Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:09

“TУРМУШ БЕЛЕСТЕРИ”: ВАШИНГТОНТОГУ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИ КЫРГЫЗ АБИТУРИЕНТТЕРИН КҮТӨТ


Жакында Вашингтондо жайгашкан Америкалык университеттин студенттери жана мугалимдери "Азаттыктын" Прага студиясында конокто болушту. Алар Чехияга Иракта согуш баштала электе (13-мартта) келип кетишкен. Алардын окуу жайы менен Бишкектеги Америкалык университеттин ортосунда эч кандай байланыш жок. Юридика илимдеринин доктору, профессор Майкл Мэсс (Мichael Mass) анын университетинде Кыргызстандан бир нече студент окуп жаткандыгын, дагы башка татыктуу кыргыз жаштарын кабыл алууга кызыкдар экендигин билдирди. Ал эми бүтүрүүчү курстун студенти Паула Малазовски (Paula Malazowski) ушул жайда Кыргызстанга барганы жатат.

Жаңыл Жусубжан: Паула, мурда-кийин Кыргызстанда болдуңар беле?

Паула Maлозовски: Бул менен биринчи ирет барышым болот. Кыргызстанда биздин университетти бүтүп, Тынчтык Корпусу менен барып, кыргыз айылдарынын биринде волонтер болуп иштеген жакшы досум бар. Ага жолугуп, жашоосу менен таанышсам дейм.

Жаңыл Жусубжан: Кыргызстан тууралуу эмне билесиң?

Паула Maлозовски: Азырынча дээрлик эч нерсе билбейм, маалымат чогултканга сабактан колум такыр бошогон жок. Бирок мен уккандан Кыргызстан - өтө кооз өлкө, ушундай мүмкүндүк болуп жатканына кубанып турам.

Жаңыл Жусубжан: Урматтуу профессор Майкл Мэсс, силердин Америкалык университетте окугусу келген кыргыз абитуриенттери үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

Майкл Мэсс: Америкалык университетте 5 миң чакты студент окуйт. Улуттук ар кылдуулугу боюнча биз Кошмо Штаттарында биринчи орунда турабыз. Студенттерди төгөрөктүн төрт бурчунан кабыл алабыз. Студенттердин курамынын ар түрдүүлүгүн, ошондой эле эл аралык мамилелерге басым жасаганыбызды эске алганда, биздин университет билим алуу үчүн мыкты окуу жай болуп саналат. Студенттер АКШнын өзүндөгү кырдаал менен чектелбестен, дүйнөлүк проблемаларга да абдан кызыгышат.

Жаңыл Жусубжан: Силердин университетте билим алууга кандай жагдайлар тоскоол болушу мүмкүн?

Майкл Мэсс: Чет элдик студенттерге Кошмо Штаттарына келип, жеке менчик университетте окушуна биринчи кезекте билим алуунун кымбаттыгы тоскоол болот. (Бирок) биздин Америкалык университетте мен жетектеген "Honor" же "Сыймык" программасынын абитуриенттердин билим деңгээлине жараша стипендия берүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Биз бүткүл дүйнөдөн, бардык өлкөлөрдөн ар дайым мыкты окуучуларды, орто мектепте эң жакшы окуган талапкерлерди издейбиз. Алардын билим деңгээли туура келсе, Америкага келип, бизде окууга жете тургандай 100 пайыздык стипендия беришибиз мүмкүн. Башкача айтканда, бизде окуш үчүн сөзсүз эле (АКШ өкмөтүнүн) "Accels" же "Muskie" программасына кайрылыш керек эмес. Жакшы окуган талапкерлер бизге тапшырып көрүшсүн, калганын биз караштырабыз.

Жаңыл Жусубжан: Алар англис тилин да жакшы билиши керек, ушундай эмеспи?

Майкл Мэсс: Албетте, англис тилин жакшы билиши керек, бизде сабактар жалаң англис тилинде өтөт. Ошол эле убакта, мен канча жылдан бери сабак берип жүрүп, ушуга таң бердим: англис тилин орто билген балдар бир-эки семестрдин ичинде шар сүйлөп кетишет.

Жаңыл Жусубжан: Силердин Вашингтондогу Америкалык университетте Кыргызстандан бир нече студент окуп жатышат дедиңиз. Алар кандай кыйынчылыктарга туш келишти?

Майкл Мэсс: Кыргыз студенттериники башка өлкөлөрдөн келген студенттер туш келген кыйынчылыктардан көп деле айырмаланбайт – үйдөн алыс кетиш оңой эмес, жүрүм-турум, адамдар ортосундагы мамиледе айырмачылыктар бар экени айтпаса да түшүнүктүү, анан - тил жаатындагы айырмачылык. Тилди жакшы билген, же тилге шыктуу балдарга жеңилирээк. Үйдөн алыс кеткен оңой эмес, ошол эле убакта, бөлөк элдин каада-салтын үйрөнүп-билгендин артыкчылыктары да бар эмеспи. Кыргызстандан, башка өлкөлөрдөн келген кыздар-балдар менен чогуу окуш биздин студенттер үчүн да пайдалуу.

Жаңыл Жусубжан: Америкада окуп келген балдардын адистик даярдыгы өтө жогору болгондуктан, аларга Кыргызстанда татыктуу иш табыш жеңил эмес. Силердин университетте аларды ишке орноштуруу жагынан жардам болобу?

Майкл Мэсс: Биздин студенттер окууну бүткөндөн кийин Америкада калабы, же кайтып кетишебиз, менде бул тууралуу маалымат жок. Болгону алардын бизде алган турмуштук тажрыйбасы кайсы өлкөгө барса да өмүр боюу өздөрү менен болуп, жардамы тийет деп үмүттөнөбүз. Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген студенттердин арасында иш таап, Америкада калып калгандар жок эмес. Болгариядан келген бир кыз окуусун жакшы бүткөн эле, азыр үч чоң фирма ага кызмат сунуш этип жатышат. Бир сөз менен айтканда, биз Кыргызстандан талантуу балдарды окутуп, алар сөзсүз эле АКШда калсын дебейбиз, бирок андай учурлар болушу мүмкүн.

Жаңыл Жусубжан: Паула, менин соңку суроом бир ооз сөз менен жооп бере турган оңой суроо эмес. Ошентсе да пикириңди билип калалы? Иракта АКШнын президенти, айрымдар айтып жаткандай, мунай үчүн согуш баштап жатабы? Же Ирак чынында эле дүйнөгө коркунуч келтиреби?

Паула Maлозовски: Бул чынында да татаал суроо. Мен согушка каршымын, өзүмдү пацифист деп эсептейм, ошондой эле президенттик шайлоодо Жорж Бушка добуш берген эмесмин. Ирактан эч кандай коркунуч жок деп ойлобойм, бирок согуштун улуттук коопсуздуктан башка да себептери болсо керек. Согуштун артында экономикалык максаттар бар экенинде күмөн санабайм.

Жаңыл Жусубжан: Профессор Мэсс, Ирак согушунан кийин Жорж Буш экинчи мөөнөткө шайланышы мүмкүнбү?

Майкл Мэсс: Буш экинчи мөөнөткө калышы толук ыктымал. Ал биринчи добуш берүүдө чынында шайланган эмес, ушуну эска алганда анын популярдуулугу жогору бойдон кала берип жатканы таң калтырбай койбойт. Ошентсе да, кийинки шайлоого чейин дагы узак мезгил бар, анын жыйынтыгын божомолдоо өтө кыйын. Менимче, көп нерсе Ирактагы кырдаалга, ошондой эле АКШнын терроризм, жалпы эле коопсуздук жаатындагы саясатына жараша болот. Мындан тышкары, булардын баары АКШнын экономикасына кандай таасир тийгизээрин эске алышыбыз керек.

Паула Maлозовски: Дагы көп нерсе өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Жаңыл Жусубжан: Жорж Буштун атасы Перси булуңундагы биринчи согуштан кийин кайра шайлана албай калбады беле.

Майкл Мэсс: Туура.

Вашингтондогу Америкалык университетинин "Сыймык" программасынын Интернеттеги адреси: www.american.edu/honors
XS
SM
MD
LG