Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

ИРАКТЫК ОППОЗИЦИЯГА БИЙЛИК ТИЕБИ?


Саддам Хусейндин бийлиги кулап, Ирактын көпчүлүк бөлүгүн коалициялык күчтөр көзөмөлдөп калган чакта согуштан кийин өлкөнү ким башкарат деген маселенин көйгөйү артууда. Ирактын оппозиция лидери, сүргүндөгү Улуттук конгресстин төрагасы Ахмед Чалаби ушул ишембиде Ан-Насирия шаарында чогулуп, өлкөнүн келечегин талкуулоону сунуш кылган эле. Анын сунушун Вашингтон кабыл алган жок, анткени Ахмед Чалабинин өзүнө карата АКШлык жетекчилер ар башка пикирде экени айтылууда.

Тагдырдын сааты келип турганын сезген Ахмед Чалаби өткөн жекшембиде чет өлкөлөрдө даярдалган 700дөй жоокердин коштоосунда Ирактын түштүгүндөгү өзү туулуп-өскөн Ан-Насирия шаарына келип түшкөн. Көп жылдардан бери Саддам Хусейндин бийлигине каршы күрөшүп, андан улам АКШ жетекчилери менен алакалаш болуп калган Чалаби согуштан кийин Иракта таасирдүү кызматтардын бирин, ал эмес Саддамдын ордун ээлей
алчу болочок лидер катары аталып жүрөт. 58 жаштагы математик жана банкир мекенине кайтып келээр замат, Саддамдын күнү бүтүп баратканына, бийликсиз калган өлкөдөгү башаламандыкка күбө болуп, ирактык бардык оппозициячыларды ушул ишембиде чогулуп, алдыдагы иш-пландарды талкуулоону сунуш кылган.

Белгилүү болгондой, Вашингтон Ирактын утурумдук бийлик башчылыгына америкалык отставкадагы генерал Жэй Гарнерди дайындаган. Андыктан, Чалаби Ан-Насирияга келээр замат, "Вашингтон дайындаган жетекчи кайда? Ирактын эли кыйын күндөрдү баштан кечирип жатканын өз көзү менен көрбөйбү?" – деп ачуулана айткан болчу.


Вашингтон Чалабинин ишембиде Ирактын келечегин талкуулоо жөнүндөгү сунушун кабыл алган жок. Байкоочулар АКШ ал жыйын Чалабини "тактыга көтөрүү" актына айланып кетет деп чочулаганын айтышат. Айтор, АКШнын Мамлекеттик департаменти аны укмаксанга салып, ирактык оппозициячылардын жыйыны келээрки аптада өтөөрүн жарыялады. Журналисттер Ан-Насириядагы жыйын тууралуу сураганда, Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү Ричард Баучер мындай деп жооп берди.

Бул жыйын – кимдир-бирөөнү тактыга отургуза албайт. Анда өкмөт, же башка орган шайланбайт. Коалиция жетекчилери жөн гана Ирактын оппозициячылары менен жолугуп, өлкөнүн келечеги тууралуу көз-караштарын билүүнү көздөп жатышат.


Ахмед Чалаби – азыркы АКШ администрациясынан вице-президент Дик Чейни, коргоо министри Доналд Рамсфелд, анын орун басары Пол Вулфовиц менен ымалалаш болгону менен, Мамлекеттик департамент менен Борбордук чалгындоо башкармалыгынын жетекчилери аны жактыра бербээрин айтып жүрүшөт. Буга байланыштуу Вашингтондогу Жонс Хопкинс университетинин профессору Мариус Диид Чалабинин тагдырын акыры АКШ президенти Жорж Буш жана анын эң жакын кеңешчилери чечет деп белгилейт.

Ага байланыштуу чечим өлкө президенти, вице-президент, же коргоо министри тарабынан кабыл алынат. Ошондуктан, менимче, эгерде Ак үй согуштан кийин Ирактын башчылыгына Чалабини сунуш кылып, Пентагон макул болсо, аларга эч ким каршы боло албайт.

Ирактагы таасирдүү үй-бүлөдө туулган Ахмед Чалаби 1958-жылы ал кездеги Багдаддын саясатына каршы чыгып, Америкага бозгунчулукка кеткен. АКШнын Чикаго университетинде математика боюнча диплом алып, Бейруттагы университетте көп жылдар окутуучу болуп иштеген. Андан бери ирактык бозгун Иорданияда, Британияда жана Иранда жашап жүрдү. Жакында Чалабинин Тегерандагы үйүнө барып, интервью алган батыштык журналисттер ирак оппозициячысынын байлыгына, жашоо шарттарына айран-таң болуп кайтышкан. Атаандаштары Чалаби көп жылдардан бери АКШ Саддамга каршы күрөшкө берген акчага маарып кетти, ар кандай фонддордон каражат топтоо жагынан башканы алдыга салбаган айлакер болуп алды деп да жүрүшөт.

Ошентип, ирактык оппозициячыларды бириктирген Улуттук конгресстин өкүлдөрүнө согуштан кийин Вашингтон кандай роль даярдап жатканы белгисиз. Өткөн аптада британиялык "Гардиан" басылмасы: "АКШ Ирактын америкалык генерал жетектеген утурумдук өкмөтүнүн 23 министрин да тандап койду. Алардын баары – АКШ жарандары, бирок ар биринин төрттөн ирактык орун басары болот", - деп жазып чыкты. Анда айтылгандай, Ахмед Чалабиге финансы министринин орун басарлык кызматы тиет имиш. Эксперттер башкасы макул болсо да, дымагы күч Ахмед Чалаби андай жупуну орунга отура калаары күмөндүү дешет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG