АКШнын аскерий жетекчилиги 15-апрелде Ирактын Мосул шаарында америкалык аскерлер жергиликтүү калк өткөргөн митингге каршы ок атып, жети адамды өлтүргөнүн мойнуна алды. Жетекчиликтин айтымында, аскерлерге каршы митингчилер тарабынан биринчи ок атылган. Окуяга катышкандарга шилтеме берип, эл аралык маалымат агенттиктери 15-апрелде Мосул шаарында кеминде 10 адам жана 16-апрелде дагы үч киши өлтүрүлгөндүгү тууралуу билдирүүдө. Он бешинде шаардын мэриясы алдында митинг болгон, он алтысында болсо, жергиликтүү банкты карактаган адамдар кармалган.