Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:49

ЖЕЙ ГАРНЕР БАГДАДДА ӨЗ ИШИНЕ КИРИШТИ


Апта соңунда Ирактын баш калаасында америкалык аскерлердин саны азайтылып, коменданттык саат киргизилди. Ал эми дүйшөмбү күнү Багдадга Ирактын убактылуу өкмөтүн жетектей турган отставкадагы америкалык генерал Жей Гарнер келди. Анын аралыгында, Кошмо Штаттары издөө салган дагы эки ирактык, анын ичинде Саддам Хусейндин күйөө баласы кармалды.

Иракта бир Хусейнден кутулган шиийлер экинчи Хусейнге чын ыкластан кулдук урушууда. Дүйшөмбүдө Ирактын миңдеген шиит мусулмандары ыйык Кербала шаарына чогула башташты. Мында алар Мухаммад пайгамбардын небереси Хусейндин күмбөзүнө сыйынышат.

- Ар түркүн шаарлардан Кербалага тынчтык жүрүш менен, улуу көсөмүбүз Имам Хусейнге ыкласыбызды көргөзгөнү чогулуп жатабыз, - деди зияратка келген Жанин деген айым.

Иракта шиийлер калктын жарымынан ашыгын түзгөнү менен, бийликте үстөмдүк кылган суннийлер аларга ыдык көрсөтүп келишкен. Саддам Хусейндин бийлиги кулагандан кийин, шиийлер өз олуяларына коркуп-үркпөстөн зыяпат көрсөтүүгө мүмкүндүк алышты.

Ондогон жылдар жеке бийлик жүргүзгөн Саддам Хусейндин өкмөтү кулагандан кийин Ирак ошентип бейкут турмушка жаңыдан кадам таштоодо. Шиийлер менен суннийлер, күрттлөр менен түркмөндөр ынтымакка келе алышабы? Түркүн түрлүү элдер жашаган өлкөнү кимдер башкарат? Вашингтон убада кылган демократия качан орнойт? Ушул беймаза суроолор азырынча жоопсуз кала берүүдө.

Ошентсе да, дүйшөмбү күнү АКШ армиясынын отставкадагы генералы Жей Гарнердин Багдадда ишке киришиши Иракта мамлекеттик бийликти жана мыйзамдуулукту калыбына келтирүү жакын арада колго алынаарынын жышаанасы болуп калды. Ирактын согуштан кийинки администрациясын жетектөгө бекитилген Гарнер жолго чыгаардын алдында Иракта ишин шаарларды электр жарыгы жана суу менен камсыз кылуудан баштаарын айткан. Багдадда келип түшөөрү менен генерал таланып-тонолуп, электр жарыгы жок турган Ярмук ооруканасында болду. Гарнер Ирактын убактылуу өкмөтүн түзүү, экономиканы калыбына келтирүү жана гуманитардык жардам жеткирүү иштерин колго алат деп күтүлүүдө.

Анын аралыгында, Багдаддан бир катар аскерлерин чыгарып, шаарда коменданттык саат жарыялаган АКШ армиясы үчүн жагымдуу кабар келип түштү. АКШнын колдоосуна таянган Ирактын Улуттук конгресси жекшембиде Саддам Хусейндин күйөө баласы Сирияда жашырынып жүргөн жеринен кайтып келип, багынып бергендигин кабарлады. Жамал Мустафа Абдалла Султан ат-Тикрити - Саддам Хусейндин эң кичүү кызы Халанын өмүрлүк жары, кайнатасынын өкмөтүндө уруулардын иштерин тейлеген бөлүмдүн төрагасынын орун басары болгон. Шиийлер үстөмдүк кылган Улуттук Конгресстин Лондондогу маалымат кызматы Султанды конгресстин өкүлдөрү суракка алып жатканын, жакында ал америкалык расмий өкүлдөргө өткөрүлүп берилээрин кабарлады.

Жекшембиде ошондой эле Саддам Хусейндин Жогорку билим берүү жана Илимий изилдөө министри Абд ал-Халик Абд ал-Гафар кармалды. Ошону менен Кошмо Штаттары издөө салган мартабалуу 55 ирак жаранынан колго түшкөндөрдүн саны жетиге жетти. АКШнын президенти Жорж Буш бул жылыштарды комментарийлеп: "Саддам Хусейндин жан-жөөкөрлөрүнө баш калканч бербөө тууралуу АКШнын талабын Сирия жерде калтырган жок", -деди. Апта соңунда америкалык эки конгрессмен менен жолугушкандан кийин, Сириянын президенти Башар Асад согуш кылмыштары үчүн айыпталган бир да ирактыкка баш калканч бербейбиз деп убада кылган эле.

Ирактын Улуттук Конгрессинин маалымат катчысы Ахмеддин сөзү боюнча, колго түшкөн Билим берүү жана илим министри Ирактын өзөктүк программасы тууралуу кабардар болушу керек. Эгер Ирактын мындай куралы бар экени далилденсе, Вашингтондун бүткүл дүйнөнүн алдында жүзү агарат эле. Белгилүү болгондой, Кошмо Штаттары Иракты массалык кыргын салуучу куралынан арылтуу үчүн согуш баштаган. Бирок күнү бүгүнгө чейин мында химиялык, биологиялык же өзөктүк курал табыла элек.

Кандай болгон күндө да Ирак эли үчүн биринчи кезекте кызыл-кыргын, чаң-тополоң токтоп, тынчтык орногону маанилүү. Ушуга байланыштуу Рим папасы Ирак элине бейкуттук тиледи:

- Иракта тынчтык орносун! Эл аралык коомчулуктун колдоосу менен Ирак эли өз өлкөсүн чогуу-чаран калыбына келтирүүнү колго алсын, - деп бата кылды Иоан Павел Экинчи жекшемби күнү Ватиканда Иса Пайгамбардын кайра жаралыш майрамында окуган таатында.

XS
SM
MD
LG