Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

ИРАК: ИНСПЕКЦИЯГА КЕЛГЕНДЕ АЖЫРЫМ САКТАЛУУДА, ЧЕКТӨӨЛӨРДҮ ЖОЮУ ЖААТЫНДА МУНАСАНЫН БЕЛГИСИ БАЙКАЛДЫ


Франциянын Иракка каршы киргизилген экономикалык санкцияларды тезинен токтотуу жөнүндөгү сунушу БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөр арасында аталган маселе боюнча мунаса пайда боло баштаганын белгиси катары каралууда. Ал эми согуштан соң Иракта массалык кыргын салуучу куралдар бар же жок экенинин чын-төгүнүнө ким жетет деген маселе боюнча Коопсуздук Кеңешинде мурдагыдай эле кайчы пикирлер айтылып жатат.

БУУнун санкциялары Ирак 1990-жылы Кувейтке кол салгандан кийин киргизилген. Аларга ылайык, Ирак соода-экономикалык, дипломатиялык чектөөлөргө кабылган эле. 1996-жылдан тарта БУУнун “Aзык–түлүк үчүн мунай” программасы иштей баштагандан бери санкциялардын экономикалык бөлүгү жеңилдетилген. Өлкө калкынын басымдуу бөлүгүнүн турмуш-тиричилиги байланган бул программа боюнча Ирак эл аралык базарга мыйзамдуу негизде чектелген өлчөмдө гана мунай чыгарып, анын ордуна азык-түлүк жана башка зарыл нерселерди гана ала алат.

Саддам Хусейндин режими кулатылган соң АКШ дароо эле БУУнун Коопсуздук Кеңешин Иракка каршы киргизилген чектөөлөрдү жоюуга чакырган. Эми мындай сунуш менен Ирактагы согушка караманча каршы болгон Франция чыгып олтурат. Баяндамачылардын пикиринде, муну Париждин согуштан кийинки Ирак боюнча туруму өзгөрө баштаганынын белгиси катары кароого болот.

Шейшемби күнү Франциянын БУУдагы элчиси Жан-Марк де ла Саблиер Коопсуздук Кеңешине экономикалык чектөөлөрдү жоюу менен бирге АКШнын курал-жарак инспекторлору Ирактагы ишин БУУнун өлкөдөн согуш алдында чыгарылган инспекторлору менен координациялосун сунуш кылды. Француз элчиси белгилегендей, мындагы максат – Ирактын куралсыздануусу эл аралык инспекторлор тарабынан ырасталышына жетишүү. Ал эми чектөөлөрдү ирактыктардын жашоосун жеңилдетүү үчүн жоюу керек:

- Чектөөлөрдү жоюудагы биздин, менимче, баардыгыбыздын максатыбыз – Ирактын куралсыздануусун күбөлөндүрүү. Демек, мунун аралыгында, биз санкцияларды токтото алмакпыз, санкцияларды токтотуу менен азык-түлүк үчүн мунай программасын бара-бара кыскартууга ылайыктап жөнгө салмакпыз.

Айтор, чектөөлөрдү жоюу азырынча Иракта курал жарак инспекциясын жүргүзүү маселеси менен байланышта каралууда. Ирактагы аскерий операцияга каршы болгон өлкөлөрдүн экинчи бири - Орусия Франциянын сунушун карап көрүүгө дилгир экенин билдирди. Бирок, БУУдагы орус элчиси Сергей Лавровдун айтымында, санкциялар толук жоюлганга чейин эл аралык инспекторлор Иракка кайтып барып, өз ишин аягына чыгарышы абзел:

- Биз кызыкдар болгондой Ирактын маасалык кыргын салуучу куралдардан арылганын көз карандысыз ырастоонун жалгыз жолу - инспекторлордун бизге кабарлоосу.

Ал белгилегендей, Коопсуздук Кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү ушул көз карашты карманууда. Чектөөлөрдү жоюунун жолдору боюнча Франция жана калган өлкөлөр менен иштешүүгө даяр экенин АКШда ырастады. Анткен менен Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Жон Негропонтенин билдиргенине караганда, согуштан кийин Ирактын массалык кыргын салуучу куралдардан арылуусу үчүн режимди бийликтен кулаткан коалиция жоопкер болот:

-Ушу тапта жана келечекте Иракты куралсыздандырууну биз коалициянын иши деп карайбыз.

АКШ элчисинин айтымында, коопсуздук жагдайы жакшырса эле америкалык инспекторлор Ирактагы ишин илгeрилетмекчи. Соңку маалыматтарга караганда, америкалык аскерлер Ирактан азыркыга чейин массалык кыргын салуучу куралдарды тапкан жок.

Ал эми БУУнун курал-жарак инспекторлор тобунун башчысы Ханс Бликстин билдиргенине караганда, Коопсуздук Кеңеши тапшырма берсе эле анын кызматкерлери Иракка эки аптанын ичинде кайтып бара алат. Х.Бликс Ирактын куралсызданууусу көз карандысыздыкты камсыздай ала турган, эл аралык коомчулук укук берген мекеме тарабынан ырасталганы оң деп эсептейт.

Ирактын массалык кыргын салуучу куралы бар экенин чын-төгүнө жетишүү эл аралык келишимдер боюнча Атом энергетикасы боюнча агенттик – МАГАТЭнин мыйзамдуу вазийпасы экенин анын директору Мохамед эл-Барадейи да шейшемби күнкү билдирүүсүндө белгиледи.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG