Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

ИРАК СОГУШУНУН КҮТҮҮСҮЗ САБАКТАРЫ


Ирак согушунун аяктагандыгы жөнүндө расмий түрдө жарыялана электигине карабастан, айрым эксперттер уруштун сабактары жөнүндө кеп кыла башташты. Атап айтканда, аскерий адистер АКШ армиясынын бул согуштагы жетишкендиктери менен кемчиликтерин талдоого алып жатышат. Ошондой өксүктөрдүн бири - Саддамдын режими кулатылгандан кийин өлкөдө башталган баш аламандык - коалициянын жеңишине көлөкө түшүргөндөй болду.

Аскер адистери согуштун сабактары жөнүндө сөз кылууга али эртелик кылат дегени менен, алардын айрымдары азыртадан эле, Пентагон Доналд Рамсфелд баштаган реформаларды мындан ары да улантат дегенге негиз бар дешүүдө. АКШнын коргоо министри бул согушта алдыңкы технологияга жана чакан, мобилдүү топторго басым жасаган. Эксперттердин баамында анын бул аракеттери акталды.

Дээрлик үч аптага созулган урушта Кошмо Штаттардын куралдуу күчтөрү абада, жерде, деңизде бирдей мыкты аракеттенүүчү армия экенин далилдеди. Адистердин оюнча, анын машыгуусу, чалгындоо иштери, ошондой эле атайын күчтөрдүн даярдыктары, алардын координацияланышы, бутага бомба таштоочу системасы дүйнөдө теңдешсиз экени айкын болду. Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун аналитиги Энтони Кордесман: ”Перс булуңундагы согуштан бери АКШ өз армиясынын ар бир тармагын өркүндөтүүгө жетишти”, - дейт.
АКШ менен Улуу Британиянын согуш жүргүзүү планы эң жогорку профессионализм жана тажрыйба менен түзүлгөн. Кармаштын жүрүшүндө пландын кайсы бир бөлүктөрү ишке ашпай калган учурда, коалиция өз аракеттерин майдандык шартка ылайык тез арада өзгөртүп турду”, - деп улантат сөзүн Кордесман.

АКШ аба күчтөрү бейшембиде таркаткан маалыматка караганда, 23 миң бомбанын 70 пайызы бутага мерчеминен жазбай түшкөн.
Бул жагдай калк жыш жайгашкан жайларда курмандыктардын салыштырмалуу аз болгонун түшүндүрөт. Ооруканалардын өкүлдөрү жана Багдад өкмөтү кулаганга чейин берген маалыматтарда 20-марттан бери дээрлик 856 ирактык курман болуп, 5 миңге жакыны жараат алышкан. Салыштыра кетсек, тарыхчы Филипп Ришардонун Ажанс Франс Пресске берген маалыматына ылайык, Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда, 1944-жылы, Франциянын Гавр порту 1 саат бою фашисттер тарабынан бомбаланганда 5 миң француз өмүрүнөн ажыраган.

Согуш аракеттери башталганда АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд жана башкы командачылыктын жетекчиси генерал Томми Фрэнкс, көптөгөн сынга карабай, Перс булуңуна 300 миң коалициялык аскер жиберүүнү чечишкен. Алардын 125 миңге жакыны - Ирактын өзүндө топтолгон. (Айтып кетчү жагдай 1991-жылы Вашингтон Перс булуңда андан эки эсе көп жоокер жайгаштырган.)

Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун аналитиги Харлан Улмандын баамында: “Бул жерде карама-каршылык пайда болот – эми согушка караганда тынчтык орнотууга көбүрөөк аскер талап кылынат”.

Аскер адистери айткандай, коалиция күчтөрү тынчтык орнотууга караганда согуш жүргүзүүгө көбүрөөк мышыгышкан.

Багдад жана Ирактын башка ири шаарларында болгон соңку окуялар буга далил боло алат. Атап айтканда, режим кулагандан бери өлкөдө баш аламандык өкүм сүрүүдө деп бардык маалымат агенттиктер кабарлоодо. Баш калаадагы мамлекеттик ишканалар, дүкөндөр, мейманканалар жана өкмөт кызматкерлери менен бай адамдардын үйлөрү ийне-жибине чейин эч нерсеси калтырылбай таланып-тонолуп жатат. Жергиликтүү калк кароосуз калган имараттардан идиш аяктан баштап муздаткыч, отургучка чейин тоноп кетишүүдө. Ал эми айрым ирактыктар ошондой ууруларды жазалайбыз деген максат менен күнөөсүз адамдарды да жоопко тартышууда.

Көпчүлүк жерлерде суу, газ, электроэнергия, канализация өңдүү маанилүү системалар, тиричилик объектилери иштен чыгып калган. Атүгүл, айрым ооруканалар да талоонго учурап, даарыгерлер жарадарларга жардам көрсөтө албай калышты. Буга байланыштуу БУУнун башкы катчысы Кофи Аннан эл аралык жоболорго ылайык, өлкөдө мыйзамдуулук менен тартип орнотуу АКШ армиясына жүктөлөт деп айтты.

АКШнын Мамлекеттик департаменти жума күнү билдиргендей, 1200 полиция кызматкери жана атайын адистер жакын арада Иракка жөнөтүлмөкчү. Алар жаңы тартип коргоо органдарын түзүүчө көмөк көрсөтүшмөкчү.

Ал эми Багдаддын өзүндө тартип орнотуу жөнүндөгү АКШнын чакырыгынан кийин 7 жергиликтүү полиция кызматкери менен 150 адис кызматташууга даярдыктарын билдиришти. Байкоочулардын айтымында, ирактыктар арасында Баас партиясына караганда полицияга ишеним көбүрөөк. Ирак полициясынын полковниги Мохаммед Заки ишембиде АКШ аскерлери менен маселени талкуулап, мындай деп билдирди:

- Биз сүйлөшүү өткөрдүк, эми полиция эртеңден баштап кайрадан иштей баштайт. 400дөн ашуун полициячы эртең-бүрсүгүнү өз кызматтарын аткарууга киришет. Коопсуздук жана тартип үчүн жоопкерчилик ошолорго жүктөлмөкчү.

XS
SM
MD
LG