Адегенде бул маалыматты Кыргызстан тарап эмнегедир жашырууга аракет кылганын белгилей кетели. Окуя болсо 14-апрель күнү түшкө жакын болгон. Шаркансай дарыясы Өзбекстан менен Кыргызстандын, андан да тагыраак айтсак, Кыргызстандын Карасуу шаары менен Өзбекстандын Карасу шаарынын чек арасын аныктайт. Үстүбүздөгү жылдын 9-январынан баштап Өзбекстан дарыядагы көпүрөнү буздуруп, тостуруп, бул чөлкөмдөрдөгү расмий каттам толук үзүлгөн. Бирок эл, айрыкча Кыргызстандын Карасуу базарында тирилик кылган өзбекстандыктар Шархансай дарыясынан жасалма көпүрөлөр, чоң-чоң камера-баллондор менен дале ары-бери өтүшүн токтото элек. Андыктан кийинки кездерде Өзбекстандын аскерлери дарыяны да кайтарууга алышкан. Чогулуп акча топтоп беришсе өткөндөрдү көрмөксөн болуп коюшат. Алар дарыянын берки жээгиндеги кыргызстандыктар менен бара-бара өчүгүшүүдө. Кээде эки тарап, демек Өзбекстандын аскерлери менен Кыргызстандын жарандары кыйкырып сөгүшүп, кээде таш менен урушма адат табышкан. Анан эле 14-апрель күнү 20 чакты аскер Кыргызстан тарапка катар автомат сунуп, татыратып атып калбаспы. Окуяны өз көзү менен көргөн 73 жаштагы Ташказиев Муллажан аксакалдын сөзү:
- Көпүрөнүн үстүнө келип балдарды токтоттум. «Эмне болду, кандай?» - десем: «Алар атты, кийин биз аттык» - дешти. Ары жактагы аскерлер менен бул жактагылар таш менен урушуп атышат. Аларды токтотуп: «Атпагыла, уят болот. Силер өкмөттүн адамысыңар» - дедим. Алар дагы таш атты. Мен качып барып үйдүн аркасына өтүп алдым. Андан кийин ок атыла баштады. Атыша берди, элдерге тийди. Балдар жашынып турду эле, ошол жерге ата беришти.
Аксакалдан аскерлердин санын сурасак:
- 25тей бар. Лотоктун артына өтүп алып, жатып алып атышты, - дейт.
Ал эми жаадырылган ок канча экендиги тууралуу суроого:
- Элүүгө барат, элүүдөн да ашык. Балдар окту бул жерден терип сууга ташташты. Мен текшерээрин билбедим да, - деп жооп берди.
Ал эми ошол жердик Рустам Ходжаев буларды кошумчалады:
- Өзбекстандан аскерлер келип, сүйлөп, автоматтардан атышты. Элдердин баары качып калды. Башчылары келгенде, «биз аткан жокбуз, кыргызстандыктар атты» дешти. Кыргызстандан, Өзбекстандан эксперттер келип, ок тийген жерлерди текшеришип, «туура, атышыптыр, кадимки согуштук патрон экен» деп кетишти. Уралбаев Эржан деген командири келип «Огонь» дептир.
Албетте, бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, Карасуу райондук ички иштер бөлүмүндө тергөө жүрүп жатат. Бирок ал тууралуу маалымат берүүдөн ички иштер бөлүмүнүн башчысы Никрам Ташбековдун эмнегедир караманча баш тартканы таң калыштуу болду. Окуя тууралуу Карасуу шаар башчысынын орун басары Адылбек Абдыгапаровдун ою болсо мындай:
- Азыркы күндө элдер кыйналганынан мыйзамсыз иштерди кылып, ал жакка, бул жакка элдерди өткөрүп, адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиришүүдө. Арасында кары-картаңдар бар дейт. Түшүп кетиши мүмкүн. Кыскасы салыкчы органдарга проблема түзүлгөн маал болуп атат. Бирок эл өзү билемдик кылып түшүп, кечээ күнү атыша башташты. Ага чейин таш атышып, аскерлер менен айтышкан күндөр болгон. Эми тез арада, мүмкүн болушунча өкмөттүн деңгээлинде ушул маселени чечип бербесек, мунун аягы кечээки окуядан да жаман болушу мүмкүн.