Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:40

ИРАК: ЧЕКТӨӨЛӨР ЖАКЫН АРАДА АЛЫНЫП САЛЫНАБЫ?


Айнура ЖЕКШЕ кызы, Прага шаары АКШ Иракка каршы киргизилген чектөөлөрдү алып салуу демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылган эле. БУУнун курал-жарактарды көзөмөлдөө инспекциясы менен “Мунай үчүн азык-түлүк” программасына байланыштуу маселелер БУУнун Коопсуздук кеңешинин ушул аптадагы сессиясында каралмакчы. Байкоочулар кеңеш мүчөлөрү арасында орток пикир жок экенин азыртадан эле белгилешип, дүйнө мамлекеттеринин араздашуусунун кесепети Ирак элине тийбесе экен деген чочулоосун билдиришүүдө.

Иракка каршы киргизилген чектөөлөрдү алып салуу, бир караганда, оңой эле чечиле турган иш. Чектөөлөр 1991-жылы Ирак коңшу Кувейтке басып киргенде, Саддам режимин жазалоо иретинде эл аралык коомчулук тарабынан киргизилген. Диктатура кулатылган соң, эми чектөөлөр алынып салышы керек. Бул - мыйзам ченемдүү көрүнүш. Деген менен АКШнын демилгеси менен көтөрүлгөн бул суроо БУУнун баш кеңсесин дагы бир ирет кызуу талаш-тартыштардын сахнасына айландырат көрүнөт.

Чектөөлөрдүн шарттарынын бири катары Саддам Хусейн өзөктүк, химиялык жана биологиялык курал программасын жок кылсын деген талап айтылган. Бул чечим БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынгандыктан, эми жалгыз гана ушул орган өз талаптарынын аткарылып-аткарылбагандыгын аныктай алат. Мындай турумду согушка каршы чыгып келген Россия менен Франция ээлешти. Алар Ирактын келечегинде Бириккен улуттарга негизги роль чегерилбечү болсо, анда чектөөлөрдүн токтотулушуна каршы тураарын эскертишти.

Мисалы, Коопсуздук кеңешинин резолюциясына ылайык, Ирак өзүнүн массалык кыргын куралдарын жок кылган-кылбаганын аныктоо БУУнун атайын инспекторлоруна жүктөлгөн. Буга дейре чектөөлөрдүн жумшартылышын колдоп келген Россия менен Франция бул ирет, кеңештин башка мүчөлөрү менен катар, Бириккен улуттардын инспекциясынын сөзү чечүүчү мааниге ээ болушу керек деген пикирде.

АКШ болсо Ханс Бликс баштаган инспекторлордун ишине нааразылык билдирип, Ирактагы шектүү жайларды текшерүү үчүн өзүнүн эксперттер тобун түзө баштады. Ошентип, бул жерде эки ача көз караш пайда болду.

Дагы бир пикир келишпестикти уюмдун “Мунай үчүн азык-түлүк” программасы жаратышы мүмкүн. Бул долбоор чектөөлөрдүн кесепеттеринен жабыркаган Ирак элинин тагдырын жеңилдетүү максаты менен жети жыл илгери ишке ашырыла баштаган. Анын жардамы менен согушка чейин Ирак калкынын дээрлик 60 пайызы күн көрүп келди. Гуманитардык маселелер боюнча адистердин айтымында, өткөөл мезгил үчүн мындай программа эң ыңгайлуу болуп эсептелет. АКШнын айрым расмий өкүлдөрү болсо долбоордун кээ бир бөлүктөрүн жетектөөнү ирактыктарга өткөрүп бериш керек деген ойго ыкташат.

Коопсуздук кеңешинин учурдагы төрагасы, Мексиканын элчиси Адолфо Зинсердин айтымында, кеңеш мүчөлөрү Ирак боюнча резолюцияга кандай өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн деген суроону талкуулап жатышат:

-Бул маселе боюнча Коопсуздук Кеңешинде карама каршы пикирлер бар экендигин биз жакшы билебиз жана муну жакшы түшүнөбүз. Ошон үчүн болгон күчүбүздү орток пикир табууга жумшашыбыз шарт. Ар бирибиз ушуну эсте тутуу менен аракеттенишибиз керек.

Эл аралык Тынчтык Академиясынын президенти Дэвид Мэйлон болсо орток пикирге жетишүү үчүн бири-бирине кайчы турумда болуп келген тараптар өз позицияларын жумшартышы абзел деген ойдо:

- Вашингтон БУУга карата болгон риторикасын бир аз төмөндөтүп, Россия, Франция өңдүү мамлекеттер болсо иштиктүүлүккө өтүүсү абзел. Азыр алардын эч кимиси Ирактагы гуманитардык же башка кыйынчылыктарга салым кошуп жатат деген айыптоого кабылгысы келбейт.

“Нью-Йорк Таймс” гезити АКШнын расмий өкүлдөрүнө шилтеме берип, Вашингтон Иракка каршы чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө бир эмес, үч же төрт резолюциянын долбоорун сунуш кылат деп жазып чыкты. Алардын айтымында, АкҮй чектөөлөрдүн бара бара алынып салышын көздөйт. Бул БУУга Ирактын мунай сатуусун көзөмөлдөп турууга мүмкүндүк түзмөкчү. Ошол эле мезгилде, эл чарбасынын башка тармактары келечекте акырындык менен Ирак бийликтерине өткөрүлүп бермекчи.

Шейшембиде Коопсуздук Кеңешинде эл аралык инспекциянын жетекчиси Ханс Бликстин катышуусу менен Ирактагы массалык кыргын куралдары маселеси боюнча талкуу өткөрүлмөкчү. Ал эми бейшембиге Перс булуңундагы согуш учурунда дайынсыз жоголгон 600 кувейттик жана башка өлкөлөрдүн жарандарынын тагдырын иликтөө боюнча БУУнун атайын өкүлдөрүнүн докладын угуу пландалган.

Кыскасы, Бирикен Улуттарды алдыда кызуу иш-аракеттин дагы бир аптасы күтүүдө.

XS
SM
MD
LG