Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:14

КОСМОСТУ ИЛИКТӨӨ ЖААТЫНДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР


Тынчтыкбек Чоротегин Жекшембиден тартып орусиялык жана америкалык космонавттар Байкоңурда космоско учууга белендене башташты. Индонезия да өз кулунун космоско учурууга ниеттенет. Европалыктар космосту иликтөө жаатында ири салым киргизмекчи.

Апрелдин 20сынан тартып Казакстандын Байкоңур космос майданында орусиялык космонавт Юрий Малашенко менен америкалык астронавт Эдуард Лю “Союз-ТМА-2” космос кемесинде биргелешип машыга башташты. Алар апрелдин 26сында космоско учуп, алардын кемеси келээрки дүйшөмбүдө Эл аралык космос бекетине (ISS) келип жалгашмакчы. Малашенок менен Лю экөө тең буга чейин эки жолудан космосто болушкан.

Бекетте былтыркы ноябрдын 25инен бери эмгектенип жаткан үч азамат – америкалык астронавттар Кен Бауэрсокс менен Дон Петит жана орусиялык Николай Бударин май айынын 3үндө орусиялык “Союз-ТМА-1” кемеси менен Жерге кайтып келишет. Бул кеме ушул тапта эл аралык бекетке жалгашып турат.

Кечээ Орусияга иш сапар менен келген индонезиялык президент Мегавати Сукарнопутринин Маскөөдөгү сүйлөшүүлөрү маалында болочокто индонезиялык туңгуч космонавттарды орусиялык космос кемеси менен көздөн учкан космос мейкиндигине учуруу маселеси да козголоору алдын-ала белгиленген.

Ал эми европалыктар Франциянын Тулуза шаарында Автоматташкан Ташыгыч Унааны (ATV) көзөмөлдөө борборун түзүү тууралуу чечимге келишти. Келээрки жылы сентябрда орбитага чыгарыла турган Автоматташкан Ташыгыч Унаа болочокто эл аралык космос бекетине жалгашып, аны орбитанын тийешелүү деңгээлине кайра көтөрүп туруу ишин аткармакчы. Бул унаа космос бекети үчүн өзүнчө эле кошумча мотор кызматын аркалайт.

Быйыл 1-февралда америкалык “Колумбия” космос чөлмөгү жерге кайтып келе жатып, кыйроого учураган соң, АКШнын космосту иликтөө агенттиги – НАСА (NASA) мурда белгиленген космостук учууларын убактылуу токтото турууга мажбур болду. Чөлмөктөгү жети астронавт тең кырсыктын айынан набыт болушкан.

Эл аралык космос бекетин түзүү жана пайдалануу долбооруна АКШ, Орусия, Жапония жана бир катар европалык мамлекеттер катышууда. Космос бекети толук курулуп бүткөн чакта, анын салмагы 450 тоннаны түзүп, аны Жерден эч аспапсыз эле көрүүгө мүмкүн болот.
XS
SM
MD
LG