Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Сирия согуш кылмыштары үчүн изделген ирактыктарга баш калканч бербейт


Сириянын президенти Башар Асад бүгүн америкалык өкүлдөргө "Сирияга кирген ирактыктыктар чыгарылат" деп сөз берди.
Асад Дамаскта америкалык эки конгрессмен Ник Рахал жана Даррел Иса менен жолугуп, Сириянын АКШ менен начарлап кеткен алакасын талкуулады.
Конгрессмен Иса Ассошиэйтед Пресске "Жакынкы Чыгыш боюнча Сириянын кызыкчылыктары АКШныкы менен бирдей" деп билдирди.
Вашингтон Сирияны "терроризмди колдойт жана Саддам Хусейндин кишилерине баш калканч берип жатат" деп айыптап, ага каршы дипломатиялык же экононималык санкция киргизээрин эскерткен.
Бүгүн Египеттин президенти Хосни Мубарак Сирияга келди. Ал мында согуштан кийин Иракты башкарууну жана Дамасскинин Вашинтон менен алакасын талкуулайт.

XS
SM
MD
LG