Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:28

Ирактын убактылуу америкалык башкаруучусу күрт жетекчилери менен жолугууда


Ирактын убактылуу америкалык башкаруучусу Жей Гарнер 23-апрелде өлкөнүн түндүгүндөгү Арбил шаарына келип, Күрдүстан демократиялык партиясынын төрагасы Масуд Барзани менен жолукту. Кечээ күнү Гарнер Сулаймания шаарында күрттөрдүн дагы бир таасирдүү уюму - Күрдүстандын патриоттук бирикмесинин жетекчиси Жалал Талабани менен кездешкен. Гарнердин айтымында, Ирактын жаңы өкмөтүн түзүүгө күрттөр жигердүү катышууга тийиш. 1991-жылдагы согуштан кийин Гарнер Иракта иштеп, көтөрүлүшү басылган күрттөргө жардам көрсөтүү иштерине катышкан. Бүгүн Иракка Улуу Британиянын коргоо министри Жефф Хун келди.
XS
SM
MD
LG