Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

“СОЛДАТ” ГЕЗИТИ КАЙРАДАН КУУГУНТУКТА


Жаркын Темирбаева, Прага Казакстандагы “СолДат” деген эркин гезиттин кезектеги санына Назарбаевдин мурдагы кеңешчиси, америкалык ишкер Жеймс Гиффендин камакка алынышы тууралуу сын макала жарыяланган. Гезиттин “Казахгейт” эл аралык жаңжалы чагылдырылган бул саны Алматынын айрым жерлеринде сатыкка чыгарылбай, тоскоолдук жасалды.

“СолДат” гезитинин куугунтукка алынышы анын “Казахгейт”окуясын чагылдырганына байланыштуу болгон. Бул куугунтук аракеттери гезиттин башкы редактору белгилегендей биринчи жолку гана эмес. Эл аралык уюмдар тастыктагандай, Борбор Азия өлкөлөрүндө басма сөз эркиндиги дээрлик үстөккө-босток кысымчылыкка учурап, сын макала жазганы үчүн журналист ур-токмок жеп, же камакка алынып, ал эми “бейбаш” гезит жабылуу коркунучуна кириптер болгону кадыресе көрүнүшкө айланган.

Казак тилинде чыгуучу “СолДат” гезитинин айрым кызматкеринин айтымында, гезиттин 12-санына өлкөдө болуп жаткан соңку айлардагы окуялар менен катар “Казахгейт” жаңжалынын баш каарманы Жеймс Гиффендин Нью-Йоркто камакка алынышынын чоо-жайы тууралуу материал да басылган экен. Бул окуя, албетте, коомчулуктун бүйүрүн кызытып турган учур. Макалада Гиффен бир учурларда Казакстандын президенти Назарбаевдин кеңешчиси болуп тургандыгы айтылат, бул факт мурда эле маалымат каражаттарында үзүл-кесил эскерилип келген.

Бирок “СолДаттагы” макалада Гиффендин Казакстандын мунай кендерин өздөштүрүүгө кызыкдар болгон чет элдик фирмаларга ортомчулук кылып жүргөнү үчүн 67 миллион доллар кызмат акы алганын, анын эсебинен чет жактардагы Назарбаевге жана өлкөнүн мурдагы премьер министри Нурлан Балгымбаевге караштуу банк эсептерине чоң суммада акча которгону аки-чүкүсүнө чеийн баяндалган. Макалада Назарбаевдин Швейцариянын банкында өз ысымына ачылган бир миллиард доллары бардыгы тууралуу мурдатан бери күдүң кеп болуп келген факт да камтылган.

Буга чейин “СолДат” гезити учурда абакта жатышкан оппозиционерлер Мухтар Аблязов менен Галымжан Жакиянов жана белгилүү укук коргоочу Сергей Дувановдун абактагы абалы тууралуу үзбөй жазып келген. Анда Мухтар Аблязовдун Казакстандагы башкаруу бийлиги тууралуу жазган эскерүүсүнөн үзүндүлөр чагылдырган.

Айтмакчы, Мухтар Аблязовдун адвокаты Гулам Мазановдун арызы боюнча “СолДат” гезитинин ишинин сотто каралуусу күтүлүүдө. Адвокат өз коргоосундагы Мухтар Аблязовдун эскермесиндеги бийликти сындаган айрым үзүндүлөрдү гезит Аблязовдун уруксатысыз басып жатат деген кинээ менен сотко арыз жазган. Айрым байкоочулардын айтымында, гезитте басылып жаткан мындай сын макалаларынан улам түрмөдө Аблязовго кысым көрсөтүлгөн болушу ыктымал. Сотко берген арызы тууралуу адвокат Гулам Мазанов мындай дейт:

- Китептеги үзүндүлөрдү гезиттин эч кандай уруксаты жок эле басып жатканы негизинен туура эмес. Кандай болгондо да, автордун уруксатысыз анын китептеги гезиткежарыялап, коомчулук арасында пикир түзүү, менимче, туура эмес. Анын мыйзамдык жагдайларын жана “СолДат” эркин гезитинин үстүнөн эмне себептен арызданып жатканымды соттун жүрүшүндө айтармын. “Солдат” гезитинин үстүнөн жүрө турган сот иши жакынкы күндөрү башталышы мүмкүн.

Ал эми “СолДат” гезитинин редактору Элмурад Бапинин пикири мындайча:

- Мен өзүмдү Аблязов боюнча кандайдыр бир айыптуумун деп эсептебейм. Мен тек гана журналисттик милдетимди аткардым деп түшүнөм. Бирок бул жерде кезектеги саясый шоу жүрүп жатат деп ойлойм. Анткени Аблязов кечирим сурап президентке кайрылган деген тастыкталбаган маалыматтар бар. Андай болуп жатса, Аблязов гезитти айыптап чыкса, албетте айып салып, гезитти жабуу аракеттеринин болушу мүмкүн. Бирок мен азыр өзүмдү айыптуу деп эсептебөө менен бирге кечирим суроого же бир башка шарттарга барбаймын деп кесе эле айтам.

Жогорудагы окуяга катарлаш “СолДат” гезитине болгон куугунтуктоонун күчөшү да жөндөн эмес дейт айрым жергиликтүү адистер. Бул жолу мурдакыларга салыштырмалуу куугунтуктун башкача түрү жасалды. “Казахгейт”окуясы басылган гезитти сатыкка алып чыктырбоо үчүн милиция кызматкерлеринен 40-50 адамдан турган атайын топтор түзүлгөн. Аларга гезиттин бул санын коомчулукка жеткирбөө милдети жүктөлгөн.

Мисалы, Кустанай облусунда милиция кызматкерлери рейд жүргүзүп, эч кандай акт түзүп, же бир жөн-жайларын түшүндүрбөй эле, бүтүндөй облус калкы окуй тургандай тиражды сатыктан алып койгон.

Ушундай эле окуя Актөбөдө кайталанган. Ал эми Атырауда Алматыдан келаткан поездге тинтүү жасалган. Тилекке жараша, бул окуялардан алдын-ала кабары бар гезит сатармандары алып бараткан гезиттерин милиция кызматкерлерине көрсөтпөй эптеп бекитип, сактап калышкан. Ал эми милиция кызматкерлери гезитти зордук менен тартып алалбаган учурда анын топтомун чогуусу менен сатып алууга мажбур болгон. “СолДаттын” соңку түйшүктөрү ушундай.
XS
SM
MD
LG