Грекиянын борборунда өткөн Европа Биримдигинин лидерлеринин 2 күндүк жыйыны ошентип, Ирак боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алуу менен жыйынтыкталды. Билдирүүдө согуштан кийин Иракты калыбына келтирүү, өлкөнүн жаңы, өткөөл өкмөтүн түзүүдө Бириккен улуттар уюму борбордук роль ойношу керектиги белгиленет. Афинадагы саммитке Бириккен улуттар уюмунун башкатчысы Кофи Аннан да катышып, БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иракта ким башкы саясий ролду аткараарын аныктап, атайын мандат берүүгө тийиш деп маалымдаган. Саддам Хусейнди бийликтен кулатууну көздөгөн согушту колдогон жана ага каршы тарап болуп экиге бөлүнүп калган европалык лидерлер кантсе да, талашып отуруп, мунасага келип, согуштан кийинки Ирак боюнча орток документ кабыл алышты. Байкоочулар бирок, ал шаршембиде эле жарыяланаары күтүлгөнүн, билдирүү АКШ тараптагы Британия, Испания жана Ирактагы согушка каршы чыккан Франция, Германиянын ортосундагы мунасалуу декларация болуп калганын айтышат.
Европа Биримдигинин учурдагы төрагасы, Грециянын премьер-министри Костас Симитис да билдирүүдөн бир беткей жыйынтык жасоо эртелик кылаарын эскертти.
- Бул билдирүүнү орток пикирдин каркасы катары кабылдоо кажет. Анткени азыркы тапта келечекте ким, кандай милдет аркалаарын бөлүштүрүп, так аныктоо мүмкүн эмес.
Европалык лидерлердин билдирүүсүндөгү 2-башкы пункт – АКШ жетектеген коалиция Иракта бейпилдик, стабилдүүлүк орнотуу милдетин өзүнө алышы керек деген жобо. "Азыркы кырдаалда коалиция Ирактагы коопсуздук, калкка гуманитардык жардам таратуу, өлкөнүн бай маданий мурасын коргоо иштерин аркалоого милдеттүү", - деп айтылат документте. Костас Симитис бул маселеге да токтоло кетти:
- Коалициялык күчтөр азыркы тапта Ирак элинин коопсуздугун камсыздоого жооптуу экени талашсыз. Бул иштерди, албетте, учурда Бириккен улуттар уюму аркалай албайт.
Билдирүүдө Евробиримдик Иракты саясий жана экономикалык жактан кайра куруу иштерине активдүү катышаары айтылат. Андан сырткары европалык лидерлер келечекте көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүүнү камтыган Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча эл аралык планга колдоо билдиришкен.
Шаршембиде Евросоюзга мүчө 15 өлкөнүн лидерлери Биримдикке эмдиги жылы Чыгыш жана Борбордук Европалык жаңы 10 мамлекетти кабыл алуу жөнүндөгү келишимге кол коюшкан. Афинадагы байыркы архитектуралык эстелик – Аталлос аянтында тарыхый саммит өтүп жаткан чакта, шаардын башкы көчөлөрүнө 8000дей демонстрант чыгып, Ирактагы согушка каршы нааразылык акциясын өткөрүштү. Айрыкча албууттук кылып, полициячылардын тосмосун жарып өтүүгө аракеттенген 100дөн ашуун демонстрант камакка алынды. Европа лидерлери Биримдикке кирүүгө жолдомо алган 10 өлкө жана Орусиянын расмий өкүлдөрү бейшембиде биргелешкен жыйын өткөрүштү.