Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

ТАРЫК АЗИЗ АМЕРИКАЛЫКТАРГА БАГЫНЫП БЕРДИ


Нарын АЙЫП, Прага http://gdb.rferl.org/5ED6C21D-008C-4888-BA37-76C4B46EB303_w203.jpg 24-апрелде Иракта өлкөнүн мурдагы вице-премьер-министри Тарык Азиз америкалык аскерлерге багынып берди. Азиз Иракта мурда өтө деле чоң бийликке ээ болгон эмес, бирок эл аралык коомчулукка ысмы кеңири белгилүү болгондуктан, анын кармалышы бир топ жогору мааниге ээ.

Иракка каршы согуштун аягы көрүнүп калганда, америкалык аскерий жетекчилик - өлкөнүн эң жогорку кызматкерлери ичинен кармала турган 55 адамдын тизмесин түзүп, аларга издөө салган. Азырынча ал тизмеге кирген жетекчилердин он экиси кармалды жана Тарык Азиз алардын акыркысы. Изделген 55 адамдын дагы үчөө курман болгон деген маалымат да бар.

Тарык Азиз акыркы жолу элге согуш башталаарга бир күн калганда, 19 мартта көрүнүп, кашык каны калганча америкалык баскынчыларга каршы күрөшө турганын айткан. Бирок ал президент Саддам Хусейндин эң жакындарынан болгон эмес, ошондуктан Саддамдын азыр кайда экендиги же өлкөнүн кеңири кыруучу куралы тууралуу өзгөчө маанилүү маалымат бере алышы деле күмөн. Анткен менен, туткунга түшкөн башка жогорку кызматкерлер менен кошо америкалыктар аны Ирактан сырткары жакка алып кетип, олуттуу суракка алат деген маалымат бар.

Тарык Азиздин өз аты Михаил Юханна, ал католик христиан жана Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарынын алдында 1936-жылы туулган. Ал Багдаддагы Искусство институтунда англис адабиятын окуган жана англисче таза сүйлөйт. Институттан кийин журналист болуп иштеген жана 1957-жылы БААС партиясына кирип, кийин партиянын гезитин редакциялаган. 1991-жылы Ирак кошуна Кувейтти басып алганда, Тарык Азиз өлкөнүн тышкы иштер министри болчу жана Саддамдын негизги пропагандистине айланып, эл аралык коомчулукка таанылган. Бирок дал ошондой өтө таанымал болуп кеткенинен, Саддам аны министрликтен алып, вице-премьер кылып койгон. Анткен менен Тарык Азиз президентке бир топ кеңеш берип турчу жана Саддам анын сөзүн укчу. 1996-жылы Тарык Азиздин уулу Зияд менен Саддамдын уулу Удайдын ортосунда чатак чыгып, Зияд коррупциядан күнөөлөнүп, эки жылга эркинен ажыратылган.

1980-жылы Тарык Азиздин өмүрүнө кол салуу болгон, бирок анын жанындагы бир нече адам өлүп, ал өзү тирүү калган. Кол салууну кошуна Иран колдогон диний фундаменталисттер уюштурган, ошондуктан ал окуя Саддам Хусейн Иранга каршы баштаган согуштун себептеринин бирине айланган. Ал согуш учурунда Вашингтон Багдадды колдогон жана 1984-жылы Ирак менен АКШ ортосунда расми мамиле түзүлгөнүндө Тарык Азиздин салымы зор. 1983-жылы ал президент Роналд Рейгандын өкүлү Доналд Рамсфелд менен жолуккан. Бирок 1990-жылы Ирак Кувейтке кол салгандан тартып, эки өлкө душманга айланды.

Тарык Азиз Ирактын эң жогорку жетекчилеринен болгон эмес, андан тышкары, ал президенттин тууганы болуп анын Тикрит кланына да кирбегендиктен, кээ бир эксперттердин пикиринде, режимдин түпкү сырларын айтып бере ала турган адам эмес. Ошондуктан, издөө салынган 55 жетекчинин тизмесинде да ал кырк үчүнчү болуп гана катталган. Анткен менен, ал баары бир кыйла маалыматка ээ жана эң негизгиси, ал эл аралык коомчулукка өтө таанымал болгондуктан, анын кармалышы бир топ маанилүү. Карапайым эл арасында болсо - Тарык Азиз салыштырмалуу таза жана колу канга малынбаган адам деген пикир кеңири тараган.

Ирактын убактылуу америкалык башкаруучусу генерал Жей Гарнер болсо Тарык Азиз багынган күнү Иракты үч аймакка бөлдү. Анын айтымында, Ирактын жаңы өкмөтү түзүлгөнчө, өлкөнүн түндүк, түштүк жана борбордук аймактарын америкалык үч өкүл убактылуу түрдө башкарат.

XS
SM
MD
LG