Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

АКШ-КЭДР: КЫЙЫН-КЫЧЫК ТАЛКУУЛАР


Пекинде америкалык жана түндүккореялык ырасмий өкүлдөрдүн сүйлөшүүлөрү башталды. Анда Пхеньяндын атомдук программасына байланыштуу жагдай талкууланат. Дипломаттардын ырастоолоруна ылайык, аталган проблема боюнча Вашингтон менен Пхеньяндын позицияларында олуттуу айрымачылыктар бар. Андыктан байкоочулар сүйлөшүүлөр кыйын-кычыктуу мүнөздө болорун жана андан кандайдыр бир натыйжа чыгары арсар экендигин айтып жатышат. Тараптарга Кытай ортомчулук кылууда. Сүйлөшүүлөр үч күнгө созулат. Биринчи күндөгү талкуулардын жыйынтыктары жөнүндө тараптар комментария жасашкан жок.

Пекиндеги сүйлөшүүлөргө Кошмо Штаттардын делегациясын мамлекеттик катчынын Чыгыш Азия маселелери боюнча жардамчысы Жеймс Келли жетектеп келди. Пхеньян болсо Кытайдын борборуна тышкы иштер министрлигинин бөлүм башчысынын орунбасары Ли Гун баштаган дипломатиялык командасын жөнөттү. Ушундан улам байкоочулардын көбүндө олуттуу бүшүркөөлөр пайда болду. Мындан тышкары сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылып жаткан Кытайдын ролу да талаштуу абалда калды. Түндүк Кореянын пикири боюнча, Кытай болгону жолугушуу үчүн бейтарап орун камдап берди. А Кошмо Штаттары Пекинди сүйлөшүүлөрдүн толук кемелдүү катышуучусу деп эсептейт.

Биринчи күндөгү талкуу-талаштар аяктаган соң тараптар эч кандай билдирүүлөрдү жасашкан жок. Дипломатиялык булактар ырасташкандай, Вашингтон менен Пхеньяндын позициясында өтө чоң ажырым бар, аларды жакындатканы дагы далай аракеттер керек болот. Кошмо Штаттары Пхеньяндан өзүнүн атомдук программасын толугу менен токтотушун талап кылгысы келет, Түндүк Корея өз кезегинде америкалыктардын кезектеги бутасы болбой тургандыгына Вашингтондон кепилдик алууну каалайт.

Сүйлөшүүлөр башталар алдында түштүк Кореядагы америкалык аскер контингентинин командачысы генерал Леон Лапорт жарым аралдагы жагдайдын опурталдыгын белгилеп, Пхеньяндын күнөөсү менен региондо куралдуу жаңжал тутанып кетиши ыктымал экендигин эскертти. Түндүк жана түштүк Кореянын ортосундагы коопсуздук зонасы азыр курал-жаракка шыкалган дүйнөдөгү бирден-бир аймакка айланды жана куралдуу тирештин тилкеси болуп калды, деп айтты генерал Лапорт. Түндүк Кореянын аскерий кыябы, генералдын баасында, дүйнөдөгү стабилдүүлүккө коркунуч келтире баштады. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл шейшемби күнкү телешоок маалында сүйлөгөн сөзүндө Пхеньяндын атомдук куралын колко кылып коркутуп-үркүткөнүнө Вашингтон такаат кыла албайт жана андай опузага тийиштүү чара көрөт деп ырастады.

Корей жарым аралындагы кризис былтыр күздө тутанды.Пхеньян бийликтери жең ичинен уран байытып жүргөндүгүн моюнга алган соң Вашингтон буга жооп кылып Түндүк Кореяга мазут жана башка керектүү жабдыктарды берүүнү токтоткон. Ким Чэн Ирдин режими кийин ядролук куралдарды таркатпоо жөнүндөгү келишимден чыгып, Йенбендеги атомдук реакторун кайра иштетүүгө киришкен. Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин – МАГАТЭнин эксперттерин өлкөдөн чыгарып жиберген. Кыш бою Пхеньян ракета сынактарын өткөрүп чыкты. Өзүнүн атомдук программасын ал түндүк Кореядагы коммунисттик режимге кастарын тиккен күчтөрдү “ооздуктоонун акыркы каражаты” катары эсептейт.

Пхеньяндын талабы менен сүйлөшүүлөрдүн азыркы айлампасына Япония, Түштүк Корея тартылган жок. Ошентсе да Токио зарыл консультацияларды өткөрүү үчүн Пекинге өзүнүн байкоочуларын жөнөттү. Түштүккореялык президент Но Му Хен болсо сүйлөшүүлөрдүн форматына маани берген жок, ал баарыдан мурда жарым аралдагы кризист тынчтык жол менен жөнгө салынышы зарыл деп эсептейт. Дипломатиялык булактардан чыккан божомолдорго караганда, сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампаларына Япония менен Түштүк Кореядан тышкары Россия да тартылышы мүмкүн. Мунун зарылдыгын АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү да ырастаган эле. Бирок сүйлөшүүлөрдүү андай айлампалары болор-болбосу Пекинде башталган биринчи талкууларда аныкталат. Азырынча ал кычыктуу мүнөздө жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG