Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:39

УКУРУГУМ ДОЛОНО, КОРРУПЦИЯ ЖОЛОБО!


Кыргызстанда коррупцияга каршы туруу жайында оголе көп сөз болот. Башында президент А. Акаев алдым-жуттум чиновниктерине “Манастын арбагы уруп кетээрин” эскертсе, эми аларды абийирге чакыруу өнөктүгүн баштап жиберди.

Акыйкатта да коррупция тууралуу бийлик, оппозиция тарабынан оголе көп ачуу сындар айтылат. Алдым-жуттумдар “Ак Үйдүн” 7-кабатына чыгып алганы башка бирөө эмес, президент Акаев тарабынан жалпыга жарыя кылынган. Коопсуздук кеңешинин соңку отурумунда да коррупциянын кулагын кызартчу кыйла сөздөр чыкты. Ага каршы күрөшүүгө чакырылган күч бийлик жетекчилери аткарылган иштерди санап чыгышты.

Өкмөт башчы Николай Танаев коррупция элдин бийликке деген ишенимин, өлкөнүн эл аралык беделин кетирип атканына нааразы экенин жашырган жок. “Коррупция көпчүлүктүн көз алдында мамлекеттик бийликтин баркын кетирүүдө, өлкөнүн эл аралык аброюн түшүрүүдө,” - деп айтты ал.

Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев азырынча жоопкерчиликке азыноолак мыйзам бузгандар гана тартылып атканына токтолду. “Чынын айталы, биз жеке ишкердикке байланышкан финансылык көз боемочулуктардын бетин ачып, сот, тартип сактоо, көзөмөлдөө органдарындагы азыноолак мыйзам бузууларды жоопко тартуу менен алектенип келатабыз,” - дейт Мыктыбек Абдылдаев.

Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Калык Иманкуловдун пикиринде, жалаң күч бийлигинин аракети менен коррупцияны ооздуктоо кыйын.

Антип, коррупцияга каршы турчу жетекчилери алакан жайып отурганын көргөн президент А.Акаев Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңешин түзүү идеясын көтөрүп чыкты. Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөндөн бери коомчулук арасында ар кыл кепке арзыган Абийирдүү жетекчилердин улуттук кеңеши президент жарлыгы менен түзүлүп, ал мындан ары эмне кылаарын аныктап чыгуу милдети жаңы структуранын жетекчилигине тапшырылды. Нысаптуу жетекчилер кандай болуш керектигин, дегеле коррупцияга каршы күрөш кандай жүрүшү туура болоорун Николай Танаев башында турган кеңеш аныктап чыкмакчы.

Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңешинин төрага орун басары, президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков, президент Акаевдин коррупцияга каршы улуттук стратегиясын терең түшүнбөй туруп жооптуу ишти башташ бир топ жаңылыштыктарга алып келиши мүмкүн деп эсептейт. “Коррупцияга каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиясын жакшы түшүнүшүбүз керек,- дейт Болот мырза. – Президент Аскар Акаев Коопсуздук кеңешинде белгилеген улуттук стратегияны түшүнбөсөк көп жаңылыштыктарды кетиришибиз мүмкүн. Укук коргоо органдарынын иши менен, жалаң мыйзамдын негизинде аларды камап, соттоп, жалаң гана административдик жолдор менен бара турган болсок, бул көрүнүштү биз жеңе албасыбыз айдан-ачык көрүнүп калды. Баарыбыз ачык эле айтып атпайбызбы, көрүп деле турабыз, көпчүлүгү өз чөнтөгү, жеке кызыкчылыгы үчүн иштеп кетип атышпайбы”.

“Агым” гезитинин башкы редакторунун орун басары Түгөлбай Казаков Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңешинин түзүлүшү түшүнүксүз деген пикирде. “Абийирдүү башкаруучулардын кеңешин түзүүдөн мурда канча абийирдүү башкаруучу бар, Кыргызстанда канча абийирдүү башкаруучу калды, деги абийири менен жашаган таза, колу туткак эмес киши барбы өзү – ушуну тактап алыш керек,- дейт Түгөлбай мырза. - Макул, аны түзүп алды, Аскар Акаевич бир да кишини таппай калышы мүмкүн. Коррупция менен коррупционерлер эч качан күрөшпөйт”.

Абийирдүү, нысаптуу жетекчилердин улуттук кеңеши – кыргыз демократиясынын жаңы табылгасы, бийлик башында отургандардын сүйгүнчүк идеясы, алыскы-жакынкы өлкөлөрдүн бир да бирөөндө учурабаган түзүлүш. Анан да абийирдүүлүк - саясий өң-түскө караганда моралдык-этикалык категорияга көбүрөөк ыктаган түшүнүк. Жаңы түзүлүштүн кайрымжысы кандай болот – аны мезгил көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG