Швейцариялык бейөкмөт CIMERA уюмунун колдоосу менен ишке ашкан бул иликтөөнүн максатын Борбордук Азиядагы маалымат каражаттарын колдоо долбоорунун регионалдык координатору Элмира Токтогулова:
- Иликтөө Кыргызстандагы ар тилдүү маалымат каражаттарынын айырмачылыктарын жана алардын коомдук-саясий өнүгүүгө тийгизген таасирин аныктоо максатын көздөдү, - деп түшүндүрдү.
Кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат каражаттарынын өзгөчөлүктөрү буга чейин иликтене элек болчу. Маалымат каражаттарына колдоо көрсөтүү долбоорунун алкагында СИМЕРА уюму бул иликтөөнү Кыргызстандагы тил саясатынын өзгөчөлүктөрүнө байланышкан проблемаларды эске алуу менен жүргүздү. Китеп болуп чыккан иликтөөгө тыянак чыгарган автор, социология илимдеринин кандидаты Гүлнара Ибраева маалымат каражаттарынын деңгээлин тилдер эмес, журналисттердин өздөрүнүн дарамети жана окурмандар чөйрөсү аныктай тургандыгын белгилеген.
Ошондой болсо да респонденттердин басымдуу бөлүгү кыргыз тилдүү маалымат каражаттарына караганда орус тилдүү маалымат каражаттарынын таасири артык экенин баса көрсөтүшкөн. Иликтөөнү социологдор окурмандардан, журналистика факультеттеринин окутуучуларынан, студенттерден жана журналисттерден турган 150 адамдын катышуусунда жүргүзгөн. Мындан тышкары орус тилдүү «Моя столица», «Вечерний Бишкек» жана кыргыз тилдүү «Агым», «Фергана», «Кыргыз руху» гезиттеринин материалдарына талдоо жүргүзүлгөн.
Респонденттердин жана эксперттердин басымдуу бөлүгү орус тилдүү маалымат каражаттары кесипкөйлүгү жана сапаты жагынан алдыңкы орунда, кыргыз тилдүүлөр экинчи орунда, аз улуттар үчүн чыккан гезиттер үчүнчү орунда тураарын белгилешкен. Алар мындай көз карашты гезиттин тилине, өтүмдүүлүгүнө, окурмандар чөйрөсүнө, маалымат булактарынын деңгээлине, тигил же бул саясий топко жакындыгына, журналисттердин курагына жараша айтышкан. Ошондой эле алар кыргыз тилдүү гезиттерди оперативдүүлүктүн жана талдоонун жоктугу, бир жактуулугу, тилинин чоркоктугу үчүн сындашкан. Маселен, студент-респондент:
- Биздин гезиттер бир эле багытта жазгандай көрүнөт. «Агымды» окусаң жалаң эле жамандамай, «Кыргыз туусунда» жалаң гана мактоо. Эки жакты тең чагылдырган, сынды дагы, мактоону дагы айкалыштырган гезит жок бизде, - дегени бар.
Бул боюнча, эки тилде жазган журналист өз оюн минтип түшүндүргөн:
- Орус тилдүү журналисттер фактыны так беришет, кыргыз тилдүүлөр арканды алыстан ыргытат. Анын үстүнө орус тили бай, так, кыргыз тилине бул жагынан кыйыныраак. Биздин менталитет да ушундай эмеспи, бетке чаба албайсың.
Ал эми кыргыз тилдүү гезиттердин биринде иштеген журналист:
- Биз азыр орус гезиттерден макет түзгөндү, дизайн жасалгаларын үйрөнүп атабыз. А бирок, орус гезиттерде орус шовинизми күчтүү. Бизде, кыргыз гезиттерде андай жок, - деп жооп берген.
Орус, кыргыз тилдүү гезиттер чагылдырган темалар да талдоого алынган. Салыштырууга караганда, кыргыз гезиттеринде ички саясат, адеп-ахлак, экономика, Кыргызстандагы жана четтеги кыргыздардын турмушу көп чагылдырылат экен. Орус гезиттеринде тышкы жана ички саясат, миграция, этностук маселелер, криминал жана экономика жаңылыктары басымдуулук кылат. Бул жагынан уюм эки тилдеги гезиттер бири-бирине жакын деген тыянакка келген. СИМЕРА уюмунун кызматкерлеринин пикирлерине караганда, маалымат каражаттарынын сапаттык деңгээлине байланышкан иликтөө дагы уланат.
- Китепке кызыккандар көп болуп атат. Окурмандардын, адистердин кеңири чөйрөсү таанышып чыкса, китепке пикирлер айтылса, андан кийин иликтөөнү улантуу жагын караштырабыз. Анткени, көптөгөн проблемалар бул багытта иликтөөлөрдүн уланышын талап кылууда, - дейт «CIMERA» уюмунун координатору Элмира Токтогулова.