Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

РОЛФ ЭКЕУС: «КЫРГЫЗСТАНДАГЫ УЛУТТУК АЗЧЫЛЫКТАР МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА АТАЙЫН ИШ БАГЫТЫН АНЫКТОО ЗАРЫЛ»


Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары Ролф Экеус Кыргызстанда үч күндүк иш сапары менен болуп, өлкөдөгү улуттук азчылыктардын көйгөйлөрү проблемасы жана алардын ортосундагы мамилелери менен таанышты.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунунун улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары Рольф Экеус Кыргызстанга ушул аптанын башында келген. Анын иш сапарынын максаты - Кыргызстандагы улут аралык мамилелер, өлкөдөгү аз улуттардын өкүлдөрүнүн коомдук-саясий турмушка катышуусу, демократиялык реформалардын жүрүшү тууралуу кеңири маалымат алуу болгон.

Ал ушул багытта президент Аскар Акаев, бардык бийлик бутактарынын жетекчилери, мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов менен жолугушуу учурунда пикир алышты. Мындан тышкары ЕККУнун өкүлү швейцариялык CIMERA уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Ош шаарында өткөргөн «Кыргызстандагы аз улуттардын эне тилинде жана көп тилде билим берүү» деген темадагы «тегерек стол» жыйынына катышты. Рольф Экеус ал жыйында улут аралык нааразылыктарды, жаңжалдарды болтурбоонун башкы куралы - алардын алдын алуу деп билдирди. Экеустун айтымында, ал үчүн улуттардын ортосундагы ымаланы күчөтүү, бул максатта билим берүүнү өркүндөтүү зарыл, анткени билим берүү - бирдиктүү жашоонун башкы ачкычы. Ушундан улам жыйында көп улуттуу Кыргызстандагы, айрыкча анын түштүк тарабындагы ар бир улуттун өкүлү өз эне тилинде сүйлөп, улуттук өз алдынчалыгын сактаса, улут аралык араздашуулардын аз боло тургандыгы айтылды.

Бул маселенин тегерегинде Ролф Экеус 17-апрелде президент Аскар Акаев менен жолугушканда да пикир алышты. Ал тууралуу Ролф Екеус:

- Биз президент менен жолукканда улуттук азчылыктардын коомго интеграцияланышы жана аны гармониялуу өнүктүрүү тууралуу сүйлөшүп, башкы көңүлдү билим берүүгө жана тил маселесине бурдук, - деп билдирди.

Жогорку комиссардын баамында, Кыргызстанда улуттар аралык ынтымакка жана өлкөнүн коомдук–саясий турмушуна аз сандагы улут өкүлдөрүнүн кадыресе катышуусуна жеткиликтүү көңүл бурулат. Бирок, Экеустун пикири боюнча, жаңы иш багыттарын иштеп чыгуу зарыл.
ЕККУнун өкүлүнүн айтымында, Кыргызстандын түштүк тарабында улуттар аралык мамиле боюнча ойлоно турган бир катар жагдайлар бар. ЕККУнун жогорку комиссары ал кандай курч проблемалар экендигин журналисттерге ачык айткан жок. Бирок ЕККУ кырдаалга ар дайым көз салып тураарын баса белгиледи:

- Мен бул жерде өз көз карашымды же соңку пикиримди ачык айта албайм. Бирок биз Кыргызстандын түштүк аймагындагы кырдаалга дайыма көңүл буруп, ошого карата уюм өз мамилесин тактайт.

ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары бейшембиде бул маселелерди Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин төрагасы Мирсаид Миррахимов, Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу жана ЕККУга мүчө болгон мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери менен жолугушканда да талкуулады. Анда айтылган маалыматтарга караганда, улуттар ортосундагы нааразылыктардын алдын алыш үчүн калктын жалпы социалдык жашоо деңгээлин жогорулатуу, билим берүүнү өркүндөтүү жаатында уюм көрсөтө ала турган жардамдар тууралуу да сөз жүрдү.

- Биз экономикалык проблемаларды чечиш үчүн ЕККУ Кыргызстанга көрсөтө турган жалпы жардам тууралуу пикир алыштык. Бирок уюм канча суммадагы каражат көрсөтө алаары жөнүндө сөз болгон жок, - деп билдирди Рольф Экеус.

XS
SM
MD
LG