Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Кыргызстандын экономикасынын соңку 3 ай ичиндеги көрсөткүчтөрү


БИШКЕК. 2003-жылдын 3 айында өлкөнүн ички дүң продуктусу 5,2% өстү. Анын ичинде өнөр жайы 7,5%, айыл чарбасы 2,1% өскөн. «Кумтөр» алтын кенин кошпогондо өнөр жайы биринчи кварталда 14,9% өсүүнү камсыздаган. Ал эми инфляциянын көлөмү үч ай ичинде 2% болду. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге Улуттук статистика комитетинин башчысы Зарылбек Кудабаев билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын башталышы жакшы. Январь-февраль айларында тышкы сооданын көлөмү 144 млн. долларга жакын болуп, анын ичинде экспорт 79 млн. долларга, импорт 75 млн. долларга чамалап барган. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экспорт 10,7% өсүп, импорт 11% кыскарган.

XS
SM
MD
LG