнара Букараева «Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берди.

- Гүлнара Карымшаковна, Борбордук Азия университетинин Нарында ачылышына эмне түрткү болду?

- Университет элдин билим жана кесиптик деңгээлин көтөрүү, улан-кыздарга эл аралык деңгээлдеги билим берүү максатын көздөйт. Окуу процесси жалаң англис тилинде өтөт. Нарын аймагынан атайын тестирлөө жолу менен кабыл алынган мугалимдер чет мамлекеттен окуп келип, анан ушул университетке сабак берип калышы мүмкүн. Андан тышкары бул жакта чет мамлекеттен келген адистер да сабак берет. Бул окуу жайда бир гана ишкердик боюнча кесип алышат. Университеттин негизги максаты болуп азыр үзгүлтүксүз окуу процессин уюштуруу эсептелет. Анда мамлекеттик кызматкерлер, ишкер адамдар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү окушат. Азыр болсо биз Нарын облусунун райондорунун баарын кыдырып келип атабыз. Абалды талдап көрүп, муктаж болгондорго машыгуу сабактарын, курстарды өтөбүз.

- Курулуш иштери качан башталат жана куруучулар кимдер?

- Бул университеттин курулушун баштоо мөөнөтү азырынча белгисиз болуп атат. Ал план боюнча болот. Бирок азыр университеттин окуу мөөнөтүн өтүш үчүн обладминистрация музыкалык окуу жайынын имаратын берди. Анда ремонт иштери башталып атат. Азыр Агахан университетинен келген кызматкерлер айыл өкмөттөрүн, райондордун акимчиликтерин кыдырып атышат, мугалимдер менен жолугушууда. Ошолордун суроолору боюнча эң негизги өтүүчү курстарды, машыгуу сабактарын айыл өкмөттөрүндө зона-зона боюнча, же болбосо райондук мектептин базасында өтүшүбүз мүмкүн. Ага Нарын облусундагы атайын даярдалган машыктыруучулар катышат, же болбосо жергиликтүү Нарын университетинин мугалимдери катышышы мүмкүн. Университеттин курулушу 3 этап менен ишке ашырылат. Биринчи этабы - курулуш аянтын дыкаат изилдөө. Экинчиси - техникалык-экономикалык негиз түзүү. Үчүнчү этабында атайын сынактан өткөн курулуш мекемелери менен бирдикте курулуш иштери башталат. Учурда башкалаада долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Биз тоолуу аймактарда улан-кыздарга азыркы талапка ылайык билим берүү менен дүйнөдө болуп жаткан алдыңкы технологияга аралаштырып, алардан келечекте Кыргызстандын атуулдарын жана ишкер адамдарды даярдайбыз.
XS
SM
MD
LG