Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

СИРИЯ ВАШИНГТОНДУН КЫЙКЫМЫНДА КАЛДЫ


Кошмо Штаттардын администрациясы соңку күндөрү Сирияны дипломатиялык “төө бастыга” ала баштады. Буга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан олуттуу камтамачылык билдирип, Вашингтондун дипломатиялык мындай демитмеси Жакынкы чыгыштагы кырдаалды огобетер дестабилдештире тургандыгын эскертти. Ал эми Египет президенти Хосни Мубарак америкалык администрацияны арап өлкөлөрүн нөөмөт менен бутага ала баштады деп айыптады. Бирок британ тышкы иштер министри Жек Стро мындай пикирлерди четке какты.

Сирия эң оболу Ирактагы режимдин ат-тонун ала качкан төбөлдөрүн корголотуп, аларга колдоо көрсөтүп жатканы, буга кошумча массалык кыргын салуучу куралдардын айрым түрлөрүн түзүп, сынактан өткөргөнү үчүн Вашингтон администрациясынын дипломатиялык кыйкымына кабылды. Кошмо Штаттардын коргоо министри Дональд Рамсфелддин кептерине ылайык, Сирия, биринчиден, соңку он эки - он сегиз айдын аралыгында химиялык курал сынаганынан, экинчиден, жергиликтүү тургундарды жана башка мандемдүү адамдарды чек ара аркылуу Иракка өткөрүп жатканынан Вашингтон администрациясы жакшы кабардар. Андан мурда мындай айбаттуу апаздарды президент Жорж Буш өзү, коопсуздук иштер боюнча башкы кеңешчи Кондализа Райс, атүгүл аскерий өкүлдөр да айтышкан эле. Алардын катарында мамлекеттик катчы Колин Пауэлл региондо жаңы кырдаал түзүлгөнүн, андыктан аймактагы өлкөлөр өздөрүнүн өткөндөгү практикасы менен жосун-жолоюн таразалап, ойлонуп көрөрүн эскертип өттү. Акырында Ак үйдүн маалымат катчысы Ари Флейшер Сирияны “душман” деп атады, ошентсе да президент Башар Асад - жаш жетекчи, андыктан анын туура жолго түшкөнгө мүмкүндүгү бар экенин кошумчалады.

Вашингтондук өкүлдөрдүн кайсы бир өлкөгө минтип жабыла ат койгон учурун илгери-мурда байкап-бакпаган аналитиктер, алардын ичинде Мичиган университетинин профессору Раймонд Тэнтер буга өзгөчө назар оодарып жатышат. АКШ менен Сириянын ортосундагы алакаларда буга чейин жогорку даражалуу ырасмий адамдар мындай маанидеги билдирүүлөрдү жасаган эмес эле, деп айтты Тэнтер. Ошондуктан Тэнтер кокус Ирактан кийин коалициянын ракеталары менен жазайыл-жарактары Сирияга түздөп-мээленип калса көп деле таң калбай тургандыгын белгиледи. Бирок британ министри Жек Стро мындай түкшөмөлдөрдү жокко чыгарды. Вашингтон менен Лондон, Стронун сөздөрү боюнча, Ирактан кийин ким бирөөнү бутага алганы жаткан жок. Ошону менен бирге Сирияга багыштап, жооп ала турган бир катар олуттуу соболдор бар, деп ырастады британ министри. Бул маселелерде Сирия коалиция менен активдүү кызматташарына Стро ишенич билдирди.

Сирия болсо, арийне, Вашингтондун айыптарын караманча кабыл алган жок. Региондо химиялык, биологиялык жана ядролук куралга ээ болгон бир гана өлкө бар, ал - Израиль, - деп айтты тышкы иштер министри Фарук аль-Шараа. Министрдин айтымында, массалык кыргын салуучу куралдары жоктугун далилдөө үчүн Сирия өлкөгө эл аралык инспекторлорду чакырганга даяр. Ал эми Багдаддагы режимге келсек, Сирия аны менен эгерим кызматташкан эмес, болгону Саддам Хусейндин бийлигинен, согуштун мүшкүлүнөн өлчөөсүз жабыр чеккен ирак элине гана колдоо билдирип келген, деп айтты министрликтин өкүлү.

Вашингтондун Сирияны күнөөлөгөн жүйөөлөрүн арап өлкөлөрү да четке кагышты. Арап мамлекеттер лигасынын баш катчысы Амр Муса америкалыктардын опузасына өтө таң калгандыгын билдирсе, Египет президенти Хосни Мубарак арап өлкөлөрү биринен сала бири Кошмо Штаттардын бутасы боло баштагандыгын белгиледи. Мындай кооптонууларга алардын соңунан Франция менен Россия да кошулду.

XS
SM
MD
LG