Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:08

ИРАКТАГЫ БААСЧЫЛАРДЫН БААРЫ ЖАЗАЛАНАБЫ?


Ирактык оппозиция лидерлери ушул аптада өткөн жыйынында Иракты федеративдүү, демократиялуу мамлекет кылып кайра куруу, буга чейин өлкөнү жетектеп келген "Баас" партиясын таркатуу жөнүндө чечим кабыл алышты. Америка өкмөтү да бир катар регионалдык жолугушуулар өткөрүп, Ирактын мындан аркы саясий өнүгүү жолдорун талкуулады. Көпчүлүк эксперттер Саддам Хусейн башында турган "Баас" партиясын жоюу керек деген пикирге кошулганы менен, алар ирактык оппозициячылардын баасчылардын баарын жазалоо жөнүндөгү сунушун колдошкон жок.

Ан-Насирияда чогулган оппозиция лидерлери "Баас" партиясын жаап, ирак коомчулугун анын идеяларынан биротоло арылтуу тууралуу чечим кабыл алганы менен, Саддамдын режиминин калдыктары Ирактын болочок жетекчилигинин башын далай оорутчудай. Кантсе да, 35 жылдан бери Ирактын 20 миллиондун тегерегиндеги калкын былк эттирбей башкарып келген "Баас" партиясынын өткөн айда эле 2 миллиондон ашуун мүчөсү бар эле. Өкмөттүк мекемелерде, же мамлекетке караштуу ишкана, коомдук жайларда иштеген адамдардын баары адегенде "Баастын" катарына кошулууга милдеттүү болгон.

1940-жылдардын аягында Сирияда түптөлгөн "Баас", же арабчадан которгондо "Кайра жаралуу" партиясы дүйнө арабдарын бириктирип, ири мамлекет түзүүнү башкы максаты катары жарыялаган. Пан-арабчыл идеяларды жайылткан бул кыймыл, аналитиктердин айтымында, 48-жылы дүйнөлүк картада Израил мамлекети пайда болгонунан улам ага каршы тымызын күрөшчү уюм катары жаралган. Кийинчерээк "Баас" партиясынын бөлүмдөрү көпчүлүк араб мамлекеттеринде түзүлдү, бирок мамлекеттик идеология деңгээлине Сирия менен Иракта гана жете алган.

Саддам Хусейн 79-жылы Иракта бийликке келгенден тарта "Баас" партиясын жеке бийлигин күчтөндүрүүнүн куралына айландырып, саясий оппоненттерди партиянын атынан жазалоону кеңири жолго койгон. Андыктан көпчүлүк батыштык эксперттер 35 жылдан бери элдин аң-сезимин бурмалап, диктатордук бийликтин куралы болгон "Баас" партиясын Иракта биротоло жоюу зарыл деп белгилешет. Мисалы, Лондондо жайгашкан INDICT, же Ирактагы аскердик кылмыштар боюнча эл аралык трибунал түзүүнүн үстүндө иштеп келаткан коомдук уюмдун башчысы Чарльз Форрест дал ушундай пикирде: "Менимче, "Баас" партиясы ирак коомчулугунун бардык катмарларына көп жылдар бою тескери таасирин тийгизип, ууландырып келген уюм болгондуктан, аны тез арада мыйзамдуу жолдор менен сөзсүз биротоло жабуу керек", - дейт Лондондук эксперт.

Айрым ирактык оппозиция лидерлери "Баастын" жетекчилерин сот жообуна тартып, региондордогу 10 миңден ашуун бөлүмдөрүнүн активисттерин Ирактан кетирүү керек деп талап кылышууда. Ирактын башкы оппозициячыл уюму - Улуттук Конгресстин төрагасы Ахмед Чалаби "Баас" партиясынын Ирактагы саясий, экономикалык жана башка бардык чөйрөлөрдөгү таасирин түп-тамырынан жоймоюнча, Иракты демократиялуу мамлекетке айландыруу мүмкүн эмес деп эсептейт. Ал америкалык "Wall Street Journal" басылмасы жарыялаган интервьюсунда азыр Иракта 2-дүйнөлүк согуштан кийин Германияны фашисттерден тазалагандан да катаал чараларды колдонуп, баасчыларды биротоло басуу зарыл деп белгилейт. Анткен менен, айрым эксперттер, оппозициячылар айткандай, Бааска мүчө болгондордун баарын жазалоо, же өлкөдөн кетүүгө мажбурлоо – туура эмес кадам болорун эскертишет. Франциянын улуттук изилдөө борборунун Жакынкы Чыгыш боюнча адиси, теги ирактык Хабиб Исхоу Иракта дайынсыз жоголгон 300 миңдей кишинин тагдыры, миңдеген оппозициячылардын чет өлкөлөргө бозгунчулукка кетишине "Баастын" жетекчилери гана жооптуу деген пикирде. "Атап айтканда, - дейт ал, - партиянын лидерлери камакка алынып, сот жообуна тартылышы зарыл. Бирок калгандары – жаш кадрлар, мамлекеттик системада иштегендер ал кылмыштар үчүн күнөөлүү боло албайт. Иракта "Баас" партиясына өтпөсө, эч ким кызматынан көтөрүлүп, же мамлекеттик ишканага орношо алмак эмес, көпчүлүк кишилер өз мекенинде жашаш үчүн партияга өтүүгө аргасыз болушкан". Париждик эксперт Исхоу Иракта жүз миңдеген адамдар Саддамдын партиясына мүчө болгон үчүн бийлик тарабынан куугунтукталышына жол бербөө керек, жаңы өкмөттүн баасчыларга карата жүргүзчү саясаты эл аралык деңгээлде талкууланып-чечилчү маселе деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG