Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

БИШКЕК-ТОРУГАРТ ЖОЛУНДА ӨРТТӨЛГӨН 21 КИШИНИН ҮЧӨӨ КЫРГЫЗСТАНДЫК БОЛУП ЧЫКТЫ


Бишкек-Торугарт жолунда автоунаада күйүп кеткен кытайлык жарандардын сөөктөрү дүйшөмбү күнү эртең менен өз мекенине жөнөтүлдү. Ушул кайгылуу окуяда набыт болгон кыргызстандык үч кишинин ким экендиги учурда аныкталууда. Ал эми кылмыш фактысы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы чыга элек.

27-мартта автоунаада белгисиз кылмышкерлер тарабынан өрттөлгөн 21 жарандын 18и кытайлык жана үчөө кыргызстандык жарандар болуп чыгышты. Набыт болгондорду таануу боюнча түзүлгөн кыргыз-кытай биргелешкен эксперттик тобу эки апталык иликтөөдөн кийин ушундай тыянакка келди. Анын натыйжасында 14-апрелде 15 кишинин сөөгү автоунаа менен атайын кызматтын коштоосунда Торугарт аркылуу Кашкарга жөнөтүлдү. Бул иш-чарага окуя боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссия мүчөлөрү толук курамында, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Хун Цзуинь, Синьзянь уйгур автономиялуу облус губернаторунун, Кызылсуу райондук акиминин жардамчылары жана коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү катышты. Ал эми калган үч кишинин сөөгү жүргүнчү ташыган учак менен 15-апрелде эртең менен Үрүмчүгө жөнөтүлөт.

Кыргызстандык үч жарандын сөөгүн да өз туугандарына тапшыруу чаралары көрүлүүдө. Өкмөттүк комиссиянын төрагасы, вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиевдин билдиргенине караганда, алар Жалалабад облусунун тургундары болчу:

- Жүктүн ичинде «5600 доллар бар, тигиге-тигиге бересиңер» деген кат бар экен. Ошол боюнча Кытайдын укук коргоо органдары ал кишилерди таап, такташса, булар Жалалабаддын тургундары экен.

Териштирүү учурунда бул эки эркек, бир аял өзбек улутундагылар экендиги аныкталган. Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгынын башчысы Макен Турдугуловдун айтымында, азыр булардын Бишкекке чакыртылган туугандары менен бирге сөөктөрдү таануу иштери жүрүп жатат.

Ошентип, мындан 18 күн мурда Бишкек-Торугарт жолундагы Сарыбулак айылына жакын жерде автоунаада өрттөлгөн адамдардын сөөктөрүн аныктоо менен комиссия иликтөөнүн биринчи этабын аяктады. Кытай тарап кылмыштын тезирээк ачылышына, чыгымдардын орду толтурулушуна кызыкдар.

- Кытай эксперттери кылмышты кыска мөөнөттө ачыш үчүн кыргызстандык кесиптештери менен кызматташууну улантат,- деди Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Ли Хуа. Кубанычбек Жумалиев болсо өз ара сүйлөшүүлөр учурунда тараптар кайгылуу окуя алып келген чыгымдарды кылмышкерлер төлөшү керек деген тыянакка келишкенин белгиледи.

Бирок азырынча тиешелүү тараптар кылмышка байланыштуу жаңы маалымат тарата элек. Бишкек шаардык ички иштер кызматынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин ушул күнкү маалымат жыйынында билдиргенине караганда, бул кылмышты иликтөө жагын кыргыз президенти Аскар Акаев өзү көзөмөлгө алууда.

Комиссия алгачкы билдирүүсүндө окуяны «криминалдык өңүттө жасалган кылмыш» деп баалап, «жүргүнчүлөр атып өлтүрүлгөндөн кийин өрттөлгөн» деген божомолду жарыялап, ага далилдерди келтирген. Башкы тергөөчү Макен Турдугуловдун айтымында, набыт болгон жарандардын сөөктөрүн жакындарына түгөл тапшырып бүткөндөн кийин тергөө тобу өзүнүн алгачкы божомолдорун ачыкташы ыктымал.

Ал эми өкмөттүк комиссия чет өлкөлүк жарандарга байланыштуу ушундай оор кылмыштарды мындан ары болтурбоо максатында коопсуздук чараларын көрө баштады. Маселен, Кубанычбек Жумалиев Кытай менен каттамдарга байланыштуу төмөнкүдөй өзгөрүүлөр кирип жатканын белгиледи:

- Бишкек-Артуш-Бишкек-Кашгар автобустарын жөнөткөндө сөзсүз түрдө билеттерди паспорт аркылуу сатуу жана алар түшкөн автоунаа тууралуу толук маалымат алуу, бекеттерде текшерүү караштырылууда. Мындан тышкары Ички иштер министрлиги Кызыл көпүрөгө кайра бекет коюп, текшерип турууну сунуш кылып атат. Муну да карап көрөбүз, бирок, азырынча чечим кабыл алына элек.

Тышкы иштер министрлиги болсо чет өлкөлүк жарандардын келим-кетимине байланыштуу жаңы эрежелерди даярдоодо. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өткөн он жыл ичинде чет өлкөлүк жарандарга карата Кыргызстандын аймагында чуулгандуу он кылмыш фактысы катталган. Алардын басымдуу бөлүгү Кытай Эл Республикасынын жарандарына байланыштуу болгон.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG