Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

НАКЕН КАСИЕВ: «КОРРУПЦИЯ АКЫРКЫ ЖЫЛДАРЫ ӨТӨ КУРЧ МҮНӨЗ КҮТТҮ»


Кожогелди Култегин, Ош Ош облусунун губернатору Накен Касиев менен коррупцияга каршы күрөш тууралуу маек.

- Накен Касиевич, кайрадан өлкөбүздө коррупция маселесинин кырынан коюлушуна пикириңиз кандай?

- Коррупция акыркы жылдарда өтө курч мүнөз күттү. Ошонун негизинде жакынкы Коопсуздук Кеңеш жыйынында президентибиз бир цифраны айтты. 600 миллиондун тегерегиндеги каражат коррупциянын жолунда калгандыктан, биздин бюджет каражаттан чектелип атат.

- Жакында өткөн Коопсуздук Кеңеши демекчи, андан эл-журт көп нерсени күттү эле. Бирок жумшак маанайда өтүп, супсундары сууй түштү окшойт.

- Чынында, ошол кеңеш болоордун алдында көпчүлүк күтсө керек, «ошол кеңештин жыйынтыгы менен бир топ адамдар кызматтан кетет, же болбосо чоң жыйынтык чыгарылат» деп. Сыртынан жумшак көрүнгөнү менен катуу сөз болду ал жерде. Көп министрликтерге бул боюнча президент жактан баа коюлду. «Келиним сага айтам, керегем сен ук» деп, көпчүлүк бери жакта катышып аткан адамдарга да чоң таасирин тийгизди. Муну бир күндө эле «кылыч менен башын алып койгондо» бул маселе чечилбейт. «Жетекчилердин ролу - абийирдүүлүк менен башкаруу» деген сөз кирип атпайбы. Ушул сөздүн мазмуну айыл өкмөттөн баштап өкмөттүн башындагы адамга дейре, ар бир жетекчиге тийиштүү болуш керек. Менимче баарыбыз түшүндүк, эгер бүгүн эле кээ бирлердин башы ыргып кетпесе, кийинчерээк бул тууралуу сөзсүз жооп берет.

- Парадокс мындан экен, эң талуу коррупция маселесин Коопсуздук Кеңешинде негизинен жарды өлкөнүн байлары, демек коррупционерлер өздөрү талкуулап жатышкандай.

- Тилекке каршы, бийликтин башында турган адамдардын каражат жагынан көз карандысыз болууга умтулгандары көп болуп атат. Кээде аша чапкандар бар. 2-3 машина алып алгандар, 2-3 үй салып алгандар бар. «Бул каражаттар кайдан келди» деген суроо туулуп атат. Ошолорду тактай турган, ошолорду ордуна коё турган убакыт келди. Жакыр мамлекетте туруп алып, өтө аша чаап кеткендин моралдык, юридикалык, адамдык жактан дагы жоопкерчилиги зор. Мен мунуңузга толук кошулам.

- Сиз жетектеген Ош облусунда коррупцияга каршы кандай иш-чаралар жүргүзүлө баштады?

- Чоң коллегия өткөрдүк. Коопсуздук Кеңешинин чечимин ишке ашыруу боюнча күч бийликтери, айыл өкмөттөрүбүздөн баштап, биринчиден, акыркы жылдарда кандай финансылык бузуулар, кандай чыгашы болду - ушуну карап чыктык. Ар биринин жоопкерчилигин сурадык. Тескей турган бийлик, полиция, прокуратура, коопсуздук кызматкерлери бар. Ошолордун өздөрүнүн тазалыгы, акыйкаттыгы болуш керек. Эгер алар коррупцияга өздөрү аралашып кетсе - мындан эч кандай жыйынтык чыкпайт. Ошондуктан коллегияда ушундай тапшырма бердим. Биринчиден, кадрлардын тазалыгын, алардын патриоттуулугун, экинчиден, аларды ачка койбой, өз убагында айлык алышын көзөмөлгө алыш керек. 2002-жылы борбордук жана облустук эсеп палаталары 181 уюмда текшерүү жүргүзүшкөн. Ошондо 60 млн. тегерегинде каржылык тартип бузуу учурлары ачыкка чыккан. Ошонун 53% кайра ордуна коюлду. Бул каражат прокуратуранын, соттун, ички иштер башкармалыгынын ишинен улам ордуна келди.

- Облуста 60 млн. сомдук финансылык мыйзам бузуулар болуп, анын 53% кайра ордуна коюлса, жазалангандар жок эместир?

- 10 кишинин иши сотко өткөрүлүп, кесилип кетти. 15 киши жоопко тартылып, ишинен кетти. Андан тышкары, административдик жана финансылык штрафтар салынды.

- Текшерүүлөрдү азайтуу боюнча сиз облуста жарыялаган мораторий кичине болсо да коррупцияга жол ачып койбойбу?

- «Кайра иштетүү жылы» деп 2001, 2002, 2003-жылдарды жарыялаганбыз. Биз иликтеп көрсөк, жаңыдан уюшулуп аткан, кредит алып иштей баштаган кээ бир мекемелерди көп органдар келип улам-улам текшерип, бутуна тургузбай, алардын экономикалык абалына бир топ зыян келтирген учурлар пайда болуптур. Ошондуктан мен 3 жылда кайра иштетүү процессин ордуна коймоюнча, кайра иштетүү мекемелерин, жаңыдан уюшулган мекемелерди 3 жылга чейин текшербөөгө мораторий жарыялагам. Бул боюнча прокуратурага тапшырма берилген. Бул ишке ашырылып атат.

Американын ЮСАИД уюму, биз жана өкмөт атайын токтомго кол койгонбуз, биз жактан текшербөө, АКШ жактан каражаттарды алып келип донорлордун жардамын берүү, өкмөт жактан жалпы көзөмөлгө алуу туурасында. Ал ишке ашууда. Менин оюмча бул туура, керектүү нерсе. Андан кийин биздин президентибиз жардык чыгарды. Ал указда биздин жасап аткан ишибизи туура деп табылып, ал бүт өлкөгө жайылтылды.

XS
SM
MD
LG