Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:51

БАЙТИК БААТЫР КАЛЖАЙГАН ЧАЛ ЭМЕС, КЕЛИШИМДҮҮ АДАМ БОЛГОН


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Адатта калк арасынан чыккан кадыр-барктуу тарыхый инсандар торколуу той-аш учурунда гана даңазага алынып, андан соң бир топко дейре коомчулуктун көңүл сыртында калат. Жадагалса той-аш учурунда айтылган убадалар унутта калып, даярдалган жыйнактар чыкпай, изилдөөнүн изи сууйт. Акыркы жылдары көп эле көзү өткөн тарыхый инсандар ушундай мамилеге туш болушту. Алардын арасына 175 жылдык торколуу тою 1996-жылы чоң салтанат менен өткөрүлгөн Байтик баатырды кошууга болот. Жакында Байтик баатыр тууралуу архивдик документтерди иликтөө учурунда, анын туулган жылы такталып, сүрөтү аныкталды.

Чындыгында мындан 7 жыл мурда Байтик баатырдын 175 жылдык торколуу тою божомолго негизделип өткөрүлгөнү ырас. Ошол салтанаттын алдында Байтик баатыр тууралуу жарыяланган макалалардын дээрлик бардыгында анын төрөлгөн жылы 1820-жыл делген. Бирок, биз ал тууралуу архивдик документтерди кылдат иликтеп көргөнүбүздө, анын туулган жылы башка учурга туш келээри ачыкка чыкты. Алматы шаарынан алынган архивдик маалыматтарда Байтик баатыр 1869-жылы 46 жашта болгондугу айтылат. Бул башка булактарда да бышыкталат. Мына ушундай бир нече архивдик документтерге караганда, баатырдын туулган жылы 1820-жыл эмес, 1823-жыл экени такталды. 1872-жылы «Туркестанские ведомости» гезитинин 43-санына Байтик баатырга бир нече жолу жолуккан А. Хорошхин аттуу автор ал Пишпектин чет-жакасында жашаарын, жашы 50гө келип калганын жазган. Демек 1996-жылы кыргыз коомчулугу анын 175 жылдык салтанатын эмес, 173 жылдыгын майрамдашкан. Жаңы такталган маалыматка ылайык ал быйыл 180 жашка толот.

Дагы бир тактала турган маселе - анын сүрөтү тууралуу. Эл арасында буга чейин белгилүү болгон болжолдуу сүрөтүндө ал эки ийнине падышалык администрация ыйгарган капитан чинин билдирген белгини, сол көкүрөгүнө жалгыз орденин, мойнуна лентага байланган чоң алтын медалын тагынган, башына суусар тебетей кийген, аппак сакалы жайкалган, жашы 70тен эчак өткөн арыкчырай абышканы элестетет. Анын каза болгон жылы 1886-жыл болсо, ал жаңы такталган жашы боюнча 63үндө, мындайча айтканда пайгамбар жашында опат болгон. Демек, ошол кездеги эт, кымыздан өксү болбогон Байтик баатырдын чырымы алда канча жаш көрүнгөн. Анын үстүнө 1872-жылы жогоруда аты аталган А. Хорошхин аттуу автор аны мындайча сыпаттаган:

- Ал узун бойлуу, кең далылуу, үнү да айбаттуу, өткүр көздүү, чоң кара сакалы бар, баскан-турганы салабаттуу адам. Чындыгында эле ал майда, эби-сыны жок кара кыргыздардын арасында өзгөчөлөнүп турат.

Өз замандашынын жазганы боюнча, Байтик баатыр буга чейин элге белгилүү сүрөтүнөн бир топ айырмаланаары айкын. Ошондуктан биз көптөн бери анын сүрөтүн ар тараптан иликтеп отуруп, колубуздагы сүрөт Байтик баатырдын сүрөтү экенине ынанып, аны биринчи жолу «Азаттык» аркылуу коомчулукка жарыя кылып отурабыз. Бул сүрөт падышалык жергиликтүү администрация тарабынан 1883-жылы тартылып алынып, ал жөн гана «Жетисуу облусундагы белгилүү манаптар менен көпөстөрдүн сүрөтү» деген аталышта сакталып келген. Бул сүрөттөгү 10 инсандын эч кимисинин ысымы көрсөтүлгөн эмес. Мындан 7-8 жыл мурда алардын арасында отурган Шабдан баатырдын 34 жаш курагындагы сүрөтүн аныктап, тактап, анын урпактарына жана жалпы коомчулукка билдирген элек. Эми ортодо, Шабдан баатырдын жанында отурган кең далылуу, Шабдандан бойлуу, сыйлуу чапан кийип, орден-медалын, алтын курун тагынган, жашы алтымышты таяган алыбеттүү инсанды Байтик баатырдын өзү демекчибиз. Бизге жеткен жазма булактардагы Байтик баатырды сүрөттөгөн даректер да аны ырастап, оюбузду бышыктайт. Ал бул сүрөттөн үч жылдан соң, 63 жашында дүйнөдөн көзү өткөн. Ошентип, Байтик баатыр буга чейин коомчулуктун аң-сезимине сиңгендей ак сакалдуу абышка эмес, анчалык алдан тайыбаган, салабаттуу, көзү өткүр, кең далылуу инсан болгон.
XS
SM
MD
LG